ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (29-декабрдан 4-январга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Аптада сизди жагымсыз иштер коштоп жүрөт. Сатып алууну көздөгөн буюмуңуз оюңуздагыдай болбой калышы мүмкүн. Андыктан соода иштерин кийинкиге жылдырыңыз. Аны менен катар көрө албастык кылгандардын ушак-айың сөздөрү ээрчип, жаныңызды кашайтат. Жума күнү пландалган иштериңиз оңунан чыкпай, убара тартасыз. Жекшембиде конокко чакыруулар болот.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Аптанын башы уруш менен башталышы мүмкүн. Ал эми кийинки күндөрү айланадагыларга кулакты түрө жүрсөңүз, эң керектүү маалыматка ээ болосуз. Бейшембиде чоң суммадагы акчаны коротууга туура келет. Жума күнү касташкандар менен тирешүү жакшылыкка алып барбайт. Эс алуу күндөрү жан дүйнөңүздү азыктандыруу үчүн жаратылыш коюнуна жалгыз сейилдеп келүү сунушталат.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Орчундуу маселе күтүп турат. Абалдан чыгуу үчүн шашылбай, жакшылап анализдеген соң гана бир чечимге келиңиз. Болбосо түмөн түйшүктү башыңызга үйүп аласыз. Бейшембиде иш боюнча сунуштар түшсө макулдук берүүгө ашыкпай, талдап чыгыңыз. Убарасы көп, бирок пайдасы аз иш болуп калуусу мүмкүн. Апта соңун утурлай чөйрөңүздү жаңы адамдар толуктайт.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Колдон келбеген же көңүлүңүз чаппаган ишти аткарууга убада берүүдөн качыңыз. Ошондой эле жеке мамиледе өзгөрүүлөр күтүлөт. Таарынышуулар орун алат. Бирок мында да кескин кадамга барбай, ачууңузду басканыңыз оң. Ал эми иш жаатында сизге жардам бере тургандар четтен чыгат. Эс алуу күндөрү эски тааныштарыңыздын бирин кезиктиресиз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Дүйшөмбү жана шаршемби күндөрү жолдо этият болуңуз, кырсыкка кабылуу коркунучу чоң. Шейшембиде үйдөгү чарба иштери менен алектенүүгө туура келет. Аптанын экинчи жарымында жүрөгүңүзгө чок салган адамдын тилин табууга ыңгайлуу учур жаралат. Мүмкүнчүлүктү коё бербеңиз. Айрымдар алыс сапарга чыгуусу күтүлүүдө.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Кумар оюндарынан алыс болуңуз, бул багытта сизге аптада ийгилик жылмайбайт. Ал эми жаңы таанышуулардан баш тартпаңыз. Ал жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачып, сизге пайда гана алып келет. Шаршембиде керектүү буюм сатып аласыз. Ишемби көңүл көтөргөн окуяларга бай болсо, жекшембини достордун кучагында эс алуу менен өткөрөсүз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Максатыңызга жетүү үчүн бир топ тоскоолдуктарга тушугасыз. Ортодон айнып кетпесеңиз, күткөн жыйынтыкка жетесиз. Дүйшөмбүдө жумушта пикир келишпестиктер орун алса, ал эми шаршембиде түгөйлөр ортосунда таарынышуулар болот. Күнөө сизден кетпесе да, абалдан чыгуу үчүн баарына көнүңүз. Апта соңунда жасаган эмгегиңиз үчүн сыйга татыйсыз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Аптанын алгачкы жарымында өз билемдикке салып колго алган иштериңиздин убарасы көп болот. Артык кылам деп тыртык кылып, өзүңүзгө өзүңүз түйшүк жаратасыз. Андыктан көзүңүз жетпеген нерселерге асылбай эле койгонуңуз туура. Жума романтика коштогон окуя менен аяктайт. Ишембиде жакындарыңыздан жакшы кабар күтө бериңиз. Жекшембиде талаштуу маселеге аралашпаңыз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Жашооңузду өзгөртүүчү тандоо күтүп турат. Ары же бери болуу менен келечек тагдырыңызды аныктай турган апта. Андыктан бардык нерсени анализдеп, жолуңузду тандаңыз. Бейшембиде эңсеп жүргөн буюмуңузга ээ болосуз. Жума күнү акча, документтерге этият болуңуз, жоготуп алуу коркунучу чоң. Ишемби башка бирөөнүн ишине кийлигишпесеңиз, эс алууңуз тынч өтөт.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Ишиңизде майда нерсеге көңүл бурбай коюу бул аптада сизди чоң чыгымга дуушар кылышы мүмкүн. Маанилүү иштерди өзүм билемдикке салбай, эл менен кеңешиңиз. Жума күнү жашооңуздун багытын өзгөртүүгө түрткөн күтүүсүз окуяга туш болосуз. Ишембиде этият болуңуз, денеңизге жаракат келтирип алуу коркунучу жогору. Жекшембиде бойдокторду жаңы таанышуу күтөт.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Апта эски тааныштардын бири менен күтүүсүз кезигүүдөн башталат. Бул айрымдарга досу катары кубаныч тартууласа, кээ бирөөлөргө мурдагы түгөйү катары үй-бүлөлүк очогуна доо кетирген маселе жаратат. Апта ортосунда ден соолугуңуз начарлап кетүүсү мүмкүн. Желбектебей, өзүңүзгө кам көрүүнү унутпаңыз. Апта аягында эс алууну самаган менен үйдөгү чарба иштеринен колуңуз бошобойт.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Сырыңызды же иш боюнча планыңызды эч кимге ачыктабаңыз. Айланып келип ал нерселер өзүңүзгө муш болот. Ошондой эле эмнени каалап жатканыңызды так аныктап албасаңыз, көздөгөнүңүзгө жетүү оорчулук жаратат. Бейшембиде ишкерлер пайдалуу келишимдерди түзүүгө жетишет. Апта аягында бойдоктор издеген түгөйүн кезиктириши ыктымал.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 634, 26-декабрь-1-январь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан