ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (22-декабрдан 28-декабрга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Кайсы бир иштер боюнча сапарга чыгууӊуз мүмкүн. Бирок ал бир жагынан пайдалуу болгону менен материалдык жактан маселе жаратат. Сүйүктүүӊүзгө кысым көрсөтпөй, тил табышуу менен иш жасабасаӊыз, чыр чыгат. Үй-бүлөлүк бюджеттин тартыштыгы акча издөөгө жеткириши мүмкүн. Апта аягы жагымдуу жолугушуу менен бирге жакшы кабарды тартуулайт.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Аптанын башында өз көмөчүӊүзгө күл тартканды жана ачууга алдырганды коюӊуз. Өткөн-кеткендерди анализдеп, бүтпөгөн иштериӊизди аягына чыгарыӊыз. Сүйүү жаатында азгырыктуу сунуштар түшүшү мүмкүн. Апта ортосунда туугандар бир маселе боюнча акылдашышат. Жуманын аягында жакындарыӊыздын бири самаган буюмуӊузду белекке берет.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Аптада фантазияӊыз абдан өркүндөйт. Мүмкүн, кече уюштуруп, өткөрүүгө катышасыз. Сизди белек тандоо машакаты да күтүүдө. Иштерди күндөргө алдын ала бөлүштүрүп албасаӊыз, жетишпей кыйналасыз. Чоӊ ишти жүзөгө ашырууда бирөөлөрдүн жардамына таянууӊуз күтүлүүдө. Жаныӊызда жүргөн адамдардын биринин сатып кетүүсүнөн сактаныӊыз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Ийгилик жылмаюучу апта. Мүмкүн, сизди колдоочу жакшы адам табылат же жакын адамыӊыз менен башка жактарга барып, жаӊы сезимдерге кабыласыз, жер көрөсүз. Бирок үйдөгүлөргө кам көрүп, алардын муктаждыктарын да чечип берүү керектелет. Шашылыш келген туугандарга чай берүү түйшүгү да бар. Жумушта чукул иштер көп чыгып, чуркатат.

АРСТАН (23.07-23.08)
Акчаӊыз керектүүлөрүӊүзгө жетип, көп иштерди аягына чыгарып, жаныӊыз жай ала түшөт. Андыктан жеке жашооӊузду жөнгө салууга, жаӊы пландарды түзүүгө убакыт табылат. Апта аягы көӊүлдүү окуяларды, жаӊы таанышууларды тартуулайт. Болгону кызуу кандуулукка алдырып, бирөөлөрдүн аброюна доо кетирип, баарын бүлдүрүп албаӊыз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Болгон жөндөмүӊүздү көрсөтүүнү талап кылуучу апта. Иште да, үйдө да бир топ иштин жыйынтыгы сизден көз каранды. Кошумча акчалуу болууӊуз да ыктымал. Балдар түйшүк арттырышат, бирок сизге да жардамчылар табылат. Апта ортосунда өрттүн, жаракаттардын алдын алуу керек. Жуманын аягында эсте каларлык жолугушууга туш келесиз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Каржылык абалыӊыз оӊолот. Бойдоктор сүйүү жаатында эки адамдын ортосундагы тандоого кабылышы мүмкүн. Бирок сабырдуулук менен чечкиндүү кадамдарга барып, абалдан чыгасыз. Апта ортосунда жаӊы идеялар пайда болот. Ишке ашырууга аракет кылсаӊыз, жемиштүү жыйынтыкка жетесиз. Апта соӊунда тааныштар конокко чакырышат.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Апта сезимдерге байланышкан көӊүл калуулар менен башталат. Мындан улам жеке жашооӊузда бурулуш жасоо үчүн чечим кабыл алууга шашылбаӊыз. Бейшембиде жаралган мүмкүнчүлүктү кармап калсаӊыз, кошумча акча таба аласыз. Жума күнү көпчүлүктүн көӊүл борборунда болосуз. Апта аягында эски көйгөйдү чечип, жаныӊыз жай алат.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Апта ичи күтүлбөгөн жолугушууларга, чакырылбай келген конокторго бай. Шейшембиде баштаган ишиӊиздин жыйынтыгы ийгиликтүү болот. Бейшембиге пландаган тилегиӊиз ордунан чыкпай калышы мүмкүн. Андыктан шашылуунун кажети жок. Ишембиде жан дүйнөӊүз бир кырдаалдан улам жанчылуусу ыктымал. Жекшембиде конокко чакыруу алышыӊыз мүмкүн.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Бул аптада сизди чыгармачылык менен жакшы маанай коштоп жүрөт. Бирок максатка жетүү үчүн реалдуу иш-аракеттер талап кылынат. Жардамыӊызга чөйрөдөгүлөр муктаж болчу учурлар күтүлөт. Айта кетчү нерсе, ашыкча милдеттерди ала бербей, өзүӊүздү да ойлоӊуз. Үйдөгүлөр менен камыр-жумур болуп, эмеректерди жайгаштыруу, бир нерселерди сатып алууну ишке ашырасыз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Аптада жылдыздар ойлонулбаган кадамдарга барбоону, чыдамдуулукту көрсөтүүнү эскертет. Ички ой-толгоолоруӊузду эч кимге айтпаӊыз, болбосо катылган сыр көпчүлүккө маалым болуп чыга келет. Капчыгыӊызга киреше киргени менен анын эсеби бат эле табылат. Майда сөздөрдөн таарынышуулардын келип чыгуусу да ыктымал. Алыстагы туугандардан белек алышыӊыз мүмкүн.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Ишенимдүү шериктештер менен иш алып барып, жетекчи менен акылдашып иш кылсаӊыз гана сыйлыктан жолуӊуз болот. Жеке жашоодогу көйгөйлөрдөн улам туталанууга жол бербөө өзүӊүздөн. Эски достордун бири жагымдуу сюрпризи менен кубантат. Апта аягында үйдөгүлөр талап кылган нерселерди сатып берүүгө аргасыз болосуз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 633, 19-декабрь-25-декабрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан