ЖАӉЫ ЖЫЛДЫК ЧАЧ ЖАСАЛГАЛАР

«Ий, алдыда майрам келе жатат. Эми чачымды кайсы сулуулук салонуна барып жасатам? Кызмат акысы да кымбат. Кээ бирөөлөр бат эле ары-бери күрмөп, сонун чач жасалга жасап алышат экен» деген айымдардын убайым тартканын көп байкайбыз. Алдыда жаӊы жылдык корпоратив, балаты кечелери жакындап келет. Оӊой жана ажарыӊызды ача турган чач жасалгалардын бир нече түрү назарыӊыздарда.

Чач жасалга айымдын көркүн ача турган жана кече алдында «кандай кылсам?» деп ойго сала турган маселелердин бири. Мындай суроого жоопту оӊой эле тапсаӊыз болот. Азыр айымдар мурункудай чачты формасы жок өстүрүп, ээн-эркин коё бербей калышканын билсеӊиз керек. Эгер чачыӊыз калыӊ болсо, чачтарачка барып бир аз жукартып, учтары тегиз эмес болсо текши кестирип же өзүӊүзгө жаккан түскө боётуп алыӊыз. Мындан соӊ ийге келип калган чачты ар түрдүү ыкмалар менен үй шартында, чачтарачтын жардамысыз эле жасалгалап алсаӊыз болот.
Сүрөттөгү жасалганы мына ушундай жукартылган чачтарга жасоого болот. Маӊдайыӊызга тасманы тагасыз дагы, уч жагын артыңызга байлап, чачтын арасына шиш менен жашырасыз. Төбөңүздөн баштап, ичке тарак менен түбүн чачыштырасыз (начёс). Андан соӊ ар бир чачыштырылган тутамдын түбүнө улам лак сээп туруӊуз. Чач иретсиз абалга келген соӊ чогултуп, кооз брошка же шиштерди сайып бекитип коюӊуз. Түбү чачышкан чачтын үстүӊкү катмарын кесек тиштүү тарак менен тегиз болуш үчүн тарап койсоӊуз болот.

Чачты ар түрдүү кылып өрүп алуу да сулуулугуӊузду арттырат. Сүрөттөгүдөй жасалганы кааласаӊыз, алгач чачты төбө жактан туурасынан бөлүп, желке жагын байлай туруӊуз. Эми алды жакта калган чачты ылайыгына жараша кыйшык же түз кылып экиге бөлүп алыӊыз. Эки бөлүктү теӊ артты көздөй өрүп келип, учун резина менен бириктириӊиз же кайчылаштырып туруп чачтын алдына жашырып, шиштер менен бекитип коюӊуз. Фантазияӊызга жараша учун тармалдатып же түйүп алсаӊыз болот.



Чачты чогултуп төбөгө түйүү жыл өткөн сайын жаӊыланып модадан түшпөй келет. Аны баштын формасына жараша төбөгө, андан ылдыйыраак же желкеге чогултуп алсаӊыз болот. Чачты салаа менен эле тарап, ичке резина менен төбөгө байлаӊыз. Андан соӊ жоон резина менен үстүнөн каттап байлап, чачтын ашып турган учу менен жоон резинаны жаптырып каптайсыз. Анын үстүнөн дагы бир ичке резина менен байлаӊыз. Мында чачтын учу дагы бир аз ашат. Ошол резинанын алдынан ашып калган чач менен акыркы байланган резинаны жаап ороп, үймөктүн түбүнө жашырып коюӊуз. Чач жасалга даяр.

 



Сүрөттөгүдөй көлөмдө тармалдатууну кааласаӊыз, алгач чачты көлөм бере турган шампунь менен жууп алыӊыз. Кургатып, андан соӊ чач түздөөчү үтүк менен бөлүп алган тутам чачтын түбүнөн кыпчытып, үтүктү сыртка кайрып, чачтын учун көздөй сыдырасыз. Чачтын учуна жакындаган сайын үтүктү сыртка толгоп жүрүп отуруӊуз. Ушул эле кадамды кийинки тутам чачка жасайсыз. Баарын толгоп бүткөн соӊ башыӊызды ылдый кылып, чачыӊыздын бардык учун бириктирип кармаӊыз дагы силкип коюӊуз. Эми чачыӊызды баштапкы абалындагыдай артка таштап, ыӊгайына жараша ортосунан түз же кыйшык кылып бөлүп, лактан сээп коюӊуз.



Жаӊы жылдык балаты чоӊдордон дагы балдар үчүн маанилүү жана шаӊдуу майрам. Андыктан ар бир бөбөк жылына бир келчү майрамдык балатынын ханбийкеси болууну самашат. Кичинекей кыздар кинодогу ханбийкелерге, мультфильмдеги сулуу каармандарга көп таасирленишет эмеспи. Андыктан быйыл көбүнчө кыздар "Муз жүрөк" ("Холодное сердце") мультфильминин баш каарманы Эльзанын образын көп туурашууда.
Кичине кыздын чачын теӊ ортосунан экиге бөлүп, маӊдай жагын плойка менен тармалдатып алыӊыз. Андан кийин учун өрүп, кооз резинкалар менен байлаган соӊ өрүлгөн бөлүгүн бошотуп, ар кай жеринен чымчып чыгарып коюӊуз. Буга көйнөгүнүн өӊүнө окшош тасма же жылтырак кошуп өрүп койсоӊуз болот.

Гүлжан Асанкожоева
kenesh@super.kg

 Кыстарылган видео 
Жаңы жылдык чач жасалгалар
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
bakyrankoz
2014-12-22 11:14:40
Абдан сонун чач жасалгалоор экен!Колуна береке Тилек!!!Кара-Балта рулит!
0
adika_97kgbk.ru
2014-12-25 17:13:10
неге видео окулбайтат менде????
0
admin_superstan
2014-12-25 18:10:56
adika_97kgbk.ru, саламатсызбы!
Телефон менен кирип жатсаңыз, FLASH орнотуңуз.
0
Rendi
2014-12-28 23:22:14
дареги
0
snikers.777
2015-01-20 02:48:38
Аиий жигиттин колу гул турбайбы..баарын тушундуруп айтып .корсотуп бериптир азаматсыз жигит...Чон РАХМАТ
0
Ayka1994
2015-02-07 14:56:20
Жигитке 70 онор аздык кылат дегени ушул окшойтго жигит болсо да биз кыздардан горо прчёсканы жакшы билет экен. Азаматсын Тилек оз кесибин суйгон жигиттерден окшойтго
0
№ 633, 19-декабрь-25-декабрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан