Борончу Кудайбергенов менен Тынар Курбаналиев “Чабан” деген интермедия жаратышкан. Анан эле саясат талаасында жүргөн аткаминерлер куудулдарга чалып опузалап, коркутушуптур. Бул боюнча Борончу Кудайбергенов: “Чабан” деген интермедия ойногон элек. Мен журналисттин, Тынар чабандын ролун жаратканбыз. Мен келип “кандайсыз анан, койлорду жакшы эле багып жатасызбы, кыйналган жоксузбу?” десем, Тынар: “Баары жакшы, 120 коюм бар. Койлорду да караш керек экен. Өткөн жылы карабай койсом бир кой тосмодон секирип, буту илинип калып, бир жыл дарыладык” дейт. Кыргызда “сөз ээсин табат” деген кеп бар эмеспи, ошондон кийин эле бул интермедиябыз өз ээлерин таап кетиптир. Анан эле саясатчылар телефон чалышып, “жолуӊарды бууп коёбуз, ушунчаӊарда токтоткула, болбосо бирди көрөсүӊөр” деп жатышат. Биз корксок ушуга чейин коркот элек. Интермедияны эки жолу телевидение тарткан, бирок чыгарышкан жок”,- дейт.