Гүлнур Сатылганова, Кыргыз Эл артисти: «ЖОЛДОШУМДУ ЖОГОТУП, АРМАНЫМДЫ «БУЛУТТАР» МЕНЕН ЧЫГАРГАМ»

«Булуттар, булуттар,
Жандап өтпөй,
жалгыздыкты унуткар,
Жанды жууп сал
жамгырыӊа, булуттар...»
"Заманыбыздын супер ырчысы" Гүлнур Сатылганованын аткаруусундагы бул ырды укпаган адам болбосо керек. Күчтүү саптар менен мыкты обон бири-бирине дал келип, ажайып бир кооз гармония пайда болгон. Ооба, ыр муӊдуу. Ичинде сырдуу, табышмактуу тагдыр жаткансыйт. Анда кеп учугун ырдын сөзүн жазган Кыялбек Урманбетов, обонун жараткан Камчыбек Букалаев жана ырды ийине жеткире аткарган ырчы Гүлнур Сатылганова уласын.

Гүлнур Сатылганова: «КУСАЛЫГЫМДЫ, САГЫНЫЧЫМДЫ, СҮЙҮҮМДҮ ЫР АРКЫЛУУ БЕРДИМ»
– Мага популярдуулукту алып келген ырлардын бири ушул «Булуттар» болду. Бул ыр бүгүнкү күнгө чейин менин визиттик карточкам болуп келе жатат. 1995-жылы жолдошум каза болуп, беш айлык уулум менен жалгыз калдым. Оор күндөрдү башымдан өткөрдүм. Уулум менен иштебей үйдө отурдум. Ошондо апам мени аябай колдоду, күлсөм кошо кубанып, ыйласам сооротуп жанымда болду. Бир туугандарым да жардам беришти. Жолдошум Даниелдин табышмактуу өлүмүн басылмалар ар кандай кылып жазып чыгышты. Мен жөнүндө ар кандай жагымсыз маалыматтарды таратышты. Ал кезде атагым чыгып калган ырчы болчумун. Айтор, аябай оор абалда жүргөм.
Жолдошумдун каза болгонуна бир жыл болгондон кийин «Булуттар» ыры жаралды. Обонун жазган Камчыбек Букалаев «сенин үнүӊө тууралап бир обон чыгардым» деди. Андан кийин Кыялбек Урманбетовго сөзүн жаздырганбыз. Кыялбек агай менин тагдырымды ырда минтип баяндаган:
"Байлык үчүн бул дүйнөгө келбегем,
Бакыт издеп Ала-Тоону жердегем.
Ардагымды жолдон кантип жоготтум?
Арманымды агызамын жел менен,"- деген саптар мен тууралуу. 1996-жылы биринчи жолу Букалаевдин чыгармачылык кечесинде филармонияда ырдап чыккам.
«Булуттарды» берилип аткаргандыгым да тагдырыма байланыштуу болсо керек. Кусалыгымды, сагынычымды, сүйүүмдү ыр аркылуу бергеним үчүн элдин жүрөгүнөн түнөк тапты. «Жакшы ыр эч качан эскирбейт» дегендей, ыр классикалык чыгармага айланды. Бүгүнкү күнгө чейин ырдап жүрөм, убагында аябай хит болгон, азыр деле көп сурашат, жакында аранжировкасын жаӊырттым, эми клип тартканы жатабыз.

Камчыбек Букалаев: «КАЙРЫКТАРЫ ЖАРАЛГАНДА КӨЗҮМДӨН ЖАШЫМ ЧЫГЫП КЕТКЕН»
– Бул ырдын диапазону өтө кенен. Жай башталып келип, анан бийик чыгат, булуттарга колуӊду созгондой элес калтырат. Ырдын обону башында күз мезгили туурасындагы ырга жазылган. Жаз келгенде айлана-чөйрө жашылданып, күн жылып, кандайдыр бир жылуулук, мээрим байкалат эмеспи, ал эми күздө адамдын маанайы чөгөт. Жалбырактын куурап жерге түшүшү, жамгырдын тынбай жаашы башкаларга кандай билбейм, мага кыйын эле. Ошентип Жээнгүл Исакова деген эженин күздү сүрөттөгөн 2-3 сап эле ырына чыгып калган. Ырдын кайрыктары жаралып кыӊылдап жатканымда өзүнөн-өзү көзүмдөн жаш чыгып кетти. Аны эч кимге деле айта элек элем. Ыр кылып чыгарыш үчүн мага 2-3 сапты уланткан текст керек болду. Менде жаралган кайрыктарды Гүлнурга угузсам жактырды, анан Кыялбек Урманбетовго «текст жазып бербейсиӊби» дедим. Кыялбек экөөбүз «жакшы чыгып келе жаткан талант, тагдыры кыйчалыш болуп калыптыр, ушул жагдайды ырга салбайлыбы» деп кеӊештик. Гүлнурдун тагдыры жазылгандан кийин ырды өзү эле ырдасын деп ойлодук. Бул ырды ал «тун балам» деп жакшы көрөт. Казакстандын бир ырчысы «мен ырдайынчы» деп күүлөндү. Бербей койгонбуз, анткени Гүлнур көӊүлдөнбөй койгон.
Отуруштарда, той-топурда да өзүм ырдайм. Менин да жакшы көргөн ырларымдын бири. Эл көбүнчө кайырмасына «булуттар» деген жерине кошулуп ырдашат. Бир америкалык кыз да ырдап чыккан. «Устат-шакирт» долбоорунун алкагында Америкадан бир группа келип, андагы бир кыз гитаранын коштоосунда ырдаган. Бир аз туура эмес болгону менен, жакшы ырдады.

Кыялбек Урманбетов: «АДАМДАРДЫН ЖАН ДҮЙНӨСҮН ТАЗАРТКЫМ КЕЛДИ»
– Жамгырдан кийин күн чайыттай ачылып кеткенде айлана сонун болуп калат го. Мага ошол сулуулук өтө таасир берер эле. Ошондо адамдын жан дүйнөсүн да жамгыр жууп кетсе гана, дүйнө тазара, жеӊилдей түшөт эле деп ойго бата берчүмүн. Анан эле бир күнү Камчыбек Букалаев бир кайрыкты алып келип угузуп «ушул ырды Гүлнур Сатылганова деген ырчыга бергени жатам. Үнү өтө күчтүү, ага ылайыктап сөз жазып берчи» деди. "Эмне болгон ырчы?" деп сураштырып көрсөм, жаӊы эле жолдошунан айрылып, ичтен сызып жүрүптүр. Дароо анын турмушун элестетип менин жан дүйнөмдүн кыйналганын кагазга түшүрүп салдым. Гүлнурга жазган биринчи ырым, биздин иштешип калганыбызга да ушул «Булуттар» ыры себеп болгон.

"Бул кезде кайгырсам да эл алдына жылмайып жүрүүгө аргасыз элем".

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (34)
baba.
2014-12-24 14:52:34
Атына заты жарашкан жузунон нур тогулгон сыймыктуу биздин эжекебиз бар болунуз.Кээ бирки ырчыларга караганда обройлуу жана таланттуу.
0
admin_superstan
2014-12-24 14:57:49
damirbek.seiil, баш тамгалар грамматикалык эрежелерге ылайык жазылышы керек. Комментарийиңиз өчүрүлдү.
0
bopos
2014-12-24 15:00:12
ийгилик Гулнур эже,атам сиздин унунузду аябай жактырат.тунук,так создорун уккулуктуу ырдайт деп.
0
EdikoKG
2014-12-24 18:45:24
Бул ырчы айымыздын былыткылары да коп экенин,бир гезиттен окудум эле.
0
IRA
2014-12-24 19:15:42
EdikoKG, кандай былыткысы айта кетпептирсиз
0
tahmina_1
2014-12-24 19:19:06
Озунор бала туруп, чон адамдын личный жашоосуна кийлигишпей эле койбойсунарбы.
+8
Jaryk92
2014-12-26 17:46:27
Азаматсыз Гулнур эже сиздей кыргыздын айымдары дайым аман болсун уулунуздун бактысына кыргыз элдин маанайына дайым бар болун!
0
mersedes2013
2014-12-26 18:14:41
Бизге ырчылар ыр -музыка тарттуулайт.ошону талкууга алсак болот,ал эми жеке жашоосун талкуулап кызыкканга акыбыз жок,оз жашоосун озу каалагандай жашайт да ,эмнеге кызыгасынар тушунбойм
0
FSB
2014-12-26 18:35:48
mersedes2013, en tuura aitylgan !!!
0
Kars
2014-12-27 03:50:54
Гулнур эже мен сизди жакшы коруп суйом азырда аялымы айтып ар бир ырынызды укканда мага арнаган ыры деп кызгантам бурок эркек балдар менен ырдасаныз кызганам отузгаче бойдок журуп бирда жолуга албаганыма нааразымын бактылуу болун озгонго крутойго тийипсиз
0
miia
2014-12-27 05:52:40
мага да аябай жагат бул ыры. талантынызга таазим
0
Nursultan.m.n
2014-12-27 11:22:55
Энеме жагат болчу бул ырчы
0
g.jumabekova
2014-12-27 12:11:23
Талантынызга таазим.
0
kunduz0702
2014-12-28 06:17:21
Abdan syilaim azamatsyz.
Den soolukta bolup kop jashan yny abdan jakshy
0
aikolsha97
2014-12-28 22:19:11
Бар болунуз баланыздын урмат сыйын корунуз
0
admin_superstan
2014-12-29 10:19:24
were, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган! 2 күн БАН!
-1
оштук
2015-02-03 01:21:54
Аябай таланттуу ырчы,бирок характери анча жага бербейт.Боюн которуп ар дайым мактангандай туюлат
+1
№ 633, 19-декабрь-25-декабрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан