Төлөгөн Касымбеков «СЫНГАН КЫЛЫЧ» (Романды кыскача баяндап беребиз)

(Башталышы өткөн сандарда)

Алымбек датканын колу урушка кирбей, удургуп карап турду.
Полковник Колпаковскийге бул Кокон ордосунун көрөр көз адамы кара кыргыз Алымбектин колу экенин айтышты.
“Урушка кирбесе, аларды көз­дөй бардеӊкеден да ок чы­га­рыл­ба­сын!” деп буйрук берди полковник.
Күн кечтегенде Колпаковский кыжылдаган көп кошуундун капилеттен арасында калбоо амалын кылып, бекеттен чегинди. 21-октябрь күнү Канат шаа аскер кеӊешин жыйып, Колпаковскийдин чегинип кетишин жеӊиш деп эсептеп, эми арабалуу жай жүргөн орус кошуунун кууп, эс алдырбай кыйратуу оюн ортого салды. Алымбек датка “Кадырман, азирет ханыбыздын ар биринин кара башына пул төлөп, көп кунава жеп кураган кошуунун жалгыз атчан, жалаӊ тончон айдап чыгыптырсыз. Жалгыз ат жолдо эле арып бүткөн, жука тону бул жердин ысык-суугуна туруштук бермекпи, кайран азаматтар, ар бири шыбактын түбүндө ыйынып, урушу жок эле четинен боо түшүп, ич өткөктөн кырылып өлүп жатат го? Кошуундун бу акыбалын биле туруп, орустун замбиректеринин тажаалдыгын көрө туруп, “урушту күчалтабыз” дейсиз, сиздин азирет ханыбызга эскиден калган сөөк өчүӊүз барга окшойт. Кечээки жер жайнаган көп колун ич өткөк кылып бир кырып, орустун замбирегине бөөдө айдап бир кырып, түбүнө жетмек максатыӊыз барга окшойт” деп каршы чыгып, анын урушту улантабыз дегенин колдобой койду.
Бул беттешүүнү Кокондо ордо жыйынында да жеӊиш катары дүӊ кыла кабыл алышты. Кечкурун ханга жалгыз кирген Канат шаа чөк түшүп отурган калыбында “Сиз менен эл талашкан, сиз менен да бак талашкан бейнысап бар экен... Алымбек датка Сары-Өзөн журтуна чардап жатып алды, жардамга келбеди. Туугандары анын кадырына ак боз бээ чалышты” деп жамандады.
– Ыя, туугандары ак боз бээ чалып, аны хан көтөрүп алышкан турбайбы? Жамы кыр­гыз-кыпчактын башын бириктириш жолуна түшкөн турбайбы?.. Башын алмак ылазым дейсиз го?..- деди хан кекээр сездире.
Канат шаа ачык мындай сөздү айтпаса да, “айткан жокмун” деп актанбай койду.
Ары ойлонуп, бери ойлонуп, акыры Алымбек датканы көӊү­лүнүн тереӊинде күнөөкөр деп эсептеди Мала хан. “Саткын” деп айыптап, моюнунан байлатып, көчөмө көчө кыдыртып, анан башын алдырып сала тургандай, мына бу куу шыйрак Канат шаа эмес, ал Алымбек! Чарасыз абалга кабылып, хан башы менен кыйналып отуруп калды.
Орустар да бул беттешүүнү жеӊиш катары кабылдашты. Саны жагынан алда канча көп кошуунду токтотуп, аз гана чыгым тартып, аларды кыргынга кабылтуу – жеӊиш.
Кара кыргыздардын урушка катышпай коюшканын, Алымбек датканын ошол тапта орустун пайдасына кеткен табышмак мүнөзүн Колпаковский аскер губернаторуна билдирди. Күн батыш Сибирь аскер губернатору Гасфорд төрөдөн ошол 1860-жылдын 27-октябрында “Мындан ары кара кыргыздарга карата бир дагы каршы аракет кылынбасын. Уруу башчы манаптарына дагы бирден кымкап чапан берип сыйлап, жанга тартып туруу зарыл...” деген көрсөтмө келди.
Өз өргөөсү, өлөӊ төшөгүнө келип түшкөн Алымбек датка жубайы Курманжан менен сырдашып отурду. Эч нерсе жашырылбай, коркунуч ашырылбай да кемитилбей, ортого коюлду.
– Мына, ушин этип, датка, сиз ордодо “саткын” деп атал­дыӊыз...
Унчукпай башын ийкеди Алымбек. Ушундайча бааланарын ал тээ Жангарач бийдин өр­гөөсүндө болгон кеӊеш убагында эле өзү деле болжогон.
Куттагы туугандардын “ордону өзүӊ башкар, такка өзүӊ чык” дегени Курманжанды бир жагынан “ошондой эле болмокчу эле” деген кыязда көӊүлүнө жакты.
– Кут болсун, датка... Ушул тапта тигилер тиякта, силер биякта “бий”, “бек” деп койсо, “тага, ага” деп койсо ошого корстон, ошого алданып, ордонун бирде төрүнө өтүп, бирде улагасында улактай мууздалып калып, жан этин жеп күн көрөсүӊөр. Качанкыга чейин бириӊ тоодо, бириӊ ойдо, не өлүктөн, не тириктен кабар алышпай, жалгыздап кор болуп жүрөсүӊөр?! “Укурук моюн” акенин кеби кеп. Ордо ойрон болсун, аны алыш-коюш эртеӊки кыжалат, а анын таламайына, чапкынына туруштук кылгыдай журт бириктирип ынтымак-ырайышка өткөнүӊөр өтө абзел иш болгон. Кут болсун, датка...
Кеп балдар жакка ыкты.
– Абдылдаӊыз биз менен ушул Гүлшаада, калган төртөөнү төрт башка жерге койдум, датка...
Бири кармалса бири калсын, бири өлсө бири сакталсын дегени эмеспи?! Жүрөгү шуу дей түштү Алымбектин. “Ыя, абал ушунчалык эле кыйын болуп калганбы?..”
– Кудай сактасын,- деди ал кабагы үйрүлө, - ким батына алат?!
– Кудай сактанганды сактайм деген эмеспи, датка...
Кудайдын улук делген дүй­шөмбү күнү чабарман Алымбек даткага азирет өзү жазып, өзү мөөрүн баскан кат алып келди. “Кадырлуу датка агасын” “хан үкеси” ордонун улук дуванына чакырыптыр... “Ишке, сыркоого шылтап болсо да, ордого барбай турганыӊыз оӊ... Эч шаша көрбөӊ, датка. Бир шыбыш чыкпай койбойт акыры. Ордо ээсинин накта оюн билип алып, ошого жараша иш кылыӊ, датка” деген Курманжандын сөзү көӊүлүнө тык деп, муӊайым үнү жанында отургандай кулагына угулуп, жылуу иреӊи көз алдына тартыла калды.
– Кана, шыбыш?
Кечинде бир жүдөө адам кө­шөрүп суранып отуруп, датканын алдына кирди. Үжүрө ичин акмалап тиктеп алып, акырын:
– Бек, уккан кулакта жазык жок, ордо сизди саткын эсебине чыгарып, өлүмгө өкүм кылып койду... Алымбектин өӊү кумсарып кетти.
– Такпы бу кабар?
– Сиз менен так ээсинин ортосуна жалган жеринен от жаккыдай жаным экөө эмес. Өзү сизди “кокус өлүм” кылып алып, анан өзү “агам, ай” деп өкүрүп көм­мөкчү...
“Так ээсинин кастыгы ачык билинген соӊ сарайдагы бура­дарларыӊызга ишене бейгам жата көрбөӊ, датка. Киши кишиге жакшы күнүндө жакын, а башына иш түшкөн чагында киши кишиге калыс, алыс – кошо өрттөнбөйт, кошо өлбөйт. Буйдалбаӊ, сизди Анжияндын бийик сепили эмес, улуу тоонун койну калкалайт...” Дагы Курманжандын муӊайым үнү кулагына угулду. Көп турбай Алымбек датка өзүнө караштуу кошуунун алып, Анжияндан Ош багытына жол алып чыгып кетти.

(Уландысы кийинки сандарда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 631, 5-декабрь-11-декабрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан