ТЫНЧ ДОН

«Тынч Дон» – орус классикасынын туу чокусу, ХХ кылымдын эң мыкты романы саналган Михаил Шолоховдун чыгармасынын негизинде тартылган экинчи фильм. Эфирге чыкканга чейин абдан татаал жолду басып өткөн фильм жарыкка чыккандан кийин да кинематографисттер тарабынан көптөгөн сын-пикирлерге, ал эми дондуктар тарабынан абдан нааразычылыктарга туш болгон. Мунун башкы себеби, баш каармандардын ролдорун дондук казактардын жашоосун жакшы билбеген чет өлкөлүк актёрлордун аткарышы эле.

Фильмдин режиссёруСергей Бондарчук, Фёдор Бондарчук.
Сценарийин жазганМихаил Шолохов.
ПродюсериЭнцо Рисполи.
Башкы ролдордо: Григорий Мелехов
Руперт Эверетт, АксиньяДельфин Форест,
Пантелей
Мюррей Абрахам, НатальяАлёна Бондарчук, ДарьяНаталья Андрейченко.

ФИЛЬМДИН МАЗМУНУ
Тынч агып жаткан Дондун жээгинде казактардын бир калыптагыдай жашоосу өтүп жатат. Жаш казак Гришка Мелехов Аксинья аттуу кызды сүйүп калат. Бул жөнүндө билип калган каардуу атасы уулун жашоо-турмушу өз­дө­рүнүкүндөй үйбүлөнүн Наталья аттуу кызына күчкө салып үйлөндүрүп коёт. Гришка канчалык аракет кылса да ал аялын сүйө албай коёт да, жашы­руун түрдө өз сүйгөнү Аксинья менен жо­лугуп жүрө берет. Башында бул жөнүндө эч ким билбейт. Бирок, кийинчерээк аялы Наталья муну өз кө­зү менен көрүп калат да, жаңы эле боюнда болгон баласын алдырам деп өзү ооруга чалдыгат. ...
Окуя андан ары Григорийдин жашоосунун тегерегинде өнүгүп отурат.

ФИЛЬМДИН ТАРТЫЛЫШЫ
1980-жылдардын аягында 90-жылдардын башында белгилүү орус режиссёру Сергей Бондарчук жана италиялык продюсер Энцо Рисполи биргелешип, аталган фильмди тартууга киришишет. Фильмди Энцо каржыламак болот. Ал ошол эле мезгилде “Чыңгызхан” аттуу чоң долбоорлуу фильм да тар­тып жаткан болот. Сергей тасманы аз эле убакыттын ичинде, 11 айда тартып бүтөт. Фильмди монтаждоого даярдап жатканда Энцонун продюсердик фирмасы чоң чыгашага учурайт да, “Тынч Дон” тасмасын италиялык бир банк күрөөгө алып коёт. Аны кайрып алганга каражаты жетпеген Сергей Бондарчук бир жагынан оорусу кармап, бир жагынан эмгегинин текке кеткенин ойлоп кайгырып жүрүп 1994-жы­лы каза болот. Сергей Бон­­дарчук каза болгондон кийин анын жубайы, белгилүү актриса Ирина Скобцева жана уулу Фёдор Бондарчук абдан аракет кылып жатышып, акыры Рос­­сиянын тышкы иштер министринин, маданият министринин, “Мосфильм” киноконцернинин жана 1-каналдын жардамы менен 13 жылдан кийин тасманы кайтарып алышат. Эми режиссёрлук ишти Федор өз колуна алып, 10 сериялык фильмди толуктап бүтүрүп, эл­ге сунуш кылат. Бирок, тасманы монтаждоо, фильмди сүйлөтүү Фёдор үчүн жеңилге турбайт. Ал 13 жылдан бери ар­хивде туруп калган кадрларды топтоп, иреттеп, англис тилинде тартылган тасманы орусча сүйлөтүп чыгат. Бул жөнүндө ал өзү: “Ты­­нч Дондун” башка вариантын буга чейин белгилүү режиссёр Сергей Герасимов тарткан. А атам болсо өзү­нүн “Тынч Донун” тарткысы келген. Менимче, атам фильмде Аксинья менен Григорийдин сүйүүсүн баса көр­гөз­гүсү келсе керек. Ошондуктан, мен да тасмада сүйүүнү жакшылап чагылдырып берүүгө абдан аракет кылдым” деген. Тасма чындыгында Бондарчуктун үйбүлөсү үчүн абдан чоң мааниге ээ. Себеби, ата-бала Бондарчуктар режиссёрлук ишти аркалашса, Сергейдин жубайы Ирина Василисанын, кызы Алёна Натальянын, ал эми Сергей өзү генерал Красновдун ролун аткарышкан.

КЫЗЫКТУУ ОКУЯЛАР
Алгачкы эле күнү тасма тартуучу топ фильмди тартып баштоо үчүн Москванын чет жакасындагы бир тоого жөнө­шөт. Бирок, жолдун эң татаал жерине келгенде жол үзүлөт. Себеби, катуу селден улам жол бузулуп калган болот. Режиссёр планын бир аз өзгөртүп, фильмди ошол эле жерден тарта бе­рүү­нү сунуштайт. Буга батыштан келген актёрлор абдан коркушуп каршы болушат. Бирок, аягында режиссёрдун айтканын бербеген көк­тү­гүнөн фильм ошол жерде тартылат.
Фильмдеги баш каармандардын ролун аткарган актёрлор чет өлкө­лүктөр болгондуктан, фильм англисче тартылат. Бирок, бир белоруссиялык актёр англисче сүйлөсө акценти билинип кала берет. Анын акцентин такыр оңдой албай коюшкан съёмкалык топ анын ордуна аме­рикалык бирөөнү англисче сүйлө­түшөт. Ал эми белоруссиялык актёрдун орусча сүйлөгөнү билинбесин деп ага узун мурут тагып коюшат.
Тасмада кыш күнүн жайда тартууга туура келет. Ал үчүн съёмкалык топ ата­йын кар сатып алышып, эми эле фильмди тартып баштаарда ал эрип кетет. Акыры чыныгы кар менен тартуу мүмкүн эмес экенине көздөрү жетип, жасалма кар жасатышып, ошол менен тартышат.
Тасмадагы ат чабышуу, күрөштөр компьютерден жасалбастан, чыныгы түрдө тартылып алынган. Бул үчүн режиссёр камераны жүк көтөргүч кран аркылуу жогору көтөрткөн да, казак урушу уюштурулуп жаткан талаа толугу менен камтылуусу үчүн камераны тегеретип койгон.

ФИЛЬМДЕГИ КАТАЛАР

  • Чыгармадагы Григорий Мелеховду мурутсуз элестетүү мүмкүн эмес. Себеби, казактар арасында мурутсуз эркекти “аял жүздүү эркек” деп аташкан. А фильмде болсо баш каарман мурутсуз аткарат.
  • Салт боюнча казак кыздары көчөгө башына жоолук салынбай чыгышпаган болсо, фильмде Аксинья кө­чөдө дайыма эле жоолуксуз жүрөт.
  • Григорийдин атасы Пантелейдин ролун сөйкөчөн актёр ойнойт. Бул болсо дондук казактардын абдан кыжырын келтирген. Себеби, ал убакта эч бир эркек казак сөйкө тагынган эмес.
  • Фильмде казактар фуражкаларын сол жагына кыйшайта кийишип, көкүлүн оң жагына чыгарып алып жү­рүшөт. А чыгармада болсо тескерисинче, фуражкалар оң жакка кыйшайта кийилип, кө­күлдөр сол жактан чыгып турушу керек эле. Ошондой эле фильмде казактардын фуражкасынын калканы абдан узун. Ал дондук казактарда кыска эле болгон.
  • Казак аялдар күйөөлөрүнүн жанында эч качан жарым жылаңач жатышкан эмес. Алар дайыма жумшак, калың кездемеден тигилген көйнөк кийип жатышчу. А фильмде француз актриса жарым жылаңач чечинип алып жатат.
  • Чыгарманын баш каарманы Григорий абдан күчтүү, эр жүрөк жигит болгондуктан, фильмге да кайраттуу, күчтүү актёр тандалышы керек эле. Бирок, анын ролуна англиялык “голубой” актёр Руперт Эверетт тандалып коюлган. Руперттин «голубой» экендигин мурда эле англиялык гезит-журналдар жазып чыгышкан. Ушундан улам казактын ролун аткаруу Руперт үчүн абдан оор болгон.

Даярдаган Айым Сариева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 212, 24-30-ноябрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан