Расул Тезекбаев, грэпплинг чебери: «АЗИЯ ЧЕМПИОНУ АТАЛДЫМ. ЭМИ КЕЗЕК ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНДУГУН БАГЫНТУУ»

7-декабрь күнү Түштүк Кореянын Сеул шаарында грэпплинг боюнча Азия чемпиондугу болуп өттү. Анда кыргызстандыктардан 3 спортчу катышып, үчөө теӊ байгелүү кайтышты. Алардын бири 66 килограммдык салмакта Азия биринчилигин багынткан Расул Тезекбаев болду.

КААРМАН ТУУРАЛУУ
Туулган жылы, күнү
– 1990-жыл, 8-сентябрь
Туулган жери – Кара-Суу району, Жаӊы-Арык айылы
Үй-бүлөлүк абалы - Бойдок
Салмагы – 66 килограмм
Бою – 168 сантиметр
Жетишкендиктери – Уруш самбо боюнча Кыргызстандын чемпиону (2012-жыл), эрежесиз уруш боюнча Евразиянын чемпиону (2012-жыл), Грэпплинг боюнча Кыргызстандын жана Азиянын чемпиону (2014-жыл)

– Жеӊишиӊиз кут болсун! Грэпплинг боюнча Азия чемпиондугуна кандайча катышып калдыӊыз?

– Рахмат! 7-декабрдан 10-декабрга чейин Түштүк Кореянын Сеул шаарында грэпплинг боюнча Азия чемпиондугу болуп өттү. Анда Азия жана Австралия чөлкөмүнүн 25ке жакын өлкөлөрүнүн спортчулары катышышты. Арасында Кыргызстан да бар. Ушул жылдын жазында өлкө чемпиондугунда 66 килограмм салмак категориясында чемпион аталып, бул Азия чемпиондугуна катышууга жолдомо алган элем.

– Мелдештин жүрүшү боюнча учкай айта кетпесеӊиз болбос. Кандай форматта өттү? Дегеле грэпплинг спорт түрүнүн эрежелери кандай?

– Бул мелдеш олимпиадалык системде өттү. Ким утулса, ал мелдештен четтей берет. Беттеш 6 мүнөттүк 1 раунддан турат. Анын 3-мүнөтүнөн кийин атаандашын көтөрүп чапканына жана жасаган техникалык ыкмаларына карай спортчуларга упай бериле баштайт. Ал эми теӊ чыгуу катталса, жеӊүүчүнү аныктоо үчүн кошумча убакыт берилет. Бул спорт түрүндө күрөш эрежелери камтылып, муунтуу сыяктуу ыкмалар менен коштолот.

– Азия чөлкөмүнүн чемпиондугуна карай жол кандай болду анан?

– Башында Кореянын спортчулары менен кийинчерээк эле жолуксам экен деп ойлоп жаткам. Себеби өз үйүӊдө дубалдардан тышкары калыстар да жардам берет эмеспи. Бирок алгачкы беттешимде эле кореялыкка туш болуп, аны упай эсебинде утуп алдым. Андан кийин япониялыкты, дагы бир кореялык спортчуну жеӊип, финалга жолдомо алдым. Кызыгы, финалда дагы бир кыргыз спортчубуз Бусурманкул Абдибаит уулу менен жолугуп калдым. Спорт деген спорт эмеспи. Ал беттеште ийгилик мага буюрган экен, аны партерде "үч бурчтук" ыкмасы менен мөөнөтүнөн мурда утуп алдым. Жыйынтыгында мен алтын, ал күмүш медаль тагынды. Ошондой эле биздин өлкөдөн барган Абдурахманхаджи Муртазалиев 2-орунду алды. Командалык эсепте Австралиядан кийин эле Кыргызстан болду.

– Спорттогу алгачкы жолуӊузду ким түптөдү эле?

– Мен спортко кеч аралаштым. Буга Улар деген бир тууган байкем себепкер. Ал да спорт менен машыгып жүрөт. Алгачкы машыгууларымды 18 жашымда баштагам. Ошондон бери машыктыруучум Орунбек Кадыралиевдин колунда тарбияланып келем. Алгач 19 жашымда уруш түрүндөгү самбо боюнча мелдешке катышып, байгелүү орундардын бирине илингем.

– Алдыга эми кандай максаттарды коюп жатасыз?

– Мына эми тилектер акырындык менен орундалып келе жатат десем жаӊылышпайм. Машыгууларды улантып, дагы бийик тепкичтерге чыгууга аракетимди жумшайм. Азия чемпиондугун багынтуу менен катар 2015-жылы Бразилияда өтө турган Дүйнө чемпиондугуна жолдомо алдым. Кезек эми Рио-де-Жанейродо боло турган Дүйнө чемпиондугун багынтуу.

– Маегиӊиз үчүн рахмат. Ийгилик!

АРАБ ШЕЙХИ ТҮПТӨГӨН СПОРТ
Грэпплингди араб шейхи Тахнун Бин Зайед ойлоп тапкан. Тахнун АКШда окуп жүргөн кезде жиу-житсу (уруш түрү) менен машыкчу. Ошондой эле эрежесиз уруш, күрөш жана самбого да кызыккан. Ал бир канча уруш стилдерин өздөштүрүүдө алардын кайсынысы таасирдүү экени даана байкай албастыгын баамдайт.
Ушундай ою менен Тахнун бир канча уруш стилдерин айкалыштырып, жаӊы күрөш түрү – грэпплингди түзгөн. Бул спорт түрү боюнча биринчи мелдеш 1998-жылы Абу-Даби шаарында Abu Dhabi Combat Club DCC) аталышта болуп өткөндөн тарта дүйнө жүзүнө бат эле белгилүү болгон.

ГРЭППЛИНГ ДҮЙНӨНҮ КАПТООДО
Азыркы учурда грэпплинг заманбап, келечеги бар спорт түрү катары саналып, дүйнөнү каптап жаткан учуру. Мында күрөш десеӊ күрөш, уруш, муунтуу ыкмалары камтылып, беттештер күйөрмандардын купулуна толуп келет. Грэпплинг расмий спорт түрү катары 2007-жылы беделдүү FILA эл аралык күрөш федерациясына кошулгандан бери континенттер аралыгында жана Дүйнө чемпиондуктары өткөрүлүп келет.
Ал эми Кыргызстанда грэпплинг федерациясы 2012-жылы ачылып, өлкө биринчиликтери байма-бай уюшулуп жатат.

ГРЭППЛИНГ – УНИВЕРСАЛДУУ КҮРӨШ
• Грэпплинг – күрөш эрежелери менен муунтуу ыкмалары айкалышкан спорт түрү. Аталган күрөштө кол, бут же курал менен сокку узатылбайт. Жөнөкөй тил менен айтканда, грэпплинг – бул универсалдуу күрөш.
• Грепплингде спортчу шорта жана рашгард аталыштагы кийим менен чыгат. Рашгард – бул денени чыптаган жеӊи узун же кыска болгон атайы спорттук кийим.

Чабуулда Расул. Ал дал ушул беттешти жеӊүү менен финалга жолдомо алды.

Грэпплинг жаӊы спорт түрү катары Олимпиадага кирип калышы мүмкүн.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
Muhamad
2014-12-22 09:52:36
менин иними дагы супер инфо гезитинен чыкарасыянарбы же акча берилеби мелисбек абдрахманов иними чыгаргыл
0
admin_superstan
2014-12-22 11:42:35
Muhamad, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат!
0
suiuktuujar
2014-12-22 10:18:44
Баракелде
0
gulu86
2014-12-22 17:42:42
Азаматсын Расул, дагы коптогон ийгиликтерге жет! Аллах колдосун!
0
SayKal020101
2014-12-22 22:56:46
Азаматсын .
0
sanchos1
2014-12-23 15:11:37
Азаматсын аяш укам. Ийгиликтеринди угуп алып аябай кубандым, Аллахым колдоп дагы коп коп ийгиликтерге жетише бер. Москвадан Улан акендин досу Санжар(Жалалабатдан).
0
ayildik_kiz
2014-12-25 14:39:44
Оо тагашка азаматсын!Эми озун айткандай жазда отчу мелдеште да ийгилик коштосун!Аганы коруп ини осот дегендей Уларбек тага силерге улгу болду.
0
natu
2014-12-25 17:02:06
Группалаж братишка го молодчик Расул сон ийгиликтер коштой берсин
0
elmira_kurmanalieva
2014-12-27 17:03:33
азаматсын!!!
0
admin_superstan
2015-01-06 17:25:08
Muhamad, эскертүүлөргө карабастан, флуддаганы үчүн 15 күн БАН!
0
№ 633, 19-декабрь-25-декабрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан