BEELINE SMART – ЧЕКСИЗ БААРЛАШУУ

Жаӊы жыл алдында Кыргызстандын телекоммуникация рыногунун лидери Beeline рынокко Beeline Smart смартфонун чыгарып, кыргызстандыктарга күтүүсүз белек тартуулады. Телефон сатыкка 15-декабрда чыкты. Бардык каалоочулар аны оператордун сатуу жана тейлөө кеӊселеринен сатып алышса болот.
Өткөн жумада оператор, журналисттер жана блогерлер үчүн Beeline Smart расмий бет ачарын өткөрдү. Алардын көпчүлүгү түзүлүштү апта ичинде колдонуп көрүп, позитивдүү, жаркын таасирлери менен бөлүштү. Жалпысынан алганда, көпчүлүктүн пикири боюнча, бул түзүлүш – баа-сапат катышын эске алганда эӊ мыкты сунуш.
Beeline компаниясынын башкы директору Олег Клочконун айтымында, Beeline Smart`тын Кыргызстандын рыногунда аналогу жок. Негизги артыкчылыгы – баасынын жеткиликтүүлүгү. Тактап айтканда, смартфонду болгону 3490 сомго сатып алууга болот, ал эми мүнөздөмөлөрү боюнча, ал азыркы тапта Кыргызстанда популярдуу моделдерден кем калышпайт.
Аппараттын артыкчылыктары: Ал көп функционалдуу, пайдаланууга ыӊгайлуу, тез жана сапаттуу иштейт. Динамик үндү орто катуулукта берет, сүйлөшүүдө угулушу жакшы. Анын мүнөздөмөлөрүнө токтолсок: Android 4.4 операциялык системинин базасында иштейт, 1,3 ГГц кубаттуу эки ядролук процессор, 4 дюймдук сенсор дисплей, GPS кабыл алгыч, 3,2 мегапикселдик камера жана сыйымдуу аккумуляторго ээ. Ошондой эле Wi-Fi жана Bluetooth 4.0. колдойт. Ак жана кара түстөгү эки моделдер сунушталат.
Смартфондун бет ачарында Beeline`дын өкүлдөрү кызыктуу статистикага токтолушту: Бүгүнкү күнү Кыргызстан калкынын 15 пайызы гана интернетти мобилдик түзүлүш аркылуу пайдаланат. Негизги себеп смартфондордун баасынын жогору болгонуна байланыштуу аларды көпчүлүк абоненттер сатып ала алышпайт. Ошондуктан Beeline Smart смартфону рынокко чыгарылды. Анын баасынын төмөн болушунун аркасында борбор калаанын гана эмес, алыскы аймактардын тургундары дагы сапаттуу заманбап девайс жана мобилдик интернетти пайдалануу мүмкүнчүлүгүн алышат.
«Интернет, DATA-багыт азыркы учур талабына айланып бара жатат. Интернет колдонуучулардын саны бүгүнкү күнү бүткүл дүйнөдө 3 миллиардга жетти. Мисалы, биздин өлкөдө мобилдик интернет колдонуучулар ар башка булактардын маалыматы боюнча 25тен 40 пайызга чейин жетет. Бүткүл дүйнөлүк тенденциялар жана абоненттердин керектөөлөрүнө таянып DATA-cтратегиясын активдүү жүзөгө ашырып жатабыз жана рынокто кеӊири интернет-сунуштар портфелин сунуштайбыз. Бирок бул абоненттер жана рынок үчүн жетишсиз экенин моюнга алабыз.
Кардарга багытталган жана социалдык активдүү оператор катары биз рынокко көп функционалдуу смартфонду пайдалуу баада чыгарууну чечтик. Биздин бизнес-чечим – жеткиликтүү смартфон, бүткүл өлкө боюнча сапаттуу интернет жана кеӊири сунуштар портфели кыргызстандыктардын дагы көп бөлүгүнө интернет тармагына кирүүгө жана баарлашуунун бардык инновациялык артыкчылыктарынан пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзөт деп ишенебиз»,- дейт Beeline компаниясынын башкы директору Олег Клочко.
Beeline`дын жаӊы жылдык сюрприздери муну менен бүтүп калбайт. Смартфон сатып алганда оператор 6 айга 1,5 Гб интернет-трафик белекке берет. Бул соцжелелерде жана мессенджерлерде чексиз баарлашуу, Google Play дүкөнүнөн тиркемелерди жүктөп алуу, клиптер жана фильмдерди көрүү, китептерди окуу жана сүйүктүү сайттарга кирүү мүмкүнчүлүктөрүн кеӊейтет.
Ошондой эле түзүлүшкө 1 жылдык мөөнөттөгү кепилдик берилет. Эгерде бул мезгилде аппарат бузулуп калса, Beeline кеӊселеринен аны алмаштырып же оӊдотуп алса болот.
Beeline смартфону кыска мөөнөт ичинде эле рыноктогу мыкты сунуштардан экенин далилдеди. Девайс көп маселелерди чечүүгө мүмкүнчүлүк берет, ал эми сапаты жана жагымдуу баасы аны жаӊы жылдык белек катары сатып алууга кошумча аргумент болот.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
rasan
2014-12-22 11:14:28
Жакшы экен
0
crishti_7
2014-12-24 14:37:05
молодцы, элдер 'бомж' сотка которушот эле эми ушуну которуп калат экенда. Бирок 1,5 гигабайт азда.
0
K.Batken
2014-12-24 19:01:26
6aiga dese cheksizbi dep,oshonusuna gana kyzyktym ele...1,5gb ekenda..6saatta tugot0m,6ai emes!
0
№ 633, 19-декабрь-25-декабрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан