МЫКТЫЛАРДЫН МЫКТЫСЫ АНЫКТАЛДЫ!

«Супер-Инфо» 2014-жылы талыкпай иштеген чыгармачыл инсандардын мыктыларын аныктады. Бул ирет жыл жыйынтыгы super.kg порталында добуш берүү аркылуу аныкталды. Ошентип эки турдан турган добуш берүүнүн жыйынтыгында төмөнкү номинанттар жеӊишке жетишишти. Жылдын мыктыларына байланышып, сезимдери менен бөлүштүк.

“ЖЫЛДЫН СУПЕР ЫРЧЫ АЙЫМЫ”
Сайкал Садыбакасова:
– Бул наамга көп жылдан бери көрсөтүлсөм да, ийгилик мага жылмайган эмес. Азыр аябай кубанып турам. Себеби менин эмгегимди күйөрмандарым баалашыптыр. Быйыл, чындыгында, тытынып иштедим. Жыйынтыгында “Жылдын супер ырчы айымы” наамына ээ болуп отурам. Добуш берүү жүрүп жатканда “сабырдуу болушум керек” деп койгом. "Сабырдын түбү сары алтын" деген чын экен.

 

 

 

 

“ЖЫЛДЫН СУПЕР ЫРЧЫ МЫРЗАСЫ”
Нурлан Насип:
– Таӊ атпай сонун кабар болду. Чындыгында, "быйыл утпай калам го" деп коркуп жаткам. Себеби Гүлжигит Сатыбеков байке экөөбүз теӊ тайлашып келе жатканбыз. Анын үстүнө быйыл продюсерсиз, жалгыз иштедим. Менден өтүп үйдөгү бир туугандарым тынчсызданып жатышкан. Жыйынтык чыгарылчу күн жакындаган сайын “албай калат окшойсуӊ” деп коркутушту эле. Бирок эмгегимди эл баалаптыр. Мага добуш берген күйөрмандарыма чоӊ ыраазычылык.

 

 

 



“ЖЫЛДЫН СУПЕР ДЕБЮТУ”
Самара Каримова:
– Азыр Гүлнур (ред. Асанова) курбумдун үйүндө элем. Өтө кубанычтамын. Толкунданып, эмне дешимди да билбей жатам. Телефонумдан улам добуштарды карап турдум. Туугандарым тынчсызданып, социалдык тармактардан күйөрмандарым да “сиз татыктуусуз” дешип мени бир топ колдошту. Баарына ыраазычылык, канчалаган татыктуу талапкерлердин арасынан озуп чыктым. Демек, менин күйөрмандарым күчтүү экен (күлүп).



“ЖЫЛДЫН САХНА АЖАРЫ”
Анжелика:
– Мени колдоп, мага добуш берген күйөрмандарыма рахмат. Аялзаты үчүн "Сахна ажары" деген наам алуу аябай чоӊ сыймык. Мен үчүн да бул наам жагымдуу.

 



“ЖЫЛДЫН СУПЕР ЫРЫ”
“Кыргыз бийи”,
Султан Садыралиев:
– “Кыргыз бийи” улуттук бийди гана эмес, патриоттук сезимди көтөрө турган ыр деп айтар элем. Бул ырды улуу кишилердин сунушу менен ырдап калдым. Аябай кубанып турам. Демек, эл эмгекти баалаптыр. Биздин үмүттөр акталып отурат. Бул ырдын үстүнөн көп адам эмгектенди, алардын баарына ыраазычылык.



“ЖЫЛДЫН СУПЕР РЕМЕЙКИ”
“Эски досторго”,
Роза Шакирова, Азиза, Айнура Салахидинова
Роза Шакирова: – Бул ырды негизи өзүм ырдасамбы деп жүргөм. Анан сөздөрүн байкасам достор менен ырдалчудай экен. Азиза менен Айнурага сунуштасам, алар дароо макул болушту. Ошентип ырды жаздырып ырдап чыктык. Байкасак, тойлордо эл аябай жакшы кабыл алып жатышат. Айнура “клип тарталы” деп калды. Мына минтип досторго арналган ырыбыз күйөрмандарыбыздын колдоосуна татып отурат. Аябай кубанып жатам. Азыр Айнура менен Азизага айтсам, алар да кубанышат. Бул үчөөбүздүн эмгегибиз да.

“ЖЫЛДЫН СУПЕР КЛИБИ”
“Жакшы көрөм түбөлүк”,
Асел Кадырбекова, Нурлан Насип
Асел Кадырбекова: – Бул клип Нурлан экөөбүздүн чыгармачылыгыбыздагы эӊ түйшүктүү тартылган эмгектердин бири. Ыйлагыбыз келген учурлар да болду. Биз көргөн түйшүктүн баары кадр артында калды. Аны тартуучу топ гана билет. Бирок жыйынтыгында "Жылдын супер клиби" наамына татыганы аябай кубандырат. Бизди колдогон күйөрмандарыбызга ыраазычылык билдиребиз.



“ЖЫЛДЫН СУПЕР САУНДТРЕГИ”(“АЯТ-3”)
Добр, Назира Токонова:
Добр: – Назира экөөбүз бул ырдын жаралышына себепкер “Аят-3” тасмасынын режиссёру Азамат Арыковго ыраазыбыз. Мен ырдын текстин тасманы көрбөй туруп жазган элем. Азамат байкенин түшүндүрмөсүнөн улам "жашоо бир келет" деген сөзгө басым жасап жазгам. Саптарында чыныгы жашоо чагылдырылган, чын жүрөктөн жаралган ыр болчу. Ырыбыз "Жылдын супер саундтреги" наамын алганына кубанычтабыз.



“ЖЫЛДЫН СУПЕР ТАСМАСЫ”
“Курманжан датка”
тасмасынын продюсери Фархад Бекманбетов:
– Алгач эле SUPER.KG порталынын окурмандарына ыраазычылык билдирем. “Курманжан датка” улуттук долбоор болгондуктан алгач тартуу иштери башталганда бир жагынан сыймыктануу болсо, бир жагынан кооптонуу болгон. Бизге артылган ишеничти актоо үчүн болгон күчүбүздү жумшадык. Чындыгында, тасма жылдын ачылышы болду деп ойлойм. Учурда АКШда жүргөн тасманын режиссёру Садык Шер-Нияз менен Элина Абай кызына, албетте, мындай кубанычтуу кабарды айтып сүйүнчүлөйм.

 

“ЖЫЛДЫН СУПЕР АКТРИСАСЫ”

“Жылдын супер актрисасы” деп Элина Абай кызы табылды. Учурда тасманын режиссёру Садык Шер-Нияз менен Элина Абай кызы АКШда жүрүшөт.


“ЖЫЛДЫН СУПЕР АКТЁРУ”
Азиз Мурадиллаев:
– Үйдөгүлөр “Супер-Инфо” гезитин үзбөй алып окушат. Бул наамга талапкер болуп, алдыда баратканымды гезиттен окудум. Негизи бул жыл мен үчүн эӊ масштабдуу “Курманжан датка” тасмасына тартылуум менен эсимде калды. Кыргыз эли үчүн маанилүү тарыхый тасмада көрүнүктүү роль жараттым. Сиздердин гезиттен алгачкы ирет ушундай наамга ээ болуудамын, рахмат!



“ЖЫЛДЫН ТВ ПЕРСОНАСЫ”
Эркин Рыскулбеков:
– Мен үчүн бул жеӊиш аябай күтүүсүз болду. Жанар Акаевди утат болуш керек деп ойлогом. Себеби журналист катары аны баалайм. Мен 3-ирет “Жылдын ТВ персонасы” наамына талапкер болуп, алгачкы жолу утуп жатам. Бул жеӊишим мен үчүн эмки жылы жакшы иштөөгө чоӊ стимул болуп берет. Мени колдоп добуш берген күйөрмандарыма чоӊ рахмат!



“ЖЫЛДЫН СУПЕР СПОРТЧУСУ”
Айсулуу Тыныбекова:
– Мени колдогон кыргыз элине ыраазымын. Былтыр бул наамды алганымда мынчалык толкунданган эмесмин. Быйылкы жеӊишимди элдин мага арткан ишеничи катары кабыл алып, аябай кубанып турам. Спорт сүйүүчүлөрүн "мага добуш бергиле" деп үгүттөгөн жокмун. Себеби эл кимдин эмгеги сыйлыкка татыктуу экенин өзү чечсин дедим.

Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Жылдын суперлери-2014" аныкталды
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (73)
mani
2014-12-24 16:43:18
Сонун жыйынтык. Мен куткондон да сонун, конулумду которуп, кубанычка болоду.
0
asel93
2014-12-25 09:56:59
Баарынарды алган наамынар мене куттуктайм!Онорунорго ийгилик,келе жаткан жаны жылда да коптогон ийгиликтерге ээ болгула.Супер инфонун жааматтары жана женишке ээ болгон мыктылар келе жаткан жаны жылыныздар менен!;)
0
Dilya55
2014-12-25 10:25:31
куттуктайм баарын бирок клип татыктуу эмес
0
sama1212
2014-12-25 14:00:13
Анжелика сахна эле эмес КРдын ажарыго. Молодец.
Саламатсызбы админ. Анжеликанын жашасын суйуу деген ыры менен попурисинин ролигин Даниярдын концертинен болуп алып бул жака жуктой аласыздарбы?
0
admin_superstan
2014-12-25 14:33:10
sama1212, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат.
0
emran
2014-12-25 18:29:30
Мыкты ырчы наамын Гулжигит Сатыбеков алыш керек болчу...
-1
Asianat
2014-12-26 00:45:41
Эркин Рыскулбековдун ыраазычылыгы озгочо болуптур " Супер инфонун тургундарына "деген ... Молодец ийгиликтерди багындырып журо бер.
0
Daha
2014-12-26 01:53:34
Аябай өкүнүчтүү Гүлжигит байкенин ыры супер ыр аталбаганы эң татыктуу ыр эле "сагындым" деген ыры
0
Alibekova2
2014-12-26 17:38:31
Мен добуш бергендердин баары женип чыгыптыр куттуктайм! Мыктысынар баарынар! Тиги красавчик жагат да... Алымбек Даткачы( тилин чыгарган смайлик)
0
alai1987
2014-12-26 18:31:10
эх чиркин элина акшда эмне кылып жургону мени кызыктырып жатат ваааайт супергоо супер... брата иш баргоо
0
Muhamad
2014-12-27 12:22:40
мелисбек абдрахманов
0
Muhamad
2014-12-27 12:23:54
супер инфо гезити силер бир жигити гезитге чыгар байтасынар иго неге
0
Nara1223
2014-12-27 19:46:55
Elina Abay kizi,kirgizda ushunday kizdar koooop bolso eken,siymiktanabiz siler m.n
0
URTI
2014-12-28 07:33:31
Гулжигиттин жердештери аябай жан тарткан го. Эл анча деле баалай бербейт го чындыгында. Нурланга ийгилик
0
bakythka
2015-01-05 20:27:37
Самара каримова неге алды билбейм ал эч татыктуу эмес.
0
ms.elmura
2015-01-16 22:11:25
Султан Садыралиевдин кыргыз бийи деген клиби таттыктуу болчу.Аябай мээнет кылып тарткан экен
0
№ 633, 19-декабрь-25-декабрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан