Ошто “Барсбек” монументалдык комплекси боюнча КЫЛМЫШ ИШИ козголду. Бул тууралуу 16-декабрда УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы билдирди. Эсептөө палатасы жүргүзгөн текшерүүгө ылайык, аткарылган жумуштардын көлөмү жогорулатылган. Мунун кесепетинен мамлекет 1 миллион сомдон ашык зыян тарткан.
Жыл башынан бери өлкө аймагында 6691 ЖОЛ КЫРСЫГЫ катталып, 897 адам каза тапкан. Алардын 111ин жаш балдар түзөт. Бул тууралуу 16-декабрда ИИМдин Жол-кайгуул кызматынын жетекчиси Сергей Дьяченко билдирди.
Балбан, грек-рим күрөшү боюнча “Бээжин-2008” Олимпиадасында 3-орунду ээлеген РУСЛАН ТҮМӨНБАЕВ Олимпиадага даярдоо борборунун директорунун орун басары болуп дайындалды.
"Эгер демилгеленип жаткан шайлоо боюнча өзгөртүүлөр жана толуктоолор күчүнө кирсе, кийинки парламентке үчтөн ашык партия өтө албай калышы мүмкүн" деди 16-декабрда журналисттерге "Республика – Ата Журт" партиясынын теӊ төрагасы КАМЧЫБЕК ТАШИЕВ.
"Ош электр" ишканасынын башкы директорунун орун басары НУРЛАН САДЫКОВ Кыргызстандын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары болуп дайындалды.
Кыргызстандыктар 2015-жылдын 1-январынан баштап Орусиянын аймагына кирүүдө чет өлкөгө чыгуучу ПАСПОРТТОРУН көрсөтүүгө милдеттүү. Орусиянын аймагынан сыртка чыгууда да аталган паспорт колдонулат. 2015-жылдын 1-январына чейин Орусияга ички паспорттор менен кирген жарандар чет өлкөгө чыгуучу паспортту Орусиянын аймагынан кыргыз элчилигине кайрылып, бүтүрүп алышса болот.
СОЦИАЛДЫК ЧӨЙРӨГӨ 2014-жылдын 11 айында 48 миллиард 119 миллион 800 миӊ сом же республикалык бюджеттин чыгымынын 57,8 пайызы жумшалды. Муну 17-декабрда Каржы министрлиги кабарлады.
Бишкек мэриясынын маалыматы боюнча, шаардын аймагында 6 миӊден ашуун МЫЙЗАМСЫЗ КУРУЛГАН ҮЙ бар. Алардын 3 миӊден ашуунун мыйзамдаштырууга болот. Калганын мыйзамдаштырууга мүмкүн эмес.
Түштүк Кореялык ишкерлер Кыргызстандын бардык аймагына WI-FI тармактарын орнотууга кызыкдар. Мындай сунуш 16-декабрда экономика министри Темир Сариев менен жолугушууда айтылды. Бул үчүн кореялыктар тийиштүү техникалык каражаттарды алып келүүгө макул.
Өкмөт башчынын буйругу менен Исфана шаарынын мэри ТАШБОЛОТ КОЗУБАЕВ жана Балыкчы шаарынын мэри МИРЛАН БООБЕКОВ ээлеген кызматтарынан бошотулду.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.