Тата Уланды эл этноакын катары тааныйт. Бирок Уландын кесиби актёр. Андыктан ал эми кинорежиссёр катары да талпына баштаарын айтат. "Окуп жүргөндө эле режиссёр болом деп агайга айта берчүмүн. Агай “сен али быша элексиӊ, азырынча ырларыӊды жаз” деп кеӊеш берген эле. “Качан бышам?” десем, “жашоону көрүп, башыӊдан сыноолор өткөндө” деген. Ыр жаздыруу менен "Чүкө", "Арак", "Баӊги" деген социалдык роликтерди да тарткам. Мына эми, кыялданган киного да убакыт келди окшойт. Азыркы учурда чындыктын чырылдап көмүскөдө калып жатканын, коррупциянын гүлдөгөнүн көрсөткүм келди.
Кинонун негизги принциптерине токтолсом, тасмада бир дагы орусча сөз колдонулбайт, мазмунунда тереӊ сырлар жатат",- дейт Тата Улан.