КРнын Эл артисти Гүлшайыр Садыбакасованын энеси Салия Омурзакова о дүйнө салды. 90 жаштагы Салия апа дайыма Гүлшайыр эже менен Сайкалдын жанында жүрүп, алардын акыл-кеӊешчиси эле. “Кызым юбилейин өткөрүп алсын деп күтүп жаткан болчу, мен концертимди берип Бишкектен Ошко келген соӊ төрт күндөн кийин эле өтүп кетти”,- деп жашыды Гүлшайыр эже. Ажалга айла жок экен, кайгыруу менен азасын теӊ бөлүшөбүз!
“Супер-Инфо” гезитинин эмгек жамааты.