ТЕКЕЧЕР РЕАЛДУУЛУККА ЫКТАП, РОМАНТИКАГА ЖАРДЫ КЕЛЕТ

(22-декабрь – 20-январь аралыгында төрөлгөндөр)
Табияты (стихиясы) – Жер
Колдогон планетасы – Сатурн
Ташы – Рубин, оникс, малахит
Түсү – Жашыл, кочкул күрөӊ

Табиятынан жер менен байланышкан текечер жылдызынын алдында төрөлгөндөр асмандын башын самап, кыялдары менен алышып отура берген жандардан эмес. Колуна кармалган, көзүнө көрүнгөн нерселерди гана реалдуу тутуп, фантазия менен бет келишип калса, кытмыр күлүп өтүп кете турган­дардан. “Минтип коюш керек эле” деген сөздү аз айткан адамдар. Алар башкалардын өздөрү тууралуу би­лүү­сүнө бөгөт болуп, сырдуу боюнча кала беришет. Мындай бир мүнөз жандар сөзсүз түрдө жыйынтык чыгаруу үчүн гана иш башташат. Негизинен, мыкты архитектор, инженер жана электрондук техника жаатында өз ишин билген усталар калыптанат. Текечерлер ишинде ийгиликти жана үзүрдү жогору коюп, жумуш ордун көп алмаштырышпайт.
Мүнөзү: Түнт, кеч ачылып, бирок карыганча жагымдуулугун жоготпойт. Бардык нерседе бышык жана бүйрө болуп, сүйүүдө да бул сапатын кайталайт. Бирок сүйүүгө кабылышы кыйын. Жалгыздыктан жан алгыч көргөндөй корккондуктан, кош көӊүл көп сандаган романдарды түзүп коё берет. Өздөрүн ашыра мактай беришпейт, тескерисинче, “көшөгөнүн артында болууну” туура көрүшөт.
Мыкты сапаттары: Эпчил, тыкан, бышык, эмгекчил, мырзалары камкор жана мыкты колдоочу.
Кемчиликтери: Сараӊ, мерез, көк бет, айымдары өзүнө жана айланадагыларга таш боор келишет.
Шайкеш келген жылдыздар: Суу куяр, балык, букачар, бийкеч, чаян, жаачы.
Мамиле курса болот: Текечер, арс­тан, эгиздер.
Жылдызы келишпегендер: Кой, бөйөн, тараза.

ТЕКЕЧЕР – АЙЫМ
Бул айымдар ийгилик деп тү­мөндөгөн түйшүк, эмгектин жана курмандыктардын жыйынтыгын түшүнүшөт. Текечер – айымдар сарамжал келгендиктен аларга тагдырын байлаган мырзалар бардарчылык турмушта өмүр сүрүшөт. Сырткы келбети боюнча өзүнүн чыныгы жаш курагынан жашыраак көрүнүшөт. Буга жараша өздөрүнүн алып жүрүүсүн кылдат жана кыймыл-аракетин кооз көрсөтүшөт. Жубатуу сөздөрүн өтө сүйгөндүктөн комплимент айтылбай калса санааркап кирмейи да бар.
Билимдүү, ийгиликтүү адамдарга таасирленип, ошолорго жараша түздөнүшөт. Эгерде текечер айымга майлуу, сүттүү жумуш орду сунушталып калса, эч ойлонбостон макулдугун берет дагы, жашоосун ишине ылайык график менен жүргүзүп кете алат. Башын жоготуп, махабаттын айлампасына түшүп кетпеген айымдардын көбү текечерлерден чыгат. Мындан улам булар турмуш курууда өтө кылдат, бир сөз менен айтканда, эсеп менен турмушка чыгышат.

ТЕКЕЧЕР – МЫРЗА
Үй-бүлөдө бийликти колума алсам деген айымдар текечер жылдызынын алдында төрөлгөн мырзалар менен мамиле курам деп жатса, тезинен бул оюнан кайтсын. Себеби алар “аялдар үй жыйнап, кир жууп, бала төрөп,
таап келгенди ичип отурушу керек”
деген принцип менен жашашат. Текечер менен өмүр сүрүүнү колго алдыӊызбы? Анда романтикадан, мактоо жана жубатуу сөздөрүнөн үмүтүӊүздү үзүӊүз. “Аялдар кулагы менен сүйөт” деген сыпайы ишаратыӊыз тургай, бул нерсени түз айтсаӊыз деле жыйынтык бербейт. Анткен менен алар үйдө ишенимдүү күйөө болуп берет. Адаттан сырт өзгөчөлүк, жалпыга мүнөздүү эмес сапаттар буларда жокко эсе. Текечер – мырза бакыт деп туруктуу иш жана ага жараша туруктуу айлык акы, урабай турган бекем жана ынтымактуу үй-бүлө, анан, албетте, ошол үй-бүлөдөгү көп сандаган наристелерди эсептейт.

ТЕКЕЧЕР – НАРИСТЕ
Дегеле балабы, карыбы, аялбы, эркекпи бул текечер дегениӊ жапырт бир мүнөз жана баарына сак келишет. Жадакалса текечер – наристелер дагы кичинесинен ар бир майда-чүйдөгө маани берип, улуулар менен чоӊ адамдарча баарлашууга умтулушат. Бирок текечер жылдызынын алдында чүрпөлүү болсоӊуз, ден соолугуна төрөлгөн күндөн тарта этият болуӊуз. Ымыркайга тез суук тийип, сасык тумоо көп жабышат. Текечер – бала окууда ийгиликсиз болуп калса ага көӊүл буруп, моралдык жактан күчтүү таяныч болушуӊуз керек. Эгер көӊүл бурбай койсоӊуз, наристе депрессияга бат түшүп, андан куткаруу кыйынчылык туудуруп калат.

Гүлжан Асанкожоева
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (19)
nagima.95
2014-12-23 16:01:41
Менда текечермин жигитим да текечер екобуз 2еле кун урушпай суйлошобуз
+1
Nara1223
2014-12-23 18:15:38
Mina saga,men da tekechermin,tuptuura ele go,anan dagi kalp sozdu ayabay jek korushot,ozdoru da jalgan sozdordu aytkanga duhu jetpeyt kobuncho ;)
0
mirlaane
2014-12-23 19:34:03
20 prosent tuura sebep men da owol bur4tanmyn
0
Emu-Janyl
2014-12-23 20:19:04
Менда текечермин негизинен туура эле экен.Бирок менин жолдошум кой жылдызында торолгон,Иншаллах жакшы эле жашап жатабыз.
0
stal.ks
2014-12-24 04:57:56
Коп жагынан туура экен, чындап эле аялымды соз менен эркелетбейм, а так камкордук кылам.
0
pumba.timon
2014-12-24 05:10:35
мен да текечермин.коп муноздомо шайкеш келет.
0
crishti_7
2014-12-24 14:08:30
туптуура айтыптыр чиркин. Бирок мен озумду романтикмин деп эсептеймин.
0
janna1957
2014-12-25 05:16:11
80% туура жазылыптыр,менин жолдошум бойон,биз 5жылдан бери ынак эле жашап келе жатавыз 2кызыбызды тарбиялап.
0
j.julduz
2014-12-25 07:15:50
меники да 80% туптуура болду негизи эле супер инфо ушул жылдыз толгосу озгочо ар бир айда чыга турганы туптуура эле чыгат озумдукун чыдамсыздык менен кутуп журдум эле окуп эсалып калдым
0
HUMMER
2014-12-26 00:19:05
мен бойдок текечермин
0
Sun_shine
2015-01-22 11:09:11
туура эле экен, бирок мен саран анан мерез эмесмин, дагы бир нерсе, чындыкты бетке айтып салмай жайым бар)))
0
Mirlan.so
2015-01-23 01:34:07
Туура80%
0
altynka95
2015-02-08 20:31:13
50% туура чыкты
0
Peristem-koo
2015-02-16 10:34:48
Таш боор дегени туура чыкты окшойт.. Ойлоп корсом ошондой экенмин, бирок эмгекчилмин, тыканмын, чыдамкаймын.. Саран деп айланамдагылар айтышы мумкун, бирок элестетсенер мандай терим м.н тапкан акчамды берип коюп отуруп калсан бул да туура эмес.. Буюмумду ишеничтуу гана адамдарга гана берем..
0
erikkgz
2015-08-29 01:29:15
jyldyz tolgo dep ozuncho portal achyp koisonor jakwy bolmok eken...
0
№ 633, 19-декабрь-25-декабрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан