ҮЧ КУРБУ (сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

Колума тийсе Жанараны жеп-жутуп койгонго даяр болуп келген жаным Эмирдин жанында шалдайып отуруп бердим. Ал болсо сүйлөп жатты.
– Билесиӊби, сүйүү жок дешет, андай болсо бул эмне? Эчен жылдан бери бир да аял сени менин көкүрөгүмдөн сүрүп чыгара албай койду. Жанара байкуш аракет кылып эле жатат, бирок андан да майнап чыкпады. Аны такыр сүйө албай койдум...
– Анда эмнеге аны менен жашап жатасыӊ?
– Билбейм, балким, өч алып жаткандырмын.
– Эмне үчүн өч алып жатасыӊ?
– Сага кылган жамандыгы үчүн, экөөбүздүн махабатыбызды талкалаганы үчүн. Билесиӊ го, анын айынан мен түрмөгө отуруп чыктым. Аны ал өзү моюнуна алды. Эми мен өч алгым келип жатат. Жашырбайм, бул кылганым айбандык. Бирок ар бир адам өз жазасын алыш керек. Жанарага мындан өткөн жаза болушу мүмкүн эмес. Анткени сүйгөн адамы алаканында турат, кучагында жатат. Бирок дагы деле аныкы эмес. Кучактаса кучагы толбойт, өпсө да кумары канбайт, менин ар бир кыймылымдан, көз карашымдан ал Баянды көрөт. Сен өмүр бою көз алдыӊдагы Назиктин элеси менен жашасаӊ, Жанара менин көзүмдөгү сенин элесиӊ менен жашайт. Ошондуктан аны жазалайм деп эч убара болбой эле кой, анткени аны тагдыр, анан калса мен да жазалап жатам.
Бурула берип Жанаранын босогодо турганын көрдүм. Качан келгенин ким билсин, кумсарган өӊүнөн эле анын эбак бул жерде турганын билдим.
– Болуптур, сен жазалап жатыптырсыӊ мени. Менин жашоомду тозокко айлантып, болгон ыйык нерсемди булгадыӊ. А сен мен тууралуу билесиӊби? Мен эмнеден улам ушундай таш боор, айлакер Жанарага айланып калганымды билесиӊби?
Мындан ары чыдап турганга алым келбей, эшикти көздөй бастым.
– Токто, сен дагы билбейсиӊ. Мен экөөӊө теӊ айтам. Менин да жашоом сен үчүн тозокко айланды,- деди Жанара.
– Мага сенин эч нерсеӊдин кереги жок. Бирок дагы бир жолу Аманатка жолосоӊ, мен сени өз колум менен өлтүрүп салам. Уктуӊбу, Жанара, мен сени өз колум менен өлтүрөм!
Ушуларды айттым да, сыртка чыгып кеттим. Руль айдап келе жаткан колум карышып, көз жашым ээ бербей жатты. Акыры токтоп, өзүмө келдим. Жок, менин мындай абалымды балдарым, өзгөчө Аманат көрбөшү керек. Кичинемде айылыбыздагы өзөндү аралап басканды аябай жакшы көрчү элем. Машинемди токтотуп, агып жаткан сууну көпкө тиктеп отурдум. Тим эле таманыбыз ооруп калганча сууну бойлоп ойночу элек, ылайдан тамак жасап алып бири-бирибиздикине конокко барчубуз. Көз алдымда сексеӊдеп чуркаган Назик, Баян, Жанара элестеди. Ортобузда шаттык, мээрим, бир туугандык гана бар эле. Үчөөбүз минтип үч жээкке ыргытылбай, бир бүтүн болуп жүргөн убактыбыз кайра келсе кана? Кулагыма дагы деле апаларыбыздын «Нази-ик, Баян, Жанара» деп чакырган үндөрү жаӊырып жатты. Телефонум шыӊгырап жатканынан алсам Дастан экен, кабатырланып жатканын айтты. Мен ордумдан туруп үйдү көздөй бет алдым.
Кандай сыноо келсе да, тагдыр кандай калчаса да, мен бактылуумун! Үйгө кирип келерим менен төрт жактан апалаган үндөр жаӊырып, балдарымдын жүзү жаркып тосуп алды. Кыз да, байкушум Бермет күйпөлөктөп ашканага чуркады.
– Апа, тамак бышып калды.
– Кызымдын тамагы кандай болду экен?- дедим күлүмсүрөй. Балдар менен чогуу отуруп тамактанып бүтүп өз бөлмөбүзгө киргенде гана Дастан акырын үн катты.
– Жанарага жолуктуӊбу?
– Жок, жолуккан жокмун. Мындан ары ал тууралуу кеп кылбайлычы...
Минтип айтканым менен Жанаранын атын жашоомдон сүрүп чыгарганга болбоду. Көрсө, биздин тагдыр биз төрөлгөндө эле кошулуп калган тура.
Түшүмдө апам мага кол булгалап, бир жакка камынып жаткандай. Жанында атам...
– Апа-а!- деп бакырып жиберип ордумдан ыргып турдум. Дастан да селт чочуду.
– Эмне болду, жаным?
– Апам, апам,- деп күбүрөй бердим.
Мындайда апам «түшүӊ түлкүнүн богу» деп оӊдоп жаткырып, бир нерселерди күбүрөп-шыбырап, жыттап, чачымдан сылап кайра жаткырчу. Өзүмдөн өзүм ыйлагым келип жатып уктап калыптырмын. Эртеӊ менен агам үйгө келгенде эле жүрөгүм шуу дей түштү.
– Баян, апам катуу ооруп жатат. Сага шашылыш жиберди. Тез барышыбыз керек,- деди башын жерге салып. Карбаластай жыйналып жөнөп калдым. Апам төшөктө жаткан экен, басып жыгылдым.
– Апа, апаке, мен келдим.
– Келгениӊден айланайын, сени күтүп жатпадымбы? Сенден айланайын...- киркиреген апамды карап көргөн көзүмө ишене албай турдум. Апам мындай эмес эле, качан мынчалык карып, бүжүрөп калган? Дайыма тыкан, кайраттуу жүргөн апам качан минтип карып кеткен? Эмнегедир өз кайгымдан арыла албай жүрүп апамдын ооруп жүргөнүн сезбеген экем.
– Антип коркутпачы, апа, мен жаныӊда турам. Мен сени айыктырам! Шаарга алып кетем.
– Кой, балам, Шабдан деле колунан келгенин кылды. Өлүм бардык адамга келет, мен жакшы жашадым, сени, агаларыӊды татыктуу тарбияладым. Болгону сени кыйбайм, кызым.
– Апа дейм, антпечи, мен сенсиз кантем?- дедим жаш балача жалдырап.
– Кантет элеӊ, жашык болбо, кайраттуу бол! Балдарыӊды жакшы тарбияла, үйүӊдүн кутун өчүрбө. Дастанды кечирип туура кылдыӊ, кантсе да балдарыӊдын атасы. Эми иттигин кайталабастыр...
– Апа...
– Баян, бөлмөдөн жеӊелериӊди, балдарды чыккыла дечи, садагам. Сага жеке айта турчу сөзүм бар.
Тегеректеп тургандар дароо бөлмөдөн чыгып кетишти.
– Кызым, дагы бир жолу айтам, мен моюнумдагы парзымдан бошонуп айтып кетейин. Атаӊа сөз бергем, сага айтып кетем деп сөз бергем.
– Угуп жатам, апа!
– Биз да жаш болгонбуз, биз да кемчилик кетиргенбиз, садагам. Мен кургур кийин билдим. Атаӊ айылда көзгө түшө турган жигиттердин бири эле. Жаштыгынанбы же жамандыгынанбы, бир жаӊылыптыр. Мага үйлөнгөнгө чейин ушул айылдагы Алтын деген кыз менен болуп койгон экен. Бир ай болуп-болбой, мени жактырып калып ала качып алган. Ошол Алтын деген кызда сенин атаӊдан боюнда калыптыр. Ал дагы дымактуу, жигиттерди суусаткан кыз экен. Бечара намысына чыдабай, өзүнө теӊ эмес бирөөгө тез эле турмушка чыгып алыптыр. Ошентип боюндагысын жашырайын десе керек. Андан төрөлгөн кыз – Жанара!
– Жанара?!
– Ооба, балам, сен билген Жанара сенин бир тууган эжеӊ. Ал сенден үч ай мурун төрөлгөн. Үч айлык боюнда барда башкага турмушка чыгыптыр. Ошону менен баары жым-жым болуп калган экен. Мен дагы кийин эле атаӊ көз жумарда өз оозунан уктум. «Байбиче, кыздар бир тууган, экөөнө айтып кой. Ал сырды билгендердин баары тиги дүйнөдө. Айтпасаӊ моюнуӊа парз» деди өлүп баратып. Эми мен дагы ажал алкымдап алганда гана сага айтканга эрким жетти...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (38)
nur16
2014-12-22 15:36:27
апей укмуш го
0
Peri76
2014-12-22 17:24:58
Мына сага кызык болдуго,чыдамсыздык менен кутом жаны санын
0
Lega_kg
2014-12-22 20:10:04
Эми Жанара экоо бир тууган болуп чыкты го байкуш Баянга аябай эле сокку болду тагдырдын тамашасын кара бул жагы жомок болуп кетти гой.
0
alishaaa
2014-12-22 21:43:54
Уууууф дагы бир жума.мынча аз жазасынар((((
0
altynka95
2014-12-22 22:47:00
Кызык болду го бул жагы Жанара билсе эмне деер екен?!
0
Gulnura-94
2014-12-23 14:10:48
Охоо кеп башкада болуп калдыгоо. Дагы бир жума......
0
nagima.95
2014-12-23 16:12:10
Качан бутот
0
sumaya
2014-12-23 16:32:04
Кызыктын баары эми башталды го, Жанара билет болду бекен?
0
Akmosha
2014-12-23 20:58:03
Жанара билип,огой эненин колунда осконуно арданып,Баяндын кийимин кийгенине намыстанып оч алыпатат окшойт кургур Баяндан.Мени атан таштап кеткен дегенсип.
0
Ayperi94
2014-12-24 00:14:55
Баянды аячумун байкуш деп ,бирок чыныгы байкуш Жанара экен ойлоп корсом. Жанара да ата-эне мээримин коруп, атасына эркелеп ,апакесинин жылуу мээримине болонуп , тарбиясын алып(Баян сыяктуу) чонойгондо, балким такыр башка(жакшы) мунооздогу кыз болуп чоноймок.
0
Meerim_mukanbetova
2014-12-24 12:55:53
Ooi dagy bir juma
0
bliznesy
2014-12-24 16:52:00
Кызыгына келип калдыго.
0
nazirahonym
2014-12-25 01:19:19
Ушул чыгарманы окуп жатканда кошо ичине кирип кетемда. Понедельникке чейин жарылып кетемго деп, пятница куну атайын газетаны алып окуйм.
0
anGelina-345
2014-12-25 10:27:48
Ошо Жанара емне еле куйуп бышып атат десе кеп бул жакта турбайбы
0
toma4ko
2014-12-26 01:41:56
Биринчи санын кантип окуса болот?
0
admin_superstan
2014-12-26 09:58:37
toma4ko, саламатсызбы!
Сериал №603-санынан башталган:
http://www.super.kg/article/?article=27867
Сериалдын аягында "Башка сандарда" бөлүкчөсүнөн таба аласыз.
0
№ 633, 19-декабрь-25-декабрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан