АЙНУРА 30 ЖАШЫН БЕЛГИЛЕП, УУЛУНУН ТУШООСУН КЕСТИ

Айнура Салахидинова 2-октябрда 30 жашка толсо, уулу Дари 17-декабрда бир жашка чыкты. Эки датаны белгилеген ырчы борбордогу кафелердин бирине санаалаштарын, дос-туугандарын чакырып бата алды. 150гө чамалуу конокту тоскон Айнура кыргыздын салты менен келгендерди сыртка чыгарып чуркатып, Даринин тушоосун кести. Ырчылардан Айгүл Чалова, Роза Шакирова, Фарида Карбозова айымдарга кошулуп чуркап, Роза экинчи болуп келди. Жигиттерден Нурлан Насип, Гүлжигит Сатыбековдор барышкан.
Баарынан да келген элди цирк өнөрпоздорунун күчүктөрү көрсөткөн оюн кызыктырды. Анткени ал күчүктөр санаганды билишет экен. Мисалы, "экиге экини кошсо канча?" деп сурасаӊыз, төрт жолу үрүп оозуӊузду ачырат. Ырчылар ырын созушса, көз боёомочулар конокторду ортого чыгарып, ар түрдүү оюндарды көрсөтүштү. Баса, Айнуранын жолдошу туулган күнүнүн урматына темир тулпар белек кылган. Ошентип конверттерге, ар түрдүү белектерге көмүлгөн ырчы айым тойго келгендерден бата алып, кечени жыйынтыктады.

star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Айнура Салахидинова 30 жашын белгилеп, уулунун тушоосун кести
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
amanatym
2014-12-22 10:40:09
уну деле жок. Бирок жагат ))) бактылууу болсун
0
4aidai
2014-12-23 02:06:43
amanatym, уну бар учу эл угат да. Менин эх жакшы коргон ырчым. Бакыт каалайм.
0
arlen22
2014-12-23 20:11:34
amanatym, башка коп ырчыларга караганда соонун эле уну бар
0
suiuktuujar
2014-12-22 10:52:56
Отуз жашыныз кут болсун уй булоолук бакыт баланыздын бактын корун кооп балалуу болун чыгармачылык ийгилик Дари эл керегине жараган жигит болсун.
+1
Elnuram090
2014-12-22 12:06:46
Эми отузга чыктыбы мен ойлогом жашы улуу болсо керек деп кут болсун!
0
Gugi
2014-12-22 15:49:57
Айнура дайыма жадырап жайнап журот! Азаматсын!!!Ушунундан жазба!!! Бактылуу бол!!! Жолдошун экоонор ушул жаман уулунардын жана келе жаткан чурпонордун жакшылыктарын гана коргуло!!!
0
Aksy-13
2014-12-22 19:01:39
Айнура азаматсын!!! былтыр да торогонго чейин бардык жаны жылдык программаларга катышып журдун эле. Аман-эсен коз жарып ал. Тилектешмин. Бардык ырдаган ырларынды жадабай угабыз. Чыгармачылыгына ийгилик. Озу кай жактан болосун, кай жакка турмушка чыккансын?
0
kalbek87
2014-12-23 15:03:00
Айнураны баалайм да ама кут болсун
0
edelveis0088
2014-12-23 18:22:24
жалал-абадка
0
jypar.i
2014-12-27 21:40:36
Elnuram090, сиздей адамдарга таң калам. Жакшыныкай эле болуп турбайбы, улуу болуп көрүнбөй эле. Ушу сын айткандан тажабадык го. Андан көрө жакшы-жакшы сөздөрдү жазбайбызбы. Өзүңүзгө деле жакшы болбойбу, көңүлүңүз көтөрүлүп
0
Leili
2015-01-11 21:07:01
фарида менен гуланда эмне болуп атышат яя ха ха го
0
2014_samat_DJ
2015-03-24 22:25:46
Айнура абдан акылдуу кыз жана мунозуда абдан жакшы бактылуу болгула.
0
№ 633, 19-декабрь-25-декабрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан