Бул ирет биз «Бейне» рубрикасы аркылуу экинчи борбор аталган Оштун калаа башчысы Кадырбаев Айтмамат Тентибаевичти кепке тартабыз. Шаар мэри кандай адам, үйдө кандай кожоюн, жумушта кандай жетекчи экенин билүү көпчүлүккө кызык. Анан, албетте, Ош шаарын өнүктүрүүгө болгон аракеттер, аткарылчу максаттар тууралуу да азыноолак сөз козгодук.
«ЖӨНӨКӨЙ МУГАЛИМДИН ҮЙ-БҮЛӨСҮНДӨ ТӨРӨЛГӨМ»
– Айтмамат Тентибаевич, алгач эле чыбык ат минип ойногон чыт курсак кез – балалыктан баштайлы маегибизди...
– Жакшы болот. Сиздердин шылтоо менен балалыкка кайтып барат экенмин. Үй-бүлөдө 7 бир тууганбыз, 2 кыз, 5 эркек. Атам бүт өмүрүн билим берүүгө арнаган педагог. Апам үй кожойкеси, сегиз класстык билими бар, атама жөлөк-таяк болуп, убактысын бизди, балдарын тарбиялоо менен өткөрдү.
Байдын баласымын деп айткандан алысмын. Кадимки карапайым үй-бүлөдө жарыкка келгем. Атамдын алган 70 рубль маянасы менен күн кечирчүбүз. Ал акча кээде жетип, кээде жетпей калар эле. Бала кезде бир жерде тура албаган абдан тентек болчумун. Оюма келгенин жасаар элем. Бирок атам бир да жолу чекеме черткен эмес. Бир тиктегени менен туура эмес кылганымды сездирип койчу.
«АТАМ АКЧА МЕНЕН ЭМЕС, АКЫЛ МЕНЕН ТАРБИЯЛАДЫ»
– Эл катары эле турмуш кечирдим, ашып-ташкан дөөлөт, байлыкка манчыркап өскөн жигит эмесмин. Атам «калп айтпагыла, калптын казаны кайнабайт» деген кепти көп айтчу. Анын ошол сөзүн дале көкүрөгүмө түйгөн боюнча жүрөм, чындыкка коошпогон нерседен өзүмдү оолак тутам. Ал кишинин кеп-кеӊешин азыр да бекем кармайм. Мүнөзү жагынан абдан жумшак киши эле. Бир да жолу мени урушуп, сөгүп, катуу айткан жок. 35 жылдан ашуун мугалимдик кесипти аркалап, байлыгы жок болсо да, акча менен эмес, акылы менен бизди тарбиялап, билимге умтулткан атама ыраазымын.
Апам сөзгө чечен, куюлуштуруп сүйлөгөн жан эле. Жайлары жаннаттан болсун, экөөнүн теӊ көзү өтүп кетти. Аларды жоготкон күндү эскерүү мен үчүн оор.
«БОЮМА АСЫЛГАНДАРДЫН САЗАЙЫН БЕРЧҮМҮН»
– Атаӊыз мүнөзү жумшак киши болсо, сизден катуулук, өжөрлүк байкалат, бул кайдан келди?
– Сиздерге бала кездеги, 3-4-класста окуп жүргөндөгү окуяны айтып берейин. Классташ балдардын ичинен менин боюм кичинекей эле. Азыр ойлосом, балдар эмес, айрым кыздардан да боюмдун жапыздыгы мени ошол кезде чүнчүтсө керек. Ким менин боюма асыла турган болсо сазайын берчүмүн. Ошол мүнөз бара-бара калыптанып, беттегенимди бербегеним ошондон болсо керек. Баламын да, дене тарбия мугалимине барып, «канткенде боюм узарат?» деп ыйлагам. Ал киши ойлонуп отуруп, балким, ошол маалда мени жубатыш үчүнбү, айтор, кеӊеш берди. «Спорт менен машык, турникке тартыл, чурка, сабиз жесеӊ боюӊ өсөт» деди. Ошол ошол болду, мен спортко ыктай баштадым, боюмду узартышым керек да. Күндө 10-15 чакырым жүгүрүп, 3 саат турникке тартылат элем, «ушунчалык боюмдун өсүшүн каалаган экенмин» деп азыр күлүп калам. Ошонун жыйынтыгыбы же Кудайдан болдубу, бир жылда 10 сантиметрге өскөм.
МАТЕМАТИКАНЫ «ЧАККАН» МЭР
– «Мектепте өтө жакшы окугандан, же тескерисинче, тентек баладан бир нерсе чыгат» деп калышат, бул жаатта сизде кандай? Экономисттик кесипти тандап калганыӊызга караганда математиканы мыкты өздөштүргөн окшойсуз?..
– Мектепте окуп жүргөндө 8-класска чейин «5» деген баага окучумун, кийин чоӊоюп кер мурут тартып калган убакта окуума анча көӊүл бөлбөй, бир аз начарлап кеткем (күлүп). 9-класста чейректерге «3» аралашып калганда атамдан катуу уялдым. Атам урушпайт, урбайт. Ошон үчүнбү, кооптонуу болбосо да, өтө намыстандым. Сабактардан «3» алганымды атам көрбөсүн деп күндөлүгүмдү катып бир жыл жүрбөдүмбү...
Туура баамдапсыз, чынында, математика сабагын берилүү менен окучумун. Келечекке болгон пайдубал тээ мектеп партасынан эле түптөлүп калат окшобойбу. Айылдык Айдак Бекиев деген агам экөөбүз кызыгып, чогуу даярданып баштадык, ал менден мурда студент болгонгобу, ошонун таасири менен барып, Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик университетине тапшырып, экономист кесибине ээ болдум.
«СТУДЕНТТИК ДООРДУ ЖАГЫМДУУ СЕЗИМДЕР МЕНЕН ЭСТЕЙМ»
– Биздин убакта азыркыдай терс көрүнүштөр жокко эсе болчу, бардыгыбыз өзүбүз аракет кылып окучубуз. Колубуздан келишинче билим алдык, студенттик доорумду жагымдуу сезимдер менен эстейм. Ошол кезде тапкан, бир нанды бөлө жеген досторум менен азыр да катташабыз, кайталангыс көз ирмемдерди отуруп алып чогуу эскеребиз.
Бир нерсени айтып коюу керек, эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында студенттерге талап башкача болуп кетпедиби. Жогорку окуу жайлардын саны көбөйүп, сапатка эмес, санга карап ыктап кеткенбиз. Натыйжада сапатсыз адистер чыга баштаган. Бирок жылдан жылга билим берүү системинде өзгөрүү, чоӊ өсүштөр байкалууда. «Азыркы жаштар окубайт» дегенге кошулбайм. Арасында билимдүү жаштар арбын. Студенттер убактысын туура пайдаланып, билим алууга умтулушса дейт элем.
«БАЛАМ МЕНЕН ШАХМАТ ОЙНОП ЭС АЛАМ»
– Балдарга кандай атасыз, кандай тартипте тарбияладыӊыз, жубайыӊызга кандай күйөөсүз?
– Бир уул, эки кызым бар. Атам мага берген тарбияны балдарыма да колдоном. «Чынчыл, ак ниет бол, жаман жолго баспа, баарына өз эмгегиӊ менен жет» деп айтам. Уулум Москвадагы институттун юридикалык факультетинде окуйт. Экинчи кызым да студент. Кенжетай кызым Ош шаарындагы Ага-Хан мектебинин окуучусу. Жубайым медицина кызматкери. Кара-Кулжага күйөө баламын. Апасы экөөбүз балдарга колдон келишинче тартипти катуу коюп, тарбия бергенге аракет кылабыз.
Чынын айтсам, акыркы 11 айдан бери менде эс алуу, үйдөгүлөр менен чогуу отуруу деген болбой калды. Мэрликке келгенден бери элдин ишеничин актайын, шаарды өнүктүрөйүн деп күнү-түнү тыным албай иштеп жатам. Мурда эс алганга мүмкүнчүлүк табылса балык кармаганга барчумун. Аӊ уулаганды жактырам, мыкты аӊчымын десем аша чапкандык болбос. Шахмат ойнойм, балам экөөбүз шахмат ойноп отуруп кызыгына батып кетебиз.
«ОРДОЛУУ ОШ – КУДАЙ БЕРГЕН КАСИЕТТҮҮ ЖЕР»
– Кара-Суу өрөөнү Ош шаарын тегеректей жайгашкан да, азыр өзүӊүз башкарып турган калаага тез-тез келчү белеӊиз? Ошондогу шаар менен азыркы шаарды салыштырсаӊыз, анан болочоктогу Ошту кандай элестете аласыз?
– Ооба, Кара-Суу району шаарды айлана жайгашкан. Балалыгым Ош шаары менен тыгыз байланыштуу, жүрөккө жакын дегендей. Оштон алыстаган жокмун, балалыктагы учкундары азыркыга чейин турат. Ордолуу Ош – Кудай берген касиеттүү жер. Шаарды аралап аккан Ак-Буура дарыясы, так ортосунда орун алган Сулайман тоосу, элинин меймандостугу менен даӊазалуу отуз кылымдык тарыхты камтыган калаа экени ырас. Географиялык жактан алганда да тогуз жолдун тоомунда жайгашып, климаты таза, суусу тунук сонун жер. Ушундай шаарда жашаганга калаа башчысы катары эмес, калаа тургуну катары мен да, сиз да, баарыбыз сыймыктанышыбыз керек.
Мен дайыма айтып жүрөм, Ош шаарын Орто Азия чөлкөмүндөгү маданий, экономикалык борбор шаарга айлантуу аракетин көрүшүбүз керек. Туура, бир жылда болуп кетпейт. Ар бирибиз өзүбүздүн салымыбызды кошуп бара берсек, Оштун келечеги кеӊ. Буюрса, Ош шаарынын дүйнө суктана турган кооз, коопсуз, элдин турмушу жакшырган шаарга айланарына тереӊ ишенем.
«КЫЯМАТТЫК ДОСТОРУМ БАР»
– Кудайга шүгүр, кыяматтык досторум бар. Алар менен чогуу кыйынчылыктарды өткөрдүк, бирге ийгиликтерге жетиштик дегендей. Бирок, албетте, арасында ар түрдүү мүнөздөгүсү болот, керек учурда, кыйын кырдаалда тескери карап кеткен достор деле болгон. Анткен менен пендебиз да, ар бирине жакшылык гана каалайм.
«ЖУРНАЛИСТТЕРДЕН КАЧЫП ЭМНЕ ТАБАМ?»
– Кээ бир чиновниктерден журналисттер жаа бою качат, кээ бирине имериле беришет, айрымдарын талкалап-сындап эле жатып калышат. Байкашымча, сиз ЖМК өкүлдөрү менен тыгыз кызматташууну жактаган жетекчи окшойсуз...
– Журналисттер – коомдун күзгүсү. Алар жашоо-турмуштагы көйгөйлүү маселелерди чагылдырып, чечкенге салымы зор. Алардан качып эмне табам? Жашырынбайм да, эшигим жалпыга маалымдоо каражаттарына дайым ачык. Мэрлик кызматка киришер алдында үч принцибимди ачык айткам. Алар: мыйзамдуулук, ачык-айкындуулук жана эл менен бирге болуу. Эгер мыйзамдуулук орнобосо, ачык-айкындуулук болбосо, эл менен бирге болуп, алардын маселелери менен жакындан таанышпасам Ош шаарын 2017-жылга чейинки өнүктүрүү боюнча программам ишке ашпай калат. Алып чыккан программанын негизги максаттарынын бири – коррупция менен күрөшүү, мыйзамдуулукту орнотуу, коомдук жашоодо деспоттук көрүнүштөрдүн, акыйкатсыздыктын алдын алуу жана болтурбоо, шаар чарбасын башкарууга жана шаардык чөйрөнү калыптандырууга шаардыктарды активдүү катыштыруу. Ошон үчүн журналисттерге, дегеле калаа тургундарына эшигим ачык. Бир нерсени белгилеп коюшум керек, мен жалган маалымат таратып, өзүмдү ашкере мактоону жактырбайм.
Бурул Исмаилова
politika@super.kg