“Артисттер элдин жүгүн көтөргөн адамдар, дайыма алардын кызыкчылыгын биринчи орунга коюп, өзүбүздүн жашообуз экинчи орунда калат” дейт эл жүгүн көтөрүп жүргөн ырчы Алтынай Нарбаева. Каарманым менен ар түрдүү темада маектештик.
– Саламатсызбы, Алтынай айым, бул жыл сиз үчүн кандай башталып, кандай аяктап жатат?
– Кандайсыӊар, алтындарым. Бул жыл мен үчүн жемиштүү жылдардын катарын толуктады. Апрель айында жеке концертимди бердим. Эл шатыра-шатман кол чаап, сүрөп, коштоп отурушту. Жандуу ырдагангабы, тердеп-тепчип, канча форма алмаштырсам, ошол кийимдеримдин баары былчылдап суу болуп жатты. Бул деле алтымыш тамырым зыркырап, эл менен тыгыз байланыш түзүп, гармонияда болгондун натыйжасы деп ойлойм. Акыркы жылдары концерттерди уюштурууда тереӊ изденүү, өсүү, көркөмдүүлүк пайда болуп калды, мен ушуга кубанам. Анан жакында эле белгилүү журнал, телеканалдар “Жылдын ыры”, “Жылдын ырчы айымы” деген наамдарын ыйгарышты, өтө кубанычтамын. Артист үчүн бул нерсе чоӊ стимул экен. “Жыл бою бекер иштебептирмин” деп өзүӊө канааттанып каласыӊ.
– Жаӊы жылды кимдер менен тососуз?
– Чыгармачыл адам элдин жүгүн көтөргөн инсан эмеспи. Биз элдин кызыкчылыгын биринчи орунга коюп, анан өзүбүздү ойлойбуз. Жаӊы жыл күнү тойго ырдаганы бара коюп, саат 12ге жетишип үйгө келе албай калган күндөр көп эле болгон. Негизи, бул майрамды үй-бүлөмдүн кашында тосом.
– Чыгармачылыгыӊызды 32 жашыӊыздан баштаганыӊызды билебиз...
– Азыр 47демин, чыгармачылык менен алектенгениме 15 жыл болуптур. Жогоруда айтпадымбы, артисттер элдин кызыкчылыгын биринчи орунга коёт деп. Туугандарымдын жакшылыктарына катыша албай, тойдо аягына чейин отура албай, аларды көп капа кылып алам. Мен деле элге окшоп тойдо чер жазып бийлеп, көӊүл ачып, аягына чейин отургум келет. Азыр эстесем, 32 жаштан бери бош отурган күнүм болбоптур. 32 жашка чейинки ар бир күнүм эсимде, ал эми андан беркиси мага бир күндөй эле сезилет. Бирок бул менин жетишкендигим, жеӊишим деп ойлойм.
– Чыгармачылыкта 15 жылдан бери жүргөнүӊүз менен калыӊ элге акыркы 5-6 жылда белгилүү болдуӊуз окшойт?
– Мен акырындан өз мээнетим, маӊдай терим менен сахнага чыктым. Колдоочум, демөөрчүм, таанышым болгон жок. Ар бир нерсенин жөнөкөйдөн татаалга, ылдыйдан жогоруга деген мыйзам ченемдүүлүгү болот. Менин өйдөгө көтөрүлгөн мезгилим 2007-жылдарга туш келди. Биринчи атыӊ үчүн иштейсиӊ, анан ага бекем отурганды да билиш керек. Мен азыр ошол атымдан кыйшайбай, эл кадырлаган ырчы болсом экен деп тилеп отурам. Анан да эл көзүндөгү адамдар башкаларга үлгү болуш үчүн көп жерден өзүнө тыюу салууга туура келет. Кайсы жерге барба “коробкада” жүргөндөй болосуӊ, базарга барып соода кылсаӊ күбүр-шыбыр, коомдук мончого барсаӊ андан бетер сөз кылышат, айтор, эл көзүндөгү адамдарга бул шартта кыйыныраак.
– Үйдө кандай кожойкесиз, энесиз, жубайсыз?
– Балдарды тарбиялоодо ур-токмокту колдонгон жокмун, балдар үчүн ата-эненин өзү энциклопедия, сен кандай болсоӊ, сенин жүрүм-турумуӊду көрүп эле тарбияланып калышат. Балаӊа “мындай бол, тигиндей бол” деп айтып андан өзүӊ алыстасаӊ кайдагы тарбия болсун?
Кызым Юридикалык академияны бүтүп, учурда Жогорку Сотто иштейт. Уулум студент. Өзүм үч жерде иштейм. №67-мектепте 30 жылдан бери музыкадан сабак берем. Ысык-Ата Арашан элдик фольклордук ансамблинде жана Бишкек шаардык мэриянын алдындагы эл аспаптар оркестринде солист болуп ырдайм. Балдарым экөө теӊ мен сабак берген мектепти бүтүшкөн. Жолдошум убактылуу бош, үйдө эле. “Өнөрлүү өлбөйт” демекчи, күндүзү жумушта, кечинде тойдо жүрөм. Элди жан дүйнөм, үй-бүлө, урук-тууганды тапкан маянам менен багып келе жатам. Үйдө айылдан келген туугандарыбыздын студент балдарын карайбыз, үйүбүздөн конок үзүлбөйт, өзүбүз калган күн аз эле болот.
– Жолдошуӊуз сиздин тыгыз иш графигиӊизге кандай карайт?
– Күнү-түнү ырдап жүргөн аял кимге жаксын?! Бизде деле түшүнбөстүктөрдөн казан-аяк кагышып, кээде үйдө “сармерден” болуп турат (күлүп). Турмуш деген татаал нерсе, кээде бири-бирибизге жакпай да кетебиз. Кечинде үйгө келгенде колум толтура пакет, чөнтөгүм толтура акча менен келем, ошондо да кээде жакшы кабыл алат, кээде жаман кабыл алат дегендей.
– Ырчы болуш үчүн эмне керек? Акчабы, таанышпы же күчтүү продюсерби?
– Эӊ башкысы, каалоо керек. Анан отко кирсе күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн, тегирменге салса бүтүн чыга турган эрки күчтүү адам болушу зарыл. Анткени чыгармачылыкта бут тосуу, атаандаштык көп болот экен. Мисалы, бир эле ырды он адам ырдашы мүмкүн. Кимдин ырдаганы элге көбүрөөк жагат, кимдики бат кабыл алынат деген ой түйшөлтүшү ыктымал. Мен бул нерсенин баарын басып өттүм, өзүм жөнүндө жаман сөздөр айтылса ыйлап, депрессияга түшкөн учурлар болду. Эми ким эле өзүн мен жаманмын деп айтсын, жакшы болбосом да орточомун деп ойлойт да, туурабы? Көӊүл деген назик, бул турмушта момент клей менен да, супер клей менен да чаптап бүтөгүс жаракалар болот. Менде ушундайлардан бир-экөө болду, аларды айтпай эле коёюн, ал жаракалар өзүм менен кошо кетет.
– Башыӊыздан канча сүйүү өткөргөнсүз?
– Азыркы жаш балдарда сүйүү эрте ойгонот, өзүм мектепте мугалим болуп иштеп, бул нерсени жакшы билем. 1-2-класста окуган окуучулар бири-бирине белек берип, көӊүл буруп калышат. А мага мындай сезимдер 9-класста келиптир. Мектебибизде жакшы бийлеген сулуу жигит бар эле. Экөөбүз 1-2 күн жакшы мамиледе сүйлөшүп жүрдүк. “Сулуу эркек жалпыныкы” деп коюшат эмеспи, ал жигитке да көп кыздар жакчу экен, мени таштап, башка кызды тандап кеткен. Сезимдерим тууралуу билген деле эмес. Өзүм ал кезде ыр жазып жүрчүмүн. Бир жолу мектептен кетип баратсам ошол жигит достору менен туруптур, жанындагы балдар “эй, 2 метр кат, 2 метр кат” деп кыйкырса болобу. Ага жазган ырларым кантип алардын колуна тийип калганын деле билбейм. Бийчи жигиттин мага сезимдери болбогондон кийин катты балдарына көрсөтүп, мактаныш үчүн эле алды да. Ошондо аябай кемсинип, ызаланып, депрессияга кабылгам. Ошол катты ким жеткиргени мага алиге чейин табышмак. Мындан 10 жыл мурун ошол бийчи жигитти кокусунан жолуктуруп калдым. Карасам тыйыны деле жоктой, жүдөө көрүндү. Отуруп баарлашсак, 2 жолу үйлөнүп ажырашканын айтты. Экөөбүз аркы-беркини сүйлөшүп отуруп ал мас болуп калды, мен намаз окугандыктан ичкен жокмун. Ошондо аны таштап, машинамды зуулдатып айдаган бойдон кетип калгам (күлүп).
– Азыр деле сүйүүсүн билдирген мырзалар барбы?
– Чыгармачылыгымды сыйлап, идеал тутуп, аялзатындагы аруулукту көрүп, алдымдан тосуп чыгып сезимдерин билдирген мырзалар бар. Мен аларга сый гана мамиле жасайм. Күйөөм укса үйдө дагы "сармерден" болуп кетпесин, ушуну менен бул теманы токтотолу, башка сурооӊ жок беле (күлүп)?
– Суроолорум бүттү, маегиӊизге чоӊ рахмат!
Лунара Бекиева
star@super.kg