Өткөн аптада эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов менен билим берүү жана илим министри Канат Садыков кызматтарынан бошотулушту. Алиясбек Алымкуловдун жүрүм-туруму, мурунку ички иштер министри Абдылда Суранчиев менен кайым айтышы коомчулукта талкуу жаратып, "миграция, жумушсуздук маселелерин чечүүгө аракеттер жок, дегеле бул министрликтин кереги барбы? Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигин мурунку структурага кайтаруу керек" деген пикирлер байма-бай айтылып келет.
Канат Садыковдун башына кара булут пайда болгонуна да көп болду. Ал 4 жылдан бери 4 ирет коалициялык көпчүлүк урап, 4 ирет жаӊы өкмөт курамы түзүлсө да “алмашкыс” министр болуп келе жаткан. Баш прокуратура Жоомарт Оторбаевден Кыргыз-Орус Славян университетинин медицина факультетине 24 абитуриентти мыйзамсыз кабыл алуу боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу министр Канат Садыковдун кызматына татыктуу, татыктуу эместигин кароону өтүнгөн эле. Мындай жагдайлар жогорудагы эки азаматтын кызматтан шыпырылышына алып келди.
Канчалык катачылыктар кетпесин, канчалык коомчулуктун сынына кабылбасын бизде чиновниктер бир кызматтан бошоп, эртеси кайра башка кызматка келе бериши мүмкүн. Алыс кетпей Саламаттыкты сактоо министрлигинен бошоп, Улуттук госпиталга башкы дарыгер болуп барган Динара
Сагинбаеваны эле мисал келтирүүгө болот. Ал эми Канат Садыков боюнча “Улуттук университетке ректорлукка барат” деген кеп-сөз айтылууда.
Бош калган министрлик орундарды толуктоо боюнча КСДП фракциясы активдүүлүгүн көрсөтө алды. Дегенибиз, Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине талапкерликке фракциялаштары Данияр Тербишалиевди сүрөп чыгышып, бирок ал баш тартып койду. Мындай милдетти депутат Ирина Карамушкина деле алып кете аларын айтышты. Депутат айым: “бул кызматка келүүгө жеке каалоом жок, бирок партия талап кылса иштеп берем”,- деди. Буга катар эле аталган кызматка журналист Жанар Акаевдин, учурунда Алиясбек Алымкуловго жардамчы катары иштеген Төлөн Усупбаевдин жана Эдил Байсаловдун да талапкерлиги каралууда.
Ал эми Билим берүү жана илим министрлигине учурдагы вице-премьер Эльвира Сариева сунушталып, Жогорку Кеӊештин 73 депутаты анын талапкерлигин жактырды. Социалдык блокко жетекчилик кылып жаткан Сариева мындай сунушту кызматтан төмөндөө катары кабыл албай турганын, тескерисинче, ой-максатты бир багытка топтоп иштөөгө мүмкүнчүлүк болорун билдирди. Вице-премьерликке КСДП депутат Дамира Ниязалиеваны сунуштоодо.
Наргиза Бекжанова
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg