КУМТӨР УЛУТТАШТЫРЫЛСА ЫСЫК-КӨЛДҮКТӨРДҮН ТАГДЫРЫ КАНДАЙ БОЛОТ?

Кыргызстандагы эӊ ири ошондой эле мамлекеттик казынага эӊ көп салык төлөгөн ишкана – «Кумтөр» алтын кени. Аталган ишкана ички дүӊ өндүрүмдүн дээрлик 10 пайызын, экспорттук көлөмдөрдүн 40 пайызга чейинкисин толтурат. Ал эми дүӊ кирешесинин бир пайызы Ысык-Көл облусун өнүктүрүү үчүн атайы уюштурулган фондго бөлүнөт. Компания тарабынан каржыланган Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду бүгүнкү күндө кандай иштерди аткарууда жана ал жергиликтүү калктын жашоосу үчүн канчалык маанилүү? Учурда саясатчылар тарабынан көтөрүлүп жаткан улутташтыруу маселеси фонддун келечегине кандай таасир этет? Бул суроого жооп алуу үчүн Тоӊ жана Жети-Өгүз райондорунун тургундарынын пикирин сурадык.

«ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУН ӨНҮКТҮРҮҮ ФОНДУНУН МААНИСИ ЧОӉ»
Фонддун ишмердүүлүгү тууралуу Күн Чыгыш айыл өк­мө­түнүн депутаты, Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун Тоӊ районунун каражатты бөлүштүрүү боюнча байкоочу кеӊештин мүчөсү Лилия Сопиеваны кепке тарттык:
«Биз жыйналыш өткөрүп, анын алкагында пландарды карап, аткарыла турган иштер боюнча чечим кабыл алабыз. Негизинен каражаттар мектептерди, спорттук комплекстерди, клубдарды жана башка бүтпөй турган социалдык объектилердин курулушун аягына чыгарганга жумшалат. Эки жылдан бери фонддон бизге 50 миллион сом каражат бөлүнүп жатат. Биздин райондогу айыл өкмөттөрдүн көбү өзүн-өзү каржылай албай, мамлекеттик дотацияларда отургандыктан, ал каражаттын 60 пайызын социалдык объектилерге жумшасак, 40 пайызын киреше алып келе турган өнүктүрүү долбоорлоруна бөлөбүз»,- дейт.
“Чынын айтканда, азыр биздин акылыбыз техника алып иш жүргүзүүгө гана жетүүдө” деген эл өкүлүнүн айтымында, айыл өкмөттөр тракторлорду, жүк ташуучу жана жүктөөчү техникаларды алышкан. «Эки айыл өкмөтү болсо алынган техникаларды кайра «Кумтөрдүн» өзүнө ижарага берип, алтын кендин ишинен эки эсе пайда көрүшүүдө. Калгандары тракторлорун айыл чарба иштеринде пайдаланып, дыйкандарга арзан баада кызмат көрсөтүп, эл керегине жарап, казынаны толтуруп башташыптыр. Ал эми Улахол айыл өкмөтү болсо күнөсканаларды куруп, жашылча-жемиштерди өс­тү­рүүгө киришкен. Экономиканы өнүктүрүү үчүн жумуш орундарын түзүү зарыл. Аталган райондо айыл чарбасын жана чакан ишкерчиликти өнүктүрүү үчүн «Кумтөр» ишканасы «Тоӊ финанс» микрокредиттик агенттигин түзүп, бүгүнкү күнгө чейин кредиттик портфелин жогорулатууга каражат болуп келет. Бирок насыяга алынган соӊ өз маалында ишти бүтүрбөй, создуктурган ишкерлер да бар» дейт Лилия айым. «Мисалы, Күн Чыгыш айылында базар ачууну убада кылган ишкер бүгүнкү күнгө чейин ишти бүтүрбөй келет. Акчаны кайда жумшаганы да белгисиз.
Ишкана улутташтырылып кетсе, биздин районго өтө эле кыйын болуп калат. Азыркы тапта эки гана айыл өкмөт дотациядан чыккан. Бирок өзүбүздөгү каражат инфраструктураны жакшыртууга толук жетпейт. Сөзсүз кошумча каржылоого муктажбыз. Ал эми калган 7 айыл өкмөт республикалык казынадан бөлүнүүчү 2-3 миллион сомду карап отурушат. Өнүктүрүү фондунан ар бир айылга орто эсеп менен алганда 5 миллион сомдон тиет. Андай акчадан кур калгандагы абалды элестетүү кыйын. Андыктан биз үчүн «Кумтөрдүн» иштеп эле турганы жакшы».
Ал эми кенди өзүбүз иштетип кете албайбызбы деген сурообузга депутат айым: «Учурда банкротко учураган өзүбүздүн алтын кен ишканабыз «Макмалды» мисал келтирет элем. Кыргызстанда алтын казып алуу боюнча ийгиликтүү иштеп, ири өлчөмдө киреше алып келип жаткан бир гана «Кумтөр» ишканасы. Кенде жүргүзүлүп жаткан иш менен жакындан таанышып келгенбиз. Экологияга зыян тийгизбөө үчүн адистер жасап жаткан алгылыктуу иштер ,албетте, бизди кубандырбай койгон жок. Андан сырткары ал жердеги иштин ыргагы, тартипти башка бир да ишканадан көрө албайбыз»,- деп жооп берди.

«110 МИЛЛИОН СОМ БИЗДИН РАЙОНГО ТҮШҮҮДӨ»
Сапарыбызды андан ары Жети-Өгүз районун көздөй ба­гыттап, Тамга айылдык ке­ӊе­шинин депутаты Абылкайыр Узакбаев менен кеп учугун уладык. Мында да фонддон бөлүнгөн каражатка бир катар мектептерди, бала бакчаларды, клубдарды жаӊыртып, айрымдары пайдубалынан баштап курулганын белгилеп өттү:
– Фонддун колдоосу менен Жети-Өгүз районунда көптөгөн социалдык объектилер курулган жана курулууда. Мисал катары айтсам, жакында эле Тамга айылындагы 650 орундуу орто мектептин чатыры толугу менен жабылды, эшик-терезеси жаӊыланды жана ички жылытуу системи орнотулду. Андан сырткары Тосор айылында 600 гектар айдоо аянтын суу менен камсыздаган каналды оӊдоп-түзөөгө 200 миӊ сом бөлүндү. Былтыртан бери 110 миллион сом биздин районго түшүүдө. Айылдарыбыз акырындык менен дотациядан чыга башташты.

«МАМЛЕКЕТ ИШТИ КӨЗӨМӨЛДӨЙ АЛАБЫ, МАСЕЛЕ УШУНДА»
Мындан сырткары «Кумтөр» ишканасынын түздөн-түз бөлгөн каражатына түзүлгөн, жергиликтүү элдин өнүгүүсүнө көмөк бере турган Тамга айылындагы «Жети-Өгүз» микрокредиттик агенттиги иштейт. Агенттиктин каражатын пайдаланып бутуна туруп кеткен тургундар көп. Абылкайыр мырза да мал багып, сатуу менен пайда тапкандыктан агенттиктин насыясын дайыма аларын айтат. Ал: «Насыяны кайтаруу жеӊил, үстөгү 10-12 пайызды гана түзөт. Бул биздин облустагы эӊ төмөнкү үстөк пайыз! Былтыр май куюучу жайдын ишин кеӊейтүүгө 100 миӊ сом алган элем. Буюрса, аны төлөп бүтсөм, бизнесимди дагы кеӊейтүүгө мындан да көп суммада насыя алуу планым бар. Ишкер катары бизнестен тапкан пайдадан жергиликтүү бюджетке жылына 150 миӊ сомго жакын салык төгөм. Салык төлөөчүлөрдүн саны арбыса, мамлекетибиз үчүн жакшы да. Жалгыз «Кумтөрдү» карап отурбай, өз алдынча аракеттенүү менен гана өнүгө алабыз»- дейт.
«Учурда курч коюлуп жаткан улутташтыруу маселесине биз даяр эмеспиз. Саясатчылардын мындай кескин кадамдары бизге терс таасирин тийгизиши мүмкүн»,- деген элдик депутат Абылкайыр мырза: «Жергиликтүү тургун катары айтсам, улутташтырууга азыр эрте. Себеби «Кумтөр» Кыргызстанда гана эмес, Орто Азия боюнча эӊ ири ишкананын бири, алтын казуу боюнча дүйнөдөгү эӊ ири 10 компаниянын тизмесине кирет. Чоӊ ишкананы иштетүүгө чоӊ жоопкерчилик керек. Чет элдиктер «кыргыздар бир нерсени бат өздөштүрөт» деп жакшы жагыбызды дайыма белгилешет. Кендеги иштеп жаткан балдарыбыз ишти улантып кете алышат. Бирок мамлекет, ошол ишти көзөмөлдөй алабы, маселе ушунда. Балким, «Кыргызгаздын» кейпин кийип калсачы?..»- дейт.

Кубаныч Сыдыков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
marik10
2014-12-26 10:46:22
улутташтырууга барсак - Кыргызстан эмне болот деген суроо туура болот
0
№ 633, 19-декабрь-25-декабрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан