Жогорку Кеӊештин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитети 16-декабрдагы отурумунда оӊ рулдуу автоунааларды өлкөгө алып кирүүгө тыюу салчу мыйзам долбоорун 2-окууда жактырышты. Эми ал жалпы жыйында каралат.
Ал эми Жол-кайгуул кызматынын башчысы Сергей Дьяченко: "2015-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанга оӊ рулдуу унааларды алып кирүүгө тыюу салынат",- деп ишенимдүү билдирүүдө. Ал 2016-жылдан тарта оӊ рулдуу унааларды коммерциялык багытта пайдаланууга да чектөө коюларын айтты. Бирок өлкөбүздөгү оӊ рулдуу унаалардын жүрүшүнө тыюу салынбайт.
Жогорку Кеӊештин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында оӊ рулдуу унааларды сол рулдуу кылып жасап чыгуу керек деген демилге колдоого алынган жок. Жыйынга катышып жаткан ички иштер министринин өкүлү “рулду бир тарабынан экинчи тарабына которууда бир катар механизмдер бар. Ал иш бизге туура келбейт. Бул нерсе жол кырсыгын 2 эсеге жогорулатып жибериши мүмкүн”,- деп билдирди. Бирок жол кырсыктарынын көп болушуна рулдун кайсы тарапта экендигинен мурун МАИчилердин мас айдоочулардан пара алып коё берип, айдоочулук күбөлүктү саткан фактылары, өлкөбүздөгү айдоо маданиятынын дээрлик жоктугу себеп болуп жаткандыгына тиешелүү мекемелер анчейин көӊүл бөлбөй жатышат.
Наргиза Бекжанова
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg