МИГРАНТТАРДЫ КАРАЙЛАТКАН “КАРА ТИЗМЕ” ЖАНА АНЫ ПАЙДАЛАНГАН ШЫЛУУНДАР

2014-жылдын 1-январынан тарта Орусияга кирүү-чыгуу тартибине өзгөртүүлөр киргизилген. Ага ылайык, аталган өлкөдө мыйзамсыз жүргөн эмгек мигранттарын «кара тизмеге» киргизип, тизмеде барын депортациялоо иши күч алган. Эмгек мигранттарынын арасында мекенине келип, бирок «кара тизмеге» түшүп калгандыктан кайра Орусияга кете албай жүргөндөрү көп. Мындай учурду колдон чыгарбай “кара тизмеден” чыгарабыз” деп алдаган шылуундар да чыкты.

  • Орусиянын расмий маалыматы боюнча, учурда 1 миллион 200 миӊ эмгек мигранты “кара тизмеге” кирген. Алардын 60 миӊге чукулу Кыргызстандын жарандары.
  • 16-декабрда Орусиянын Мамлекеттик Думасы Орусияда 9 айдан ашык мөөнөттө уруксат кагазы жок жүргөн мигранттарга 10 жыл өлкөгө кирүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алды.

ЖҮРҮП БАРАТКАН ПОЕЗДДЕН СЕКИРИШИП...
Үстүбүздөгү жылдын 2-декабрында “кара тизмеге” кирип калган 6 жараныбыз Казакстан менен Орусиянын чек арасына жакын жерде жүрүп бараткан поездден секиришип, алардын биринин колу сынып, башкалары да ар түрдүү жаракат алышкан. Учурда аларды мекенине алып келүү иштери жүрүп жатат. Бул биринчи жолкусу эмес, буга чейин да “кара тизмеге” кирген кыргызстандык 8 жаран Орусиянын аймагына мыйзамсыз өтүүгө аракет кылышкан. Алар Орусиянын чек арасына чейин жетүү үчүн поезддин узатуучулары менен сүйлөшүшүп, узатуучулардын бул “кызматы” 20 миӊ сомдон 1,5 миӊ долларга чейин бааланган. Алар 10-ноябрь күнү Бишкек-Москва багытындагы №17-поезд менен Бишкектен чыгышып, Орусиянын чек арасына жеткенде поездден секирип түшүшкөнү менен, чек арачыларга кармалып калышкан. Поездден секирген бир аял башынан жаракат алган. Ага ооруканадан жардам көрсөтүлүп, андан соӊ кыргызстандыктардын тобу Орусиянын Оренбург облусуна караштуу Беляевск районунун Алабайтал айылындагы чет элдик жарандар кармалуучу жайына киргизилген.

“ЧЕК АРАЧЫЛАР КЕЛБЕСЕ ӨЛҮП КАЛМАК ЭКЕМ”
Секирип, башы жарылган Динара аттуу айым кармалганда төмөнкүдөй көрсөтмө берген:
– Жолдошум менен ажырашып кеткем. 3 баламды багайын деп Москвага барып, дары чөп сатып, андан тышкары эки ишкананын полун жууп жүрдүм. Кыргызстанга келип, кайра кетейин деп Москвага билет алганы темир жол бекетине келип, “кара тизмеде” экендигимди билдим. Бул кабар мага катуу сокку болду. Анткени өзүбүздө жумуш жок, жападан жалгыз акча табуу булагы мен үчүн Москва эле. Шалдайып турсам, Айбек аттуу бир жигит келип “Капаланбаӊыз, менин тааныштарым “кара тизмеге” киргендерди деле чек арадан сүйлөшүп өткөрүп жүрүшөт, кааласаӊыз, азыр эле аларга жолуктурам” деди. Анын таанышы поездде узатуучу болуп иштеген Гапар аттуу жигит экен. “30 миӊ рубль берсеӊиз кепилдиги менен чек арадан өткөрүп коёбуз. Ал жакта тааныштарыбыз бар” деп мени ишендиришти. Мен карызга акча таап, жүгүмдү даярдап алып бекетке келдим. Гапар 10-вагонго алып келип, “узатуучу менин атам, жардамчысы болсо өгөй апам. Мен бүгүнкү рейсте кетпей калдым, сизди ушул экөө чек арадан өткөрүп коюшат” деп алар менен беттештирип, акчамды алып калды.
Ошентип Бишкектен чыгып, экинчи күнү Казакстан менен Орусиянын чек арасына жакындаганда узатуучулар “азыр поезд жайлайт, ошондо поездден секиресиӊер” дешти. Биздин вагондо секире турган 6 адам бар экенбиз. Узатуучу “эми секиргиле” дегенде жүрүп бараткан поездден секире баштадык. Кезегим жетип секиргенде башым менен жерге тийгенимди билем, андан аркысы эсимде жок. Көрсө, башым ташка тийип жарылып, кан токтобой агып жатканда чек арачылар келип, ооруканага жеткиришиптир. Дарыгерлер “жабык баш сөөк-мээ жаракаты” деген диагноз коюшуп, башымды тигип, кан куюшуптур. Эсиме келгенде дарыгерлер “чек арачылар өз убагында алып келишпесе өлүп калмаксыӊ” дешти.

“22 МИӉ СОМДУ АЛДАМЧЫГА БЕРИПТИРМИН”
“Кара тизмеден” чыгам деп капчыгын какшыткандар жогорудагы каармандарыбыз гана эмес, көп. Алардын бири – Бүүайым Жээнбекованын ортомчуларга
кантип алданганын өз оозунан угалы:
– 5 баланын энесимин. Жолдошум экөөбүз Орусияда иштеп үй-бүлөбүздү бакчу элек. Бир жарым жыл иштеген соӊ мен Кыргызстанга келгем. Кайра кетүү үчүн ушул жылдын апрель айында учакка билет алмакчы болуп интернеттен текшертсем, “кара тизмеге” кирип калыптырмын. Автобус менен өтүп көрүүнү чечип, чек арадан өтө албай кайра кайттым. Мага окшоп артка кайткандар көп болду. Келе жатып автобустан Келдибек аттуу бир жигит менен таанышып калдым. Ал “Замандаш” деген ассоциация “кара тизмеден” чыгаруу боюнча жардам берет экен, ал жерде досум иштейт” деп Акылбек аттуу досунун номерин берди. Эртеси Акылбекке жолугуп, экөөбүз бир имараттын алдына келдик. Ошол жерден ал “мага 5 миӊ сом бериӊиз. Сиз күтүп туруӊуз, мен балдарга берип чыгайын, ансыз иш бүтпөйт” деди. Ишиӊ түшсө ишенчээк болуп калат экенсиӊ. “Менде андай акча жок, болгону 2 миӊ сом бар” десем, ал “мейли анда” деп акчаны, документтеримдин көчүрмөсүн алып кирип, бир аздан соӊ “сизди дайындап койдум” деп чыкты.
2 күндөн кийин ал “Жумуштарыӊыз бүтө турган болду, Москвада иштеген тааныштарыма чалсам, алар сизди “кара тизмеден” чыгарабыз дешти. Мага 1000 доллар тезинен таап бере салыӊыз” деп телефон чалды. Менде анча акча жок эле. “Анда эки бөлүп берсеӊиз болот” дегенинен күйөөм 10 миӊ сом банк аркылуу которду. Өзүм да алтын сөйкө-шакектеримди күрөөгө коюп 10 миӊ сом таап, ошол күнү Акылбекке бердим. Ошентип “ана бүтөт, мына бүтөт” деп жүрүп 2 ай өтүп кетти. Акырында мени алдап жүргөнүн сезип “мага акчамды кайтарып бер” дедим. Ошондон кийин ал телефонун албай кача баштады. Ал иштейм деген жерге келип сураштырсам кызматкерлер “андай адам бизде иштебейт” дешти. Көрсө, ал эл аралык издөөдө жүргөн Акылбек Халматов аттуу алдамчы экен. Милицияга арыз жазсам "издеп жатабыз, тапсак эле байланышабыз" деген бойдон дайын жок. Алардан деле түӊүлүп калдым.

“МАМЛЕКЕТ ТАРАБЫНАН МААЛЫМАТ ЖЕТИШСИЗ”
Поездден секирген 8 жаранды мекенине алып келүүгө көмөк кылган “Замандаш” ассоциациясынын аткаруучу директору Майрамбек Жапанов төмөнкүлөргө токтолду:
– “Кара тизме” башталгандан бери кээ бирлери көптөгөн шылуундук жолдорду табышты. Алгач “кара тизмеге” киргениӊизди же кирбегениӊизди билип беребиз” деп 300 сомдон 500 сомго чейин алгандар чыкты. Кийин “кара тизмеден” чыгарып беребиз” деп 20 миӊ сомдон жогору акча алган алдамчылар көбөйдү. Мындай көрүнүш Орусияда да катталууда. Биздин ассоциацияда иштейм деп башкаларды алдап кеткендер да бар.
Алдамчылыкка атайын тиешелүү кызмат өкүлдөрүнүн, тагыраак айтканда, узатуучулардын катышуусу да өкүндүрөт. Бул биринчи көрүнүш эмес. Буга чейин да жарандарыбыздын кулчулукка кабылышына мамлекеттик кызматкерлердин тиешеси бар фактылар катталган.
Мындай көрүнүштүн көбөйүп жаткандыгы мамлекет тарабынан жеткиликтүү маалыматтын жоктугу экендигин биз ачык эле айта алабыз. Эмгек миграциясынын болжолдуу коркунучтарынын алдын ала турган чараларын күчөтүш керек. Мигранттар өлкөдөн чыгарда өзүнүн укуктук милдеттеринен тышкары “эмнеге баратам, кандай коркунучтарга кабылышым мүмкүн?” деген суроону өзүнө берип, тиешелүү кызматтарга же коомдук уюмдарга барып маалыматты кенен алыш керек. Алданган көп жарандарыбыз бизге жардам сурап кайрылышат. Биз аларга арыз жаздыртып, "мыйзам чегинде укук коргоо органдарына кайрылгыла" деп да көрдүк, тилекке каршы, ал аракетибизден майнап чыккан жок, шылуундар табылбай калды. Мигранттарды алдаган шылуундардын бири да мыйзам чегинде жазага тартылганын уга элекмин.
“Кара тизмеден” чыгаруу маселесине келгенде эч кандай иллюзиянын кереги жок. Анткени тизмеге эмнеден улам киргендигин жарандарыбыз өздөрү эле интернеттен тактап алса болот. Бизге келишсе деле тактап беребиз. “Кара тизмеден” чыгуунун мыйзамдуу гана жолдору бар. Ал үчүн Орусия өлкөсүнүн Федералдык миграциялык кызматына кайрылуу кажет.
Ал эми "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы жогорудагы окуялар тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди:
– Жүргүнчүлөр жүрүп бараткан поездден секирген факт боюнча учурда кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Гапар деген адам бизде мурда узатуучу болуп иштеп, кийин иштебей калган экен. Жүргүнчүлөр секирген вагондун узатуучусу учурда ооруканага жатып алыптыр. Иликтөө аяктаган соӊ бул окуяга тиешеси бар кызматкерлерге чара көрүлмөкчү.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
aruuzat88
2014-12-22 12:05:10
Кандай алданып калат, шаар коруп ак караны тааныган эле адамдар.Ушунчалык эле Москвага келгиниз келсе паспортунузду алмаштырса болот ошол акчага.
0
Begimkyz
2014-12-24 21:43:16
Ошону айтам да 20-30 миңге жаңы Ф.И.О сатып алууга болот.
0
tagokg
2014-12-26 11:52:14
Begimkyz, колдун отпечаткасын кайда катабыз, текшергенде чыгып калатго)))
0
nuris_ali
2014-12-25 18:05:15
Москвага келгенден кийин тынч эле документ жасатып иштесе болот да кудай деп оздорунун куноолорун билбей дагы келебиз дешет Акча жанынардан артыкпы ушунча вагондон секирип.Эркек кишилер гоо мейли аял кишилер жон эле койбойбу
+4
jazira_92
2014-12-26 03:10:56
Аялдар ишенчээк келебизго,байкуш аял ишенип алса керекда.Адамдарды алдаганы кантип кудуретинер жетет?
0
suiuktuujar
2014-12-26 14:57:01
Элди ойлогон биро болгондо ушинтип темселенип ар жерде журбойт элек.Мээси бар адам кандай журуп кетип аткан поездден секирет тообо.
0
zarina2005
2014-12-26 16:30:23
Админ сиздерден сураныч кара тизмеге тушкон жарандарыбызды ойлогон депутат же министир бар бекен эгер болсо алар менен байланышып элди кыйнап ден-соолугунан айрыбай кара тизме капсаланын чечип коюшсунчу айтып коюуздар рахмат
+1
zarina2005
2014-12-26 16:36:09
тсга да кошулдук мигранттарга женилдик болот деди эле эч болбосо кара тизмеден чыгаруу маселесин карашпадыбы ,ал жараандарыбыз да москвадан нанын таап жегенге аракет кылып баштары жарылып,акчаларын алдатып жатышат да анан не кылсын алар бийликтегилер кайдыгер карап жатса
0
chonko.samat7
2014-12-27 02:47:33
жашоо кыйын болуп баратго биз качан журот экенбиз озбуздун олкобуздо жакшына иштеп
+1
№ 633, 19-декабрь-25-декабрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан