ҮЧ КУРБУ (сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

Жанара менин бир тууганым! Тагдырдын мындай бурулушун таптакыр күтпөгөн элем. Эмне дээримди билбей калдым. Апам энтиге дем алган соң суу сурады. Суудан берсем аптыга жутуп алды да, акырын чачымдан сылады.
– Кызым, билем, сага бул нерсени кабыл алыш өтө оор. Бирок атаңдын акыркы аманатын да аткарбай койгонго эрким жетпеди. Жанаранын апасы Алтын турмушка чыккандан кийин 4-5 жыл өтпөй эле каза болду. Мен ал аялды билчү элем. Той-топурда мени кыйгач карап калганы болбосо, бир үн каткан эмес. Кийин гана ал көз караштын сырын билдим.
– Апа, мен эмне кылам, ыя? Кантем? Сөөк өчтү душманым деп жүргөн адам менин бир тууганым болсо, мага жашоонун башка сынагы аз беле?
– Берекем, мен сени эч нерсе деп зордобойм. Болгону чындыкты билсең болду. Жүрөгүң каалаган нерсени аткар.
Апам ушуларды айткандан кийин абалы начарлай баштады. Молдо чакыртып дем салдырып жатканда акырын көзүн ачып, кимдир бирөөнү издегендей болду. Мен көзүн тиктесем бир нерсе айткысы келди эле, бирок айта албады. Апам үн катпаса да эмнени айткысы келгенин билдим. «Кызым, кечир, кечиримдүү бол. Ооба, сага тагдыр көп сыноо камдады, бирок сен кечиримдүү бол. Тагдырды ошентип гана жеңесиң» деп жаткансыды.
Ошентип апамдан айрылып калдым. Аскар тоом кулагандай сезилди, акыркы жылдардагы оор соккуларды мен апамсыз көтөрө алат белем же жокпу, ким билет? Апамды жерге берип, элди, тууган-туушканды узаткандан кийин шаарга жөнөдүк.
Бир күнү Дастан жаныма келип, акырын колумду кармады.
– Жаным, сени бир нерсе кыйнап жатат, балким, айтарсың. Түнү менен түйшөлүп бирде атаңды, бирде апаңды чакырып, бирде “Жанара” деп кыйкырып жиберчү болдуң. Арыктап, күндөн күнгө кабагың ачылбай, кыйналып бара жатасың. Өзү айтабы десем, эч үн катпайсың.
– Дастан, апам көз жумар алдында бир нерсе айткан. Ошол ой мени тынч алдырбай кыйнап келет. Көрсө, Жанара...
– Эмне Жанара?
– Жанара экөөбүздүн атабыз бир адам экен. Дастан, ал экөөбүз бир тууган экенбиз.
Күтүлбөгөн бул кабар Дастанды да ойлонтуп койду. Ал бир топтон кийин гана бул жөнүндө ойлонбой эле коюшумду, турмуш өз ордуна коёрун айтты. Сөз менен айтыш ар дайым жеңил, бирок аткаруу оор. Эски сүрөттөрдү тиктеп отуруп, Жанаранын атама окшош көп жерлерин таптым. Тобо, ушуга чейин байкабаган экем, көрсө, атамдын чапчаң кыялы, курч мүнөзү, ал тургай көз караштары да Жанарада бар тура. Атаке, олда атакем, ай, эмнеге бул нерсени мага эрте айтпадың экен? Балким, биздин тагдырлар таптакыр башкача болмок.
Ушундан бир топ убакыт өткөндөн кийин биздин айылдык бир келинге жолугуп калдым. Учурашып, аркы-беркини сүйлөшүп отуруп, мага айылдагы акыркы жаңылыктарды айтып жатты.
– Ии, баса, тиги байкуш Жанарага аябай жаман болгон экен да.
Жүрөгүм шуу дей түштү. Эмне болуптур деп сурашымды билбей, көзүмдү алайтып туруп калдым.
– Жаман дартка чалдыгып калган тура, бечара, эрте эле турмушка чыгып алса болмок экен.
– Эмне болуптур?- дедим дирилдеп кеткен үнүмдү араң басып.
– Ой, өткөндө биздин айылдык Кыял жолугуп калыптыр. «Онкологиялык ооруканада жүрүптүр» дейт. “Ооруп жатканымды эч кимге айтпаңыз” деп жалдыраган экен байкуш. Аял кишинин ичине бир нерсе жатмак беле, айтылып кетти да. Жалгыз байкушка эч ким ооруканага келбейт экен, караган да эч кимиси жок дешти. Ай, Баян, сен барып койбойсуңбу, ыя? Кандай болсо да эгиз козудай болуп ээрчишип, чогуу өстүңөр эле го.
Эбиреп-жебиреп жаткан аны тиктеп тура бердим.
– Баян дейм...
– Ии.
– Ой, ботом, эмне мынча жалдырайсың тил-ооздон калгансып? Бир-эки күнгө бошмун. Кааласаң, экөөбүз барып тамак киргизип коёлу. Кандай дейсиң, ыя?
– Ии, барабыз, барабыз. Бирок азыр эмес. Сен бара бер, мен кийин өзүм барам.
Үйгө келип тынч алып отура албай койдум. Балким, мени кимдир бирөө сындаар, алсыз аял экен дээр, бирок мен үчүн өзүмдүн чындыгым жогору. Чындык ушул, мен Жанаранын жашоодогу жалгыз кандаш тууганымын. Мен аны мындай акыбалда таштап коё албайм, ага барышым керек. Антип чечип койгонуң менен да шарт басып кеткенге күч керек экен, дароо барганга батына албадым.
Бир күнү оорукананын босогосун аттадым. Издеп, палатасын таап барган соң таң калганымдан босогодо туруп калдым. Керебетте мен билген Жанара эмес, тирүү өлүк жаткандай эле. Ар дайым толмочунан келген чымыр жаны катуу арыктаптыр. Жүзү керсары, тек чалкасынан түшүп, шыпты тиктеп жатыптыр. Жанына келгенге чейин тааныган жок.
– Жанара, кандайсың?- дедим астейдил.
Ал таң кала тиктеп калды да, аста баш ийкеди.
– Кандай экенимди көрүп жатпайсыңбы.
– Мен ооруканада экениңди жакында гана билдим.
– Бул жер менин үйүмө айланды. Бир жарым жылдан бери чыгып, кайра келип эле жүрөм. Сени күткөн жок элем...
– Келдим,- башка сөзгө өтө албай, көтөрө келген нерселеримди анын тумбочкасына коё баштадым.
– Мынча көп нерсенин кереги жок эле.
– Бүгүн жебесең эртең жейсиң. Муздаткычың деги бар экен.
Ал-акыбалды сурашкан соң коштошуп чыгып кетип баратсам Жанара акырын үн салды.
– Баян!
– Ии
– Чоң рахмат! Мени кечирип кой. Миң жолу кечирим сурасам дагы кечирбейсиң, аны билем. Эмнеге сени эркектер жанын берип сүйөрүн, эмне үчүн мени эч ким, эч убакта сүйбөгөнүн эми түшүндүм. Сен өзгөчө аялсың! Сенден жеңилдим!
– Мен сени менен эч качан атаандашкан эмесмин. Сени бир тууганымдай жакшы көрчүмүн. Көрсө, чын эле...
– Баян, мен сенден кечирим сурабайм, анткени сен баары бир кечирбейсиң. Болгону муну окуп чыкчы. Бул менин күндөлүгүм. Бул китепче сага тааныш. Билесиң го, муну мен эч кимге окутчу эмесмин, бирөөгө окутам деп да ойлогон эмесмин,- деген ал баш жагындагы китепчени алып мага сунду. Анын колдору калтырап жатканын байкадым. Алып сумкама салдым.
– Эми келбей эле кой,- деди ал алсыз үнү менен. – Өлүп калганымды уксаң куран түшүрүп коёрсуң. Болгон күнөөмдү эми Жараткан өзү таразаласын. Кош, Баян! Кош, менин мээрман Баяным!
Чыгып кеттим. Көзүмдө каканактаган жаш, колумда китеп. Ал китептин саргарган барактарында анын, менин, Назиктин тагдырлары калган.
– Балким, ошол күндөлүктү мага алып келип берерсиз?- дедим мен Баянга суроо сала.
– Ал китеп жанымда. Кааласаңыз, азыр деле берем. Болгону аны өзгөрүүсүз жарыкка чыгарышыңызды каалайт элем.

(Кымбаттуу окурман, гезиттин эмки сандарында Жанаранын күндөлүгүнө күбө болосуз)

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (23)
Gulichka.milichka
2014-12-29 13:42:39
дагы башталды окшош кайталанма кундор
0
Begim8678
2014-12-29 14:03:09
Озгочо чыгарма болду го, баарына тең караган. Ар кимдин оз чындыгы бар да.
0
Akmosha
2014-12-30 08:59:58
Begim8678, Туура айтасын,эн озгочо чыгарма болду Айгул Шаршенге Караганда маанилуу эн мыкты жазылыптыр.
0
angelo4ka_96
2014-12-31 14:10:36
Akmosha, Айгүл Шаршендин баардык чыгармалары бирдей кучакташып жатып антип минтип фантастика дух сухтар келип!
А бул чыгармага сөз жок! Жашоодон алынган сыяктуу!
0
Pantherka
2014-12-29 15:13:05
Санта-Барбара болуп кетти го)))))
0
Titi
2014-12-29 17:06:53
Эми ошол эле окуя жанаранын айтуусунда кызыгы кетти
0
kaisarbek
2014-12-30 02:20:35
Кызыктуу эле болот менимче.
0
aibars
2014-12-30 03:40:20
Jurok oorukchan bolgonu kaldym men ushul chygarma menen))))
0
Ayperi94
2014-12-30 10:04:16
Ошондуктан дайыма сыйлашып отолу омурдон.Бул омур эч бир жанга туболуктуу эмес...
0
miledi89
2014-12-31 00:48:53
Мына кызыктын баары эми башталбпдыбы.
0
aika0906
2014-12-31 02:13:20
Аий али узаак окшойтбутпой койду го журок оору кылып
0
xperia_kg
2014-12-31 05:02:26
Коккуууй ай, кызыгы али буто экек го ыя ...
0
miia
2014-12-31 07:21:32
аягына чыкпас болду го.
0
angelo4ka_96
2014-12-31 14:11:34
Эми не болот? Кайра башынан башталабы? Деги азыр экөө биргеби? Бактылуубу?
0
rus.sayk
2015-01-01 13:15:21
Эми кундолукту окуйбуз.
0
АЙЫМАЙ
2015-01-03 01:12:41
Эми кийинкиси Алмаздын, балдарыгын кундолугу чыгат))

0
nurzat.71
2015-01-10 16:26:14
Эми Жанаранын омур баянын окуйбуз да.Бироого ор касса озу тушуп каларын ар бир пенде билиш керек. Кыянаттык кылуу эн чон куноо а-н жазасы кутуп турат.
0
№ 634, 26-декабрь-1-январь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан