Мен сүйүктүүм, жан биргем Кемел менен 23 жыл бирге жашадым. Ал дайыма менин туулган күнүмдө кооз гүлдесте тартуулачу. Аны берип жатып кулагыма “менин сүйүүм түбөлүк” деп шыбырай бетимден сүйөр эле.
Үч бала, 23 гүлдесте жана сүйүүгө, бакытка толгон 23 жыл... Мына ушуларды мага калтырып, ал бул дүйнөдөн кете берди.
Аны жоготкондон 9 ай өткөндөн кийин туулган күнүмдө өзүмө арналган гүлдесте алдым. Анын ичиндеги открыткада “менин сүйүүм түбөлүк” деген жазуу менен Кемелдин аты жүрөт. Гүлдестени кучактап, “бул кандайча?” деген бойдон турган ордумда катып калдым. Эриндерим дирилдей “мүмкүн эмес, болушу мүмкүн эмес...” деп жаттым. Бир убакта эсиме келе гүлдестени алып келген аялдын артынан чуркадым.
– Кечиресиз, эже, сиз адашкан жоксузбу? Билсеӊиз, ал...
– Билем, мен баарын билем. Кемел көз жумардан мурда мага келип, алдын ала узак жылга гүлдестеге акча төлөп, жыл сайын сенин туулган күнүӊдө жеткирип туруумду суранган. А мен ага ант бергем.
Муну угуп, жүрөгүм миӊ санга тилинип, көзүмдөн жаштар атып кетти. Гүлдестени кучактаган бойдон ыйлап бара жаттым.
– Байкушум десе, ажал тооруп өзүӊ кыйналып жатканыӊда да мени унутпаган экенсиӊ. Сен өлгөн эмессиӊ, Кемел, сен менин жүрөгүмдөсүӊ. Сени унутсам эле өткөн күндөрүмдү унуткан болбоймунбу! Аларды унутууга менин акым жок. Сен экөөбүз алгач таанышкан, анан баш кошкон, тун балалуу болгон күн...
Ал күнү кечки убак телефонум чырылдап калды.
– Алло, бул ким экен?
– Бул мен – Кемел. Кел, экөөбүз кечки саат ондо пристандан жолугалы.
Муну угуп бейтааныш жигитти тамашалагым келди.
– А сен жолугушуу үчүн шампан ала келесиӊби?
– Сен кааласаӊ эле болду да.
– Демек, колуӊда шампан, үстүӊдө...
– Көк футболка.
– Макул, бирок кечикпей кел, ээ.
Муну айтып күлүп алдым. Бирок бул кандай жигит болду экен деп кызыгуум артты. Ошентип саат ондо пристанга бардым. Карасам шампан көтөргөн жылдыздуу жигит турат. Аны көрүп эмнеге таанышууга болбосун деген ой келди.
Көрсө, ал күндүзү биз эс алып жаткан пансионаттан курсташ кызын жолуктуруп калып, экөө кечинде жолугушууга макулдашышкан экен. Ошентип, жаӊылыш чалынган коӊгуроо экөөбүздү табыштырган эле...
Экөөбүз баш кошкон күн. Мени бекем кучактап, көздөрүӊдү жалжылдаткан бойдон:
– Мен сенден жаӊы жылда өзүӊ токуган шарф, анан 9 ай ичинде сага окшош бетинде калы бар ымыркай кыз күтөм,- деген элеӊ.
– Шарф го колдон келет дечи, бирок беркиси сенсиз колумдан келбейт.
– А мен сага жардамдашам.
Буларды айтып алып экөөбүз теӊ кызара түшүп, анан каткырып калган элек...
Балалуу болгон күнчү...
Врачтар “дагы бир аптадан кийин төрөйсүӊ” дегенинен сен досторуӊ менен тоого эс алууга кеткен элеӊ. Мен ошол күнү сен келгиче төрөп койдум.
– Сүйүнчүнү уккандан кийин тоону жаӊырта “тоолор, сүйүнчү, мен балалуу болдум. Мен ата болдум!” деп кыйкырдым,- деп сүйүнгөндөн ыйлап, терип келген гүлүӊдү сунгансыӊ.
Жок, Кемел, өткөн күндөр да, сен да түбөлүк жүрөгүмдө жашайсыӊ. Мени күт, сага барам, өзүӊ айткандай, балдарды жайгаштырып коёюн, анан барам. Мени күт...
Жази
lira@super.kg