2015-ЖЫЛГА АСТРОТӨЛГӨ

Жан дүйнөгө үмүт, тазалык тартуулаган жаӊы жыл жакындады. Бардык нерсенин жаӊысы жанга жагымдуу болгон сыяктуу, жыл тогошкондо ар бирибиз орундалбай келген тилектерибиз жаӊы жылда ишке ашсын деп тиленебиз. Жаӊырган Кой жылында сизди кандай кызыктар күтөт, эмнеси менен эсте калат? Анда эмесе көӊүл борборуӊуздарда 2015-жылга астротөлгө.

КОЙ (21.03-20.04)
КОЙ – ЧЫЧКАН
Жумушта – Тырышчаактык сапатыӊыз сизди камырдан кыл сууругандай оор абалдан алып чыгат.
Үйдө – Бардыгы калыпка салынгандай болбой турганы жадыӊызда болсун. Кемчиликсиз адам болбойт, оӊдоп, калыпка салып алуу өз колуӊузда. Эгер буга баш ийбесеӊиз, жалгыз калуу коркунучу бар.
Каржы – Бул жылы акча топтоо жагынан алдыда болосуз.

КОЙ – УЙ
Жумушта – 2015-жыл оор башталат. Иш жаатында атаандашуу, бут тосуулар орун алат.
Үйдө – Жыл башынан түгөй табууга активдүү киришесиз. Асманды самай берсеӊиз, издөө "лимитиӊиз" чексиз убакытка уланат.
Каржы – Сарамжал сапатыӊызды жокко чыгарып, бул жылы берешендигиӊиз менен эсте каласыз.

КОЙ – ЖОЛБОРС
Жумушта – Тобокелге баруу менен ийгиликтерди багынта аласыз.
Үйдө – 2015-жыл таӊ каларлык тынч өтөт. Такыр чечилбейт деген маселелер оӊой чечилип, бүтпөй келген үй жумуштары да өз нугуна түшөт. Жаз, жай мезгилдеринде араздашкан түгөйлөрдө тил табышууга мүмкүнчүлүк чоӊ.
Каржы – Каржылык жактан өсүш болуп, жүрөк өйүткөн карыздардан кутуласыз.

КОЙ – КОЁН
Жумушта – Жөжөнү күздө санагандай, эмгегиӊиздин үзүрүн күздө көрөсүз.
Үйдө – Кой жылы сиз үчүн сюрприздерди камдоодо. Сүйүшкөндөр бул жылы тынчтык эмне экенин унутушат. Кээде баш айланткан романтикага кабылышса, кээде бири-бирин түшүнбөй жер муштаган учурлар да кездешет. Келе жаткан жылы көзүӊүз ооруп бейпайга салат.
Каржы – Профессионалдык жаатта жетишкен ийгилигиӊиздин арты менен чөнтөгүӊүз кыйла эле томпоёт.

КОЙ – БАЛЫК
Жумушта – Эмоцияӊызды көзөмөлдөй билсеӊиз эле жасаган ишиӊиздин майын чыгарасыз.
Үйдө – Июль айы мамилелерди бекемдөөгө ыӊгайлуу убакыт. «Сүйүктүүмдүн колун сурасамбы же?..» деп арсар болуп жүрсөӊүз, сизге караганда чечкиндүү адам пайда болорун эсиӊизге салабыз. Ашказан, ичеги оорулары менен жабыркагандардын дарты жаз, күз айларында козголот.
Каржы – 2015-жылы көзгө басарлык чоӊ киреше күтүлбөйт.

КОЙ – ЖЫЛАН
Жумушта – Башкаруучу адамы жок, өз алдынча иштешсе, көзгө көрүнө турган ийгиликтерге жетишет.
Үйдө – Кой жылы сизге түрдүү сыноолорду уюштурмакчы. Үй-бүлөлүк чыр-чатакка, көз жашка алдырбаӊыз, бул нерселер убактылуу гана. ө
Каржы – 2015-жылы каржылык жактан бир топ өсүштөр болот.

КОЙ – ЖЫЛКЫ
Жумушта – Жаӊырган жылда кайда болбосун лидерликти багындырасыз.
Үйдө – Үй-бүлөӊүз менен чогуу саякатка чыгып, эс алуудан энергия топтойсуз. Бойдоктор арзыган адамына жылдын экинчи жарымында кезигүүсү күтүлөт.
Каржы – Каржы булагыӊыз туруктуу бойдон калат.

КОЙ – КОЙ
Жумушта – Талыкпай эмгектенсеӊиз, ийгилик сизди көп күттүрбөй эшигиӊизди кагат.
Үйдө – Сүйүктүүӊүздүн майда-чүйдө кемчиликтерине көз жумсаӊыз, мамилеӊиздердин келечеги кеӊ болмокчу. Жылдын биринчи жарымында баш кошкондордун үй-бүлө очогу бекем болору күтүлөт.
Каржы – 2015-жылы каржы жаатында жолуӊуз болот.

КОЙ – МАЙМЫЛ
Жумушта – Жаӊы иш баштайт элем дегендер үчүн жылдын биринчи жарымы ылайык келет.
Үйдө – Үйүӊүздө тынчтык өкүм сүрүп, жакындарыӊыздын жүзүндө жылмаюу өчпөсүн десеӊиз, аларга көбүрөөк убакыт бөлүӊүз. Сүйүүдөн көӊүлү калып, «койчу ошо махабатты!» деген ойдо жүргөн бойдоктордо жай, күз мезгилдеринде күтүүсүз жерден сүйүү оту тутанат.
Каржы – 2015-жылы көзүӊүз жетпеген иштерге акча жумшагандан сак болуӊуз.

КОЙ – ТООК
Жумушта – Жаӊырган жылы тоону томкором десеӊиз да жеткидей энергияӊыз ашып-ташат.
Үйдө – Жакындардын кеӊешине кулак сала жүрүӊүз. «Жалгыз терек бак болбойт» дегендей, өзүм билем дей берсеӊиз, жалгыздыктын кучагында каласыз.
Каржы – Акча, байлык деген ушул экен деп эле бапыраӊдай берсеӊиз, бат эле сызга отуруп каласыз.

КОЙ – ИТ
Жумушта – 2015-жылы бардык тармактан өзүӊүздү ийгиликтүү көрсөтө аласыз.
Үйдө – Карьера, жоро-жолдош деп жүрүп үй-бүлөӊүздү унутта калтырбаӊыз. Айрым бойдоктордо өзү менен акча же башка кызыкчылык үчүн жүргөн адамдарга сезими ойгонот. Иммунитетти көтөрүүгө бел байлаӊыз. Антпесе үлп эткен желге да туруштук бере албай, түркүн ооруларга кабылууӊуз ыктымал.
Каржы – Кой жылында каржылык жактан тартыштык жаралат. Сиздин боорукерлигиӊизден пайдаланып акчаӊызды кымырып кеткендер чыгат.

КОЙ – ДОӉУЗ
Жумушта – Жумуш жаатында маселе жаралбайт.
Үйдө – Жеке жашоодо олуттуу өзгөрүүлөр күтүлөт. Досум жок деп кайгырбаӊыз, таяныч боло турган адамга жолугасыз.
Каржы – Каржы жаатында иштерди ишенимдүү адамга тапшырбасаӊыз кашыктап чогулткан байлыгыӊызды чакалап чачып жибериши мүмкүн.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
БУКАЧАР – ЧЫЧКАН
Жумушта – Чымырканып иштей турган жыл.
Үйдө – Мурда кетирген каталарыӊыз калкып чыга келет. Депрессияга түшүп кетүү коркунучу бар. Көптөн бери кабары жок кеткен жакын адамыӊыз менен табышасыз.
Каржы – Тапкан каражатыӊызды карыздарды төлөөгө жумшайсыз.

БУКАЧАР – УЙ
Жумушта – Чечкиндүүлүгүӊүздүн арты менен көп ийгиликтерге жетесиз.
Үйдө – Алдоолорго, эки жүздүүлүккө тушугасыз. Жылдыздар бейтааныш адамдарга сырыӊызды ачпоону сунушташат.
Каржы – 2015-жылы каржылык маселелерди толугу менен чече аласыз.

БУКАЧАР – ЖОЛБОРС
Жумушта – Жылдын экинчи жарымында жумушта өзгөрүүлөр болот.
Үйдө – Өзүӊүздүн эреже, шарттарыӊызды коё берип жакындарыӊызды алыстатып алышыӊыз мүмкүн. Бирок ошол эле учурда адилеттүүлүгүӊүз менен аброй таба аласыз.
Каржы – Каржы жаатында өсүү гана болбосо, муктаждык жаралбайт.

БУКАЧАР – КОЁН
Жумушта – Кармаган иштин майын чыгарасыз.
Үйдө – Мыйзамды бузуу сунушталбайт, темир тор артына түшүп калуу коркунучу жогору. Шаан-шөкөткө караганда үй-бүлө менен убакыт өткөрүү алда канча баалуу экенин түшүнөсүз.
Каржы – Пайда алып келе турган булактын көзүн табасыз.

БУКАЧАР – БАЛЫК
Жумушта – Ушак сөздөрдү териштирүүгө күч жумшабай, эмгектене бериӊиз.
Үйдө – Болбогон шылтоолордун айынан үй-бүлөдө казан-аяк кагышы күчөйт. Достордун арасында башка, кесиптештерге башка, үйдө башка «бет кап» кие берип өзүӊүздү жоготуп албаӊыз.
Каржы – 2015-жылы капчыгыӊыз кампаят.

БУКАЧАР – ЖЫЛАН
Жумушта – Эгер тоскоолдуктар болбосо, бир эмес, бир нече тармакта иш алып барууга күчүӊүз жетет.
Үйдө – Жеке жашоодо көптөн бери зарыгып күткөн адамыӊызга жолугасыз. Үй-бүлөлүүлөр түгөйүнө сюрприздерди тартуулап, мамиленин «тоӊуп» калуусунун алдын алуусу абзел.
Каржы – Чөнтөгүӊүз жукарбай турчу жыл.

БУКАЧАР – ЖЫЛКЫ
Жумушта – Кесиптештер менен келишпестиктерге баруунун ордуна тил табышыӊыз.
Үйдө – Бир нече сүйүү романдарына кабыласыз, бирок айрылуу да бат болот. Дос-туугандар сиздин колдооӊузга муктаж болушат.
Каржы – Бул жылы чектен ашыкча коромжу болосуз.

БУКАЧАР – КОЙ
Жумушта – Жаӊы багытта иш баштаӊыз, жемиштүү болот.
Үйдө – Үй-бүлөӊүз менен да, дос-курбулар менен да түшүнбөстүктүн айынан көп чыр-чатакка барасыз. Жазында бойдоктор сүйүү отуна кабылып, анын таасири менен көптөгөн ийгиликтерди багынта алышат.
Каржы – Карыз берип-алуудан качыӊыз. Бир туура эмес кадамга барсаӊыз, каржылык каатчылыкка учурайсыз.ө

БУКАЧАР – МАЙМЫЛ
Жумушта – Көп жылдык эмгектин акыбети кайтып, мактоого арзыйсыз.
Үйдө – Убакыттын жетишсиздиги түгөйлөрдүн ортосундагы тирешүүгө алып келет. Жаӊы жылда баш кошуу менен катар ажырашуулар теӊме-теӊ жүрмөкчү.
Каржы – Акча жаатында маселе жаралып, жакындарыӊыз ал абалдан сууруп чыгышат.

БУКАЧАР – ТООК
Жумушта – Кызуу кандуулукка алдырам деп пайдалуу көп сунуштардан куру калбаӊыз.
Үйдө – Өзүн баарынан бийик коюу сапаты бактыӊызга балта чаппасын десеӊиз, ийкемдүү болуӊуз. Сулуулук менен бирге ден соолукка да көӊүл бурчу мезгил.
Каржы – Каржы жааты бул жылы сиз үчүн туруктуу бойдон калат.

БУКАЧАР – ИТ
Жумушта – Чыгармачылык чөйрөдө иштегендердин жумушу илгерилейт.
Үйдө – 2015-жыл тынч жана ийгиликтүү болмокчу. Жакындарыӊыздын жакшылыктарына күбө болуп, көӊүлүӊүз ток, чай ичип отурчу мезгил.
Каржы – Акча тапчу булагыӊыз кеӊейет.

БУКАЧАР – ДОӉУЗ
Жумушта – Жылдын биринчи бөлүгүндө баш көтөрбөй иштеп, анан эмгектин жемишин татасыз.
Үйдө – Үй-бүлөӊүз менен башка шаарга же айылга көчүшүӊүз ыктымал. Жакындарыӊыз сиздин колдоого кандай муктаж болсо, сиз да алардын жардамысыз ийгиликке жетише албасыӊызды түшүнөсүз.
Каржы – Жалкоолукту таштап, иш баштасаӊыз, туруктуу каржы булагы ачылат.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
ЭГИЗДЕР – ЧЫЧКАН
Жумушта – Жыл башында эле иште талантыӊызды көрсөтүп, керектүү адамдардын көзүнө көрүнө аласыз.
Үйдө – Маанилүү кадамга барарыӊызда жетинчи туюмуӊузга ишениӊиз. Калпты-чынды ажырата билсеӊиз, айланаӊызга керектүү адамдарды чогулта аласыз. Кандай кырдаал болбосун үй-бүлөӊүз жардамга келет.
Каржы – Акча мына колго тийди дегенде кайда кеткени белгисиз учур көп болот.

ЭГИЗДЕР – УЙ
Жумушта – Шашмалыгыӊыз жакшы бүтчү иштердин таш-талканын чыгарат. Андыктан чечим чыгарардан мурун жакшылап ойлонуӊуз.
Үйдө – Жылдын башында өзүӊүздү жалгыз сезесиз, бирок жаӊылышканыӊызды сүйүктүү адамыӊыз далилдейт. Май айында жан дүйнөӊүз гармонияга келип, сизден өткөн шайыр адам жок болуп чыга келет. Бул, албетте, үй-бүлөнүн аба ырайына жакшы таасир берет.
Каржы – Киреше менен чогуу чыгашаӊыз да көбөйөт.

ЭГИЗДЕР – ЖОЛБОРС
Жумушта – Ишиӊиздеги жетишкендиктердин арты менен көптөгөн күйөрман топтойсуз.
Үйдө – Февраль жана март айларында өзүӊүз каалаган мүлк сатып алып, же болбосо сүйүктүү адамыӊызга жолугуп кубанасыз. Үй-бүлөӊүздө той-мааракелер бул жылы көп болот.
Каржы – Мурда чогулткан каражатыӊыз бул жылкы муктаждыктарды жабууга жардам берет.

ЭГИЗДЕР – КОЁН
Жумушта – Сиз менен иштешкиси келгендердин саны көбөйөт. Бул, албетте, сиздин иш билгилигиӊизден.
Үйдө – Өзүӊүздү чарчаӊкы сезесиз. Башкаларга көз жумуп, эс алууга убакыт табыӊыз. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн маселелерине жоопкерчилик алгыӊыз келбей, анын айынан жакындарыӊыз
сизден алыстай түшүшөт.
Каржы – Көбүрөөк акча тапчу мезгил күз мезгилине туура келет.

ЭГИЗДЕР – БАЛЫК
Жумушта – Керектүү адамдар сизге магнит сыяктуу тартылышат, бул иште оор маселелерди оӊой чечүүгө жардам берет. Кызматтык тепкичтен көтөрүлүү күтүлөт.
Үйдө – Күз – махабат майданында жеӊишке жетчү мезгил. Балдарыӊыздын, сүйүктүүӊүздүн жанында тынч эс алууну биринчи планга коёсуз.
Каржы – Жаӊырган жылы акча ашыкча эмес, жетиштүү болот.

ЭГИЗДЕР – ЖЫЛАН
Жумушта – Жумушта эргүү берүүчү муза издейсиз. Эгер табылбай калса, жаӊычылдык киргизбей, жетекчиӊиздин сынына каласыз.
Үйдө – Капыстан жолуккан адамдарды тааныбай туруп эле кагып сала бербеӊиз, ал сизге дос же өмүрлүк жар болушу толук мүмкүн. «Алыскы туугандан жакынкы кошуна артык» демекчи, кысталыш учурда кошуналарыӊыз жардамга келет.
Каржы – Акчаны туура пайдаланууну үйрөнөсүз, бул муктаждыктарды учурунда жаба билесиз дегенди билдирет.

ЭГИЗДЕР – ЖЫЛКЫ
Жумушта – Жаӊы жылда активдүү иштейсиз, бут тосуу, атаандаштык да сизди токтото албайт.
Үйдө – Жүрөгүӊүздүн ээси колуӊузду сурайт. Шылтоо издеп баш тартпаӊыз, мындай сунуш күндө эле айтыла бербейт. Дагы деле жумуш деп жүрүп ден соолугуӊузду экинчи планга калтырсаӊыз, кесепети оор болот.
Каржы – Бюджетиӊизде жетиштүү акча топтолот.

ЭГИЗДЕР – КОЙ
Жумушта – Жасаган ишиӊизден майнап чыкпай кыйналасыз.
Үйдө – Мээӊизди, организмиӊизди эс алдырбасаӊыз, сиркеӊиз суу көтөрбөй жакындарыӊызды таарынтып алышыӊыз мүмкүн. Июль айында сүйүү «аялдамасына токтоо» мүмкүнчүлүгү жогору.
Каржы – Каржы жагы сүйүнүчтүү кабар алып келбейт.

ЭГИЗДЕР – МАЙМЫЛ
Жумушта – 2015-жылы жараткан ийгиликтериӊизге өзүӊүз ыраазы болосуз.
Үйдө – Бул жылы баш кошуулар көп болот. Үй-бүлө менен карьеранын ортосунда чайналууӊуз мүмкүн. Бойдоктор көп күч жумшабай эле жүрөгүнө жакын адамын таба алышат.
Каржы – Каржы тармагы сиздин ишиӊизге байланыштуу. Канчалык көп эмгектенсеӊиз, ошончолук кирешеге ээ болосуз.

ЭГИЗДЕР – ТООК
Жумушта – Сизге көптөн күткөн эркиндик берилет, идеяларыӊызды, максаттарыӊызды ишке ашырууга бардык мүмкүнчүлүктөр бар.
Үйдө – Жыл башында таанышкан адамыӊыз «түгөйүм момундай болушу керек» деген сиздин талаптарга жооп берет. Ыркы кеткен үй-бүлөлөр жай жана күз мезгилдеринде элдешишет. Үй-бүлөӊүз менен чогуу эс алып турууну унутпаӊыз.
Каржы – Айлыгы жогору жумушка орношуп, үй-бүлөлүк бюджетти толтурасыз.

ЭГИЗДЕР – ИТ
Жумушта – Жай мезгилинде башкалар көл жээгинде эс алууга ашыгышса, жылдыздар ушул мезгил сизге иште көп жетишкендиктерди алып келерин эскертишет.
Үйдө – Күтүлбөгөн жерден досторуӊуздун бири сизди сатып кетет. «Эки адам билген сыр – сыр эмес» дегендей, ойлоруӊузду туш келди айтуудан абайлаӊыз. Бирөөнүн оюна бат
берилүүӊүз сизди баӊгизатына жана алкоголдук көз карандылыкка алып келиши мүмкүн.
Каржы – Бирде капчыгыӊыз толо акча болуп сүйүнсөӊүз, кээде бир тыйын таппай карайлаган учур болот. Акчаны оӊго-солго чача бербей, үнөмдүү пайдаланыӊыз.

ЭГИЗДЕР – ДОӉУЗ
Жумушта – Башкаларга теӊелем деп алдамчылык жолуна барбаӊыз. Жумушсуздар көӊүлүндөгүдөй болбосо да, керектөөсүнө жеткидей айлык төлөнүүчү жумушка орношушат.
Үйдө – Бирөөгө жагам деп койгон максатыӊыз сизди имидж өзгөртүүгө алып келет. Аракетиӊиз текке кетпей, керектүү адамды кылтакка илесиз. Ден соолугуӊуз башкага керектен бетер кол шилтебей, өзүӊүзгө кам көрүӊүз.
Каржы – Акча көп тапсам деген кыялдарыӊыз бул жылы акырындап ишке ашат.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
БӨЙӨН – ЧЫЧКАН
Жумушта – 2015-жыл изденүүнү талап кылат.
Үйдө – Чарба иштерине көӊүл бөлөсүз. Балдарыӊыз жаӊылыктары, окууда болгон жетишкендиктери менен кубантат.
Каржы – 2015-жылы каржы булагыӊыз бекемделет.

БӨЙӨН – УЙ
Жумушта – Жаӊы иш баштоо, орун алмаштыруу күтүлбөйт.
Үйдө – Сүйүүгө кабылып, өзүӊүзгө белгисиз сапаттарыӊыз ачылат. Чорт кыялыӊыз алмашып, назик, күйүмдүү адам болуп чыга келесиз.
Каржы – Баштаган ишиӊиз жакшы пайда алып келет.

БӨЙӨН – ЖОЛБОРС
Жумушта – Жалкоолук алгылыктуу иш жасоого тоскоол болот.
Үйдө – Түнкү клуб, кечелер деп жүрүп өзүӊүз тууралуу жаман ойду калыптандырып алышыӊыз мүмкүн. Андыктан өзүӊүзгө чек коё билиӊиз.
Каржы – Күзүндө акча тартыштыгы кыйнайт.

БӨЙӨН – КОЁН
Жумушта – 2015-жылы көп сыноолорго кабыласыз. Чыдамкайлык сынагынан өтсөӊүз, ийгиликке жетишесиз.
Үйдө – Тагдырга таарынгандан пайда жок. Андан көрө демилгени өз колуӊузга алып, келечекти туура пландаӊыз.
Каржы – Акчаны банкка сактасаӊыз, кошумча киреше алып келет.

БӨЙӨН – БАЛЫК
Жумушта – Сиз кас санап жүргөн адамдан колдоо табасыз. Бул тандем иште ийгилик жаратат.
Үйдө – Көп убактыӊызды жакындарыӊызга жумшайсыз. Дартка чалдыккан бейтапты кароо, багуу түйшүгү башыӊызга түшүшү мүмкүн.
Каржы – Көп суммада чыгым болосуз, бирок сатып алган буюмуӊуз өзүн актайт.

БӨЙӨН – ЖЫЛАН
Жумушта – Ишиӊиздин жыйынтыгы сиз күткөндөй болот.
Үйдө – Жеке жашоодо популярдуулукка жетишесиз. Көӊүл буруулардан көөп кетпей, теӊ салмактуулукту сактаӊыз.
Каржы – Акчаны көбүрөөк табууга жана топтоого мүмкүнчүлүктөр табылат. Колдонуп калыӊыз.

БӨЙӨН – ЖЫЛКЫ
Жумушта – «Баары жакшы болуп кетет» деп өзүӊүздү алдабай, жумушуӊуз жакпаса башкага алмаштырыӊыз.
Үйдө – Окууда ийгиликтерге жетишесиз. Үй-бүлөнүн бакубат турмуш курушу сиз үчүн биринчи планга чыгат.
Каржы – Топтогон акчаӊыздын көп бөлүгү ден соолугуӊузду чыӊдоого жумшалат.

БӨЙӨН – КОЙ
Жумушта – Көйгөй жараткан иштер бул жылы оӊой чечилет.
Үйдө – Досторуӊуз болочок түгөйүӊүздү табууда жардамга келишет. Жаӊы жылда эс алуунун планын толтурасыз.
Каржы – Оӊой акча сиз тарапка агылмакчы, мелдештен же лотереядан утуп аласыз.

БӨЙӨН – МАЙМЫЛ
Жумушта – Атаандаштык күчүӊүздү алып, ишиӊиз солгундайт.
Үйдө – Жомоктогудай жашоону элестетпей, реалдуулукка келиӊиз. Идеалдуу адамды издей берип жалгыз калбаӊыз.
Каржы – Жай, күз мезгилдеринде бюджетиӊизди толтурууга шарт түзүлөт.

БӨЙӨН – ТООК
Жумушта – Башкаруучу орунга барам дегендердин ойлогону ишке ашат.
Үйдө – Бир калыпка салынган жумуш көӊүлүӊүздү шай кылып, дос-тууганга көӊүл бөлө баштайсыз.
Каржы – Башка жылдарга салыштырмалуу кирешеӊиз көбөйөт.

БӨЙӨН – ИТ
Жумушта – Соода тармагында иштегендер коркпой бизнесин кеӊейте беришсе болот.
Үйдө – Арзыган адамыӊыз үчүн асмандан айды алып берүүгө даяр болосуз. Негизгиси, ал адамды тандоодон жаӊылбаӊыз.
Каржы – Жылдын башы киреше менен кубантпайт. Жайында күнүмдүк керектөөӊүздөн арта турган пайда табасыз.

БӨЙӨН – ДОӉУЗ
Жумушта – Иш ордуӊузда сизге карата басым көрсөтүлөт.
Үйдө – Туугандарыӊыз колуӊуздан келбеген нерсени талап кылып, досторуӊуз жардамга келишет.
Каржы – Жумушуӊузда абал туруксуз болсо да, жетишерлик акча табасыз.

(Арстан, Бийкеч, Тараза, Чаян, Жаачы, Текечер, Суу куяр, Балык жылдыздарына астротөлгө кийинки сандарда)

Асыл Орозбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (19)
kubzero
2014-12-22 11:07:14
Ишене албайм бирок кантип окууга болбойт?
0
Altynym
2014-12-22 11:15:19
"Мысли материальны" деп коет го. Жакшы божомолго ишенсек сөзсүз орундалат. Жаман божомолго "койчу ай" деп кол шилтесек, ал да бизге кол шилтеп өтүп кетет.)))
+1
gulperi92
2014-12-22 11:34:44
Биздин чаян гороскобу жокко админ.
0
admin_superstan
2014-12-22 12:24:02
gulperi92, саламатсызбы!
Эмки сандарда чыгат.
0
jamalka-2
2014-12-22 14:05:35
калганы каякта?
0
admin_superstan
2014-12-22 14:21:02
jamalka-2, саламатсызбы!
Эмки сандарда чыгат.
0
Aksy-13
2014-12-22 16:23:53
мен эч тушунбодум
0
vankuver.
2014-12-23 13:03:41
Менин жылдызым жоккоооо?
0
Mononoke
2014-12-24 22:14:04
мен да эч тушунбой койдум. менин жылым маймыл. жылдызым букачар. ошондо эмне дегенин окуймун
0
admin_superstan
2014-12-25 11:02:53
Mononoke, саламатсызбы!
Биринчи турганы-жылдыз төлгө боюнча белгиңиз, экинчиси-жыл төлгө боюнча.
Мисалы, "ЭГИЗДЕР – ИТ" жылдыз төлгө боюнча Эгиз белгисинде, жыл төлгө боюнча Ит белгисинде төрөлгөндөр үчүн.
0
NARYN...777
2014-12-24 23:44:00
Тушунуксуз болуп калыптыр.
0
saryanti
2014-12-25 00:01:56
Түшүнүктүү эле болуп турат мисалы зодиак белгиң букачаар болсо жылың маймыл болсо ( букачаар маймыл) дегенди окуйсуң))))
0
Patrik2
2014-12-26 11:58:59
Текечер гана текечер?
0
admin_superstan
2014-12-26 12:39:33
Patrik2, саламатсызбы!
Кийинки сандарда чыгат.
0
Bella-life
2014-12-28 21:37:36
такыр тушунгон жокмун.
0
yylkan
2014-12-29 09:00:13
Жаачы кана туугандар
0
admin_superstan
2014-12-29 10:05:51
yylkan,саламатсызбы! Жаачы кийинки санга чыгат.
0
kunduz0702
2015-01-06 05:32:01
Ooi toobo admin da charchap ketti okshoit, ar birinerge birden tyshyndyryp, kylkym keldi okup alyp baary ele tyshynyktyy bolup turatko vrodi
0
Aibo88
2015-01-06 11:09:07
Wirk kechirilgiz kunoo iwenbegile
0
№ 633, 19-декабрь-25-декабрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан