АТАМБАЕВ УНУТТА КАЛГАН СПОРТЧУЛАРГА АКЧАЛАЙ СЫЙЛЫК ЫЙГАРАТ

Ушул жылдын октябрь айында эл аралык деӊгээлде ийгилик көргөзгөн спортчуларды президент Алмазбек Атамбаев кабыл алып, жалпысынан 8 миллион 202 миӊ сом көлөмүндөгү акчалай сыйлыктарды ыйгарган. Бирок быйыл 2 ирет медаль алган, жаштар арасындагы жеӊил атлетика боюнча Азия чемпиону Дарья Маслова, Азия чемпионатында командалык үчүнчү орунду ээлеген фехтование чеберлери Евгений Наумкин, Александр Черных, Михаил Иванов, Роман Петров, эркин күрөш боюнча Азия чемпиону Магомед Мусаев жана бир катар машыктыруучулар президенттен сыйлык албай калышкан. Көрсө, сыйлык алуучу спортчулардын тизмесине аларды Дене тарбия жана спорт агенттиги киргизбей коюптур.
Учурда өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасы менен ажодон акчалай сыйлык алуучу спортчулардын тизмеси кайрадан такталып жатканы маалым болду. Ал эми Дене тарбия жана спорт агенттигинин башчысы Кадырбек Эргешовго, борбордук аппараттын спорттук-массалык иштер бөлүмүнүн башкы адиси Чыӊгыз Искеновго, ошол эле бөлүмдүн башчысы Канатбек Арпачиевге мындай шалаакылык үчүн сөгүш жарыяланды. Мамлекеттик агенттиктин башчысы тарабынан премьер-министрге, агенттиктин статс-катчысы Нуржан Бардиновага жана башчынын орун басары Болот Мотукеевге сөгүш жарыялоо сунушталды.

 

Наргиза Бекжанова
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 633, 19-декабрь-25-декабрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан