SIM-КАРТАЛАРДЫ КАТТОО – КООПСУЗДУК ЖАНА ИШЕНИМДҮҮЛҮК!

АЛГАЧ НОМУРУӉУЗ КАТТООДОН ӨТКӨНБҮ ЖЕ ЖОКПУ, ТЕКШЕРИП АЛЫӉЫЗ
SIM-картаӊыз каттоодон өткөрүлгөнбү же жокпу, мобилдик телефонуӊуздан *112# командасын терип биле аласыз. Эгерде номуруӊуз каттоодон өткөн эмес болсо, МegaCom сизди жакынкы убакытта номуруӊузду каттатып алууну билдирет. Бул учурда мобилдик байланыш менен колдонуп жүргөндөргө да, жаӊыдан SIM-карта алып жаткандарга да тиешелүү. Мобилдик байланыш жаатындагы суроолорду жөнгө салуу үчүн Кыргызстандагы бардык уюлдук байланыш компанияларынын ар бири абонент менен келишим түзүүсү милдеттүү. Кыргыз Республикасынын «Жылуучу радиотелефон байланыш кызматтарын көрсөтүү» токтомуна ылайык, 2015-жылдын 8-мартына чейин өз байланыш оператору менен келишим түзбөгөн абоненттерге байланыш кызматтарын көрсөтүү токтотулат.

КЕЛИШИМДИ КАНТИП ТҮЗӨ АЛАСЫЗ?
Номуруӊузду каттоодон өткөрүүнү МegaCom компаниясынын ар бир сатуу жана тейлөө борборунда же фирмалык салонунда өздүгүӊүздү тастыктаган документ (паспорт, аскердик билет, айдоочунун күбөлүгү) аркылуу жүргүзө аласыз. Эгерде абоненттин жашы 16га толо элек болуп, паспорту жок болсо, ага SIM-картаны ата-энеси же туугандары сатып бере алат. Бул эреже чет элдик жарандарга да тиешелүү. Номурду каттоо акысыз жүргүзүлөт.
Сизге жакын сатуу жана тейлөө борбору же фирмалык салону кайда экенин онлайн режиминде «Филиалдык түйүнүнүн жана каптоо аймагынын интерактивдүү 3G-картасы» сервиси аркылуу биле аласыз. Бул кызмат менен пайдалануу үчүн *500 командасы аркылуу же Мегакомдун расмий сайтынан «филиалдык түйүнүнүн жана каптоо аймагынын интерактивдүү картасы» бөлүмүнө кирип, сатуу жана тейлөө борборлорунун жана фирмалык салондордун так дарегин биле аласыз. Толук маалыматты *400 (MegaCom абоненттери үчүн чалуу акысыз) номуру аркылуу алууга болот.
SIM-карталарды персонификациялоо – мобилдик коопсуздук жана ишенимдүүлүк!

Адилет Керимбек уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
mirlaane
2014-12-23 13:26:43
eptey alar beken a
0
elmira_kurmanalieva
2014-12-27 17:05:50
о нуку деле ушундайбы
0
№ 633, 19-декабрь-25-декабрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан