“Издөөгө жарыяланган Канжар Кадыралиев ээн-эркин Куршабда сайрандап жүрөт”,- деген билдирүүнү Канжар Кадыралиевден жапа чеккенин айтып укук коргоо органдарына арыз жазган Келдибаевдердин үй-бүлөсү маалымат жыйынында билдиришти. Алардын айтымында, Канжар Кадыралиев аларга телефон чалып, оорукчан балдары барын айтып, кечирим сурап жатат. Бирок эмнегедир эле аны милиция кызматкерлери таба албай жатышат. 19-ноябрдан бери бул адамды издеп, таппай жатканы милиция кызматкерлеринин шалаакылыгыбы же "карга карганын көзүн чукубайт" түшүнүгү себеп болуп жатабы? Ош облустук ички иштер башкармалыгынан: "Милиция издебей жатат" деген сөздөр туура эмес, аны табуу боюнча бардык чаралар көрүлүүдө, бирок дайыны жок. Канжар Кадыралиевдин өлкөдөн чыгып кеткендиги боюнча чек ара кызматында маалымат жок. Башка бирөөнүн ысымы менен чек арадан мыйзамсыз өтүп кетиши мүмкүн деген божомол бар. Ошондуктан Интерполго кайрылып, материалдарды жөнөттүк”,- деп билдиришти.
Эске салсак, Өзгөн районунда жашаган Сактан Келдибаев аттуу ишкердин туугандары Ош шаардык прокуратурасынын кызматкери Канжар Кадыралиев ишкерди коркутуу жолу менен кафель чыгарган заводун тартып алууну көздөп жатканын айтып, арыз жазышкан. Анын артынан Абдиматалип Бекташев аттуу адам Кадыралиев коркутуу жолу менен анын ижарага алып жүргөн жер тилкесин тартып алганы жатканын айтып, укук коргоо органдарына кайрылган. Буга катар 2010-жылы каза тапкан “Чёрный Айбек” лакап аты бар криминалдык авторитет Айбек Мирсидиковдун апасы да милицияга кайрылып, Канжар Кадыралиев анын уулунун 25 жылкысын айдап кетип, акысын бербей койгону боюнча арызданган. Башкы прокуратура Канжар Кадыралиевге карата “бейбаштык”, “өзүм билемдик” жана “зомбулук көрсөтүү менен талап кылуу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Мунун негизинде Канжар Кыдыралиев Ош шаардык прокуратурасындагы ээлеген кызматынан бошотулган. Жалпы жонунан Канжар Кадыралиевдин үстүнөн 6 арыз түшкөнү айтылууда.
Наргиза Бекжанова
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg