Төлөгөн Касымбеков «СЫНГАН КЫЛЫЧ» (Романды кыскача баяндап беребиз)

(Башталышы өткөн сандарда)

Ордо тараптан ар түркүн кеп угулуп, кайсынысы нуктуу, кайсынысы каӊырыш биле албай Курманжан айым миӊ толгонуп, ой-санаасы бир жерге токтолбой, дудала болуп турган чагы болчу. Түйшөлүп, кирпик кага албай жатканында капилеттен тээ алыстан ат кишенеп калды. “Ошол... Карача аргымак!” деп аптыгып ордунан тура калды. Дагы аргымак кишенеди. “Өзү экен... Датка келип калды окшойт, оо, Көкө Теӊир, ай, не күн болуп келип калды экен?!” Туталанып, не кубаныч, не кооптуу бир окуя сезгени белгисиз, эт-жүрөгү болкулдап, алдастай шыбырт келе жаткан жакты көздөй бет алды. “Эне, кайда барасыз, токтоӊ?!” дей албай эсейген эки уулу теӊ ээрчип, бири каӊтарылуу аттардын бирин жетелеп: “Эне, буну минип алыӊыз” дегенге жетише албай, логлоп чуркап баратышты. “Ыя?! Не болсо да жай эмес бу...” деп балдарынын ээрчигенин сезбей, артын карарга буямасы келбеди Курманжандын.
Бир убакта көп аттын дүбүртү даана угулуп, Карача аргымак кишенеп жиберди. Оо, санаадан учкул жок белем?! Курманжан айымдын көӊүлүнө “аргымакка датканын сөөгүн артып келатканбы, каран күн” деген ой зып деп, ошол замат коштогон көп атчан дуу өкүрүп жиберише тургандай сезим тула боюн дүркүрөтүп жиберди. Аӊгыча караӊгы арасынан атырыла баскан аргымак көрүнүп, байбиче каадасын тутунуп токтоно албай, Курманжан айым дуу эте чуркап жетип, аргымакты тизгиндеди:
– Келгиле, келгиле,- деп үнү калтаарып, күлүктү токтотпой кошо желе басты.
– Кандай, байбиче, тынчсыӊарбы, мал-жан эсенби?- деди эӊкейе Алымбек датка. Үнү шалкы. Жол азабыдыр?
– Кудайга шүгүр, элиӊиз эсен, биз эсен, датка!.. И-и?.. Ыя, неге мынча түн катып, датка?
Алымбек датка эмнеден баштап, эмне деп айтарын биле албай тунжурай калды.
“Бул эмне, биротоло баарынан кол жууп, үмүтү үзүлүп, деми кесилип бүтүп келгенби?!” деп ордо талашып жүргөн датканын бул кейишине эч макул боло албай, бир аргасыз кайгы, тээ тереӊден кыжыры дүрт тутанып, жүрөгү дүкүлдөп кетти. Алымбек датка да бу кумурсканын түндө оонап кеткен жерин билген дегендей керээт айымдын мындай чочулаганынан “дагы бир балекетти уккан экен” деген ойго кабылып, кымырылган ордо адамдары көз алдына бир тартылып өттү.
– Ыя, датка, дагы качып чыккансыз го?..
– Качып келгеним го жок, бирак абал жаман, байбиче...- деди чарчаӊкы.
Өргөөгө жакындап калышкан эле, Курманжан айым аргымакты суулугунан бура тартып, кайра окчундай жетелеп басты:
– Куп, жакшы! Андай болсо аттан түшпөӊ, ырым болсун, датка. Качуу оюӊузда жок болсо, маслахат үчүн эле келген болсоӊуз, куп, жакшы, ат жалынан эле бүтүрөлү, датка...
Бир тынбай жүрүп бели уюп, чаалыккан Алымбек датка ээрдин кашына өбөктөп, акырын күӊкүлдөп, ордодо болуп жаткан оош-кыйышты, кооптуу күндүн жакындап калганын айтты. “Кой, датка, ушул бийлик деле жетет бир башыӊызга, ордосу менен курусун, келгениӊиз жакшы болуптур, ордо башы болбосоӊуз беш чүрпөнүн атасы болуп, тынч-эсен жүргөнүӊүз ылазым, айланайын даткам...” деген ойдон башка маӊдайына келбей, бүт тула бою ныксырап, эгер минтсе өзү кандай мамиле кыларына даяр да эмес тунжурап турду.
– Ыя, датка, жүрөксүп калган окшойсуз?..- деди акырын, мындай жүрөксүнүшүнө макул эместиги деминен байкалып. Алымбек датка ээрден өйдө боло берди.
– Оо, аттиӊ, ай, жүрөксүнөр жөнүӊүз барбы, даткам, жаман айтпай жакшы жок, бул иштен мертингидей болсоӊуз, артыӊызда азамат беш Алымбек калып турбайбы?!
– Кайтканым оӊбу, байбиче?..
– Оӊ түгүл, датка, зарыл!- деди Курманжан айым туталана. – Эми качып кайда барасыз? Тээ куттагы ишенип отурган эл эмне дейт?! Дагы качып, дагы кара башыӊызга сыйынт сурап, дагы көмөк тилеп барсаӊыз?.. Ыя, иренжишпейби?! “Кимге ишенип, ким менен тагдырыбызды канжыгага байлап жүрөбүз?!” дешпейби?” Жамы кыргыз-кыпчак журту сизди карап турат. Мындай кезде, датка, кара жанды ала качкан айла эмес, көксөгөн максаттын кадырына кара башты тике сайып, жазатка өзү барып бериш – ошол айла, ошол акыл, ошол эрлик!..
Катаал сөздүн жүйөсүнө таӊ берип, Алымбек датка “ырас” деп чачылган санаасын жыйнап, кадыресе чыйрала түштү.
– Тез, кылчактабай артка кай­тыӊыз, датка. Минген бурактан түшпөӊүз, кармаган тизгинди коё бербеӊиз – бул ырым. Эртеӊки минер тагыӊызга, тутар өкүмдарлык тизгиниӊизге үмүт, тилек. Бурак үс­түнөн суусун ичип, азыр кай­тыӊыз.

(Уландысы кийинки сандарда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
NARYNGRAD
2014-12-22 19:26:41
Супер-инфо, роман гезиттин 629- жана 631-сандарына чыккан эмес беле? Же мен таппай атамбы? Жооп берип койсонуздар?
0
admin_superstan
2014-12-23 11:29:08
NARYNGRAD, саламатсызбы!
329-санына чыккан эмес. Ал эми №631-санына чыккан:
http://www.super.kg/article/?article=30433
0
№ 633, 19-декабрь-25-декабрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан