Ачык-айрым, биринин сөзүнө экинчиси чычалабаган Кайрат Примбердиев менен жубайы Эльвира бири-бирине бап түгөйлөрдөн. Алардын сүйүү тарыхы да кызыктуу. Жаңы таанышканда биринин жигити, экинчисинин сүйлөшкөн кызы болгон. Эмесе, сөз кезегин түгөйлөргө берели.
– Кайрат, Эльвирага жетиш оңой болдубу же жигиттерден талашып далай мушташтыңбы?
К.: – Мен мушташпай эле, тескерисинче, Эля мени талашып кыздар менен мушташкан (күлүп). Карабайсызбы, эркектей болуп отурганында эле кеп жатпайбы.
Эльвира: – Актау шаарындагы ресторанда музыкант болуп иштеген классташ кызым жумуштан кетип жатып ордуна мени дайындап кеткен эле. Мен барып иштеп жүргөндө ресторандын кожоюндары, дайыма келген кардарлар «Кыргызстандык Кайрат деген ырчыны тааныйсыңбы, бул жакка келет бекен?» деп сурай беришчү. «Тааныйм, ал бизде жылдыз, бирок бул жакка келеби, келбейби билбейм» дечүмүн. Көрсө, Кайрат мага чейин ошол ресторанда бир жыл иштеп кетиптир. Анан эле Кайрат келди, экөөбүздүн тең сүйлөшүп жүргөн адамдарыбыз бар эле, алар Бишкекте калып, мамилебиз башталып кетти.
К.: – Мен эки бала менен Эля жашаган батирдин бир бөлмөсүнө кирдим. Барган күнү эле ушул кыз бизге тамак жасап турса деген ойдо шоколад берип жагындым. Ал дагы аэропорттон берилген бекер шоколад эле.
Э.: – Кайрат анда аябай арык болчу, тамак жасайм да, бурчка камап алып, «семиришиң керек» деп жедирчүмүн. Анда сүйүшүп кетебиз деген ой деле жок.
– Бир батирде жашап, сүйүү өзүнөн-өзү башталыптыр да?
К.: – Жумушка чогуу барабыз, келе жатканда Каспий деңизин бойлой сүйлөшүп жөө келебиз. Жээгинде ак чардактар, ак куулар көп эле. Анан кантип сүйүү башталбайт? Негизи мен жумуштагы кыздар менен көп сүйлөшө алчу эмесмин. Эля менен деле көп уруштум, башында мага жүдөмүш көрүнчү.
Э.: – Койчу, тескерисинче, сен мага жүдөмүш көрүнчүсүң, музыканы орто жеринен өчүрүп алып карбаластай берет элең, эсиңдеби? Мени менен урушуп кетсе эле, Бишкекте калган кызына телефон чалып, СМС жазып калчу. Мен аркасынан аңдып барып, кармап алып урушчумун.
– Эльвира, сен анда Кайратты коркутуп эле тийип алган окшойсуң, ээ?
К.: – Ооба да, курсагым да, кийимим да мындан көз каранды болчу. Мени базарга алып барып, «ресторандагы аялдардын баары сени карагыдай кылайынчы» деп өзү кийинтет эле. Анан казак кыздар жакшы көрүп артымдан чуркап, жакындай башташса, кайра өзү кызганып, алар менен урушуп кетчү.
– Үйлөнүүнү кантип сунуштадың?
К.: – Кыргызстанга кетмей болгонумда Элянын документтери бүтпөй Актауда калды. Таштап кетип жатканыма таарынып «экинчи сени менен сүйлөшпөйм, Кыргызстанга барбайм» деп сөз берди. Мурун алыстан үйгө келгенде кийимдеримди тыгып-тыгып келчүмүн. Бул жолкусунда Эля таарынып жатса да кийимдеримди тыкыйтып бүктөптүр, апам сумкамды ачып туруп «Кайрат, сен бул кызга үйлөнүшүң керек» дебедиби. Эки-үч күн өткөндөн кийин эле сагынып, «бул жакка келбесең болбойт» деп телефон чалып чакырып алдым. Келгенде үйлөнөлү деген сунушту киргиздим, Эля каршы болгон жок.
– Кимиңер сүйөм деген сөздү көп айтасыңар?
Э.: – Кайрат көп айтат. Кандай сөз болбосун эле сүйүүсүн байлай берет. Мисалы, «карачы, жаратылыш кандай сулуу, анткени мен сени сүйөм» дейт. Бул сыяктуу сөздөн күнүнө жок дегенде онду айтат.
К.: – Сүйлөшүп жүргөндө «мени сүйбөйсүң, эркелетпейсиң» деп таарына берчү. Мен ошондо «Кыргызстанга барайынчы, сөзсүз өзгөрөм» дегем. Сөзүмө турдум. Азыр Эля мага ыраазы.
– Сахнага качан жубайыңды алып чыгасың деп сурайын десем, Эля кош бойлуу экен...
Э.: – Буюрса, январда наристелүү болобуз. Чын эле мурун сахнага чыккым келчү, Кайрат урушуп жатып ал оюмду жок кылды. «Бир үйдөн бир эле ырчы жетишет» дей берет. Сахнада болбосом да, артында болоюн деп учурда кино операторлуктун окуусунда окуп жатам. Бул кесипти тандаганымды Кайрат колдоду, «менин клиптеримди тартып бересиң» деп сүйүнүп жатат.
– Эльвира, жолдошуң биринчи никесиндеги уулуна кеткенде апасы менен табышып албайбы деп сарсанаа болбойсуңбу?
Э.: – Баласы менен күн сайын жолуга бербесе да, ай сайын жолугуп турушат. Үйгө алып келет, чоң энеси деле сагынат да. Кайратты жолуктарбай койсом, баласы «ата, эмнеге келген жоксуз?» десе мен күнөөлүү болуп каламбы дейм. Албетте, кызганам, сарсанаа болом, бирок баары бир андай ишке барбайт деп ишенем.
– Кайрат, Эльвира кайсы мүнөзүн оңдосо дейсиң...
К.: – Көк беттиги жакпайт. Анысын орой мүнөзүм менен жок кылам деп ойлогом. Жаңылыптырмын, кыйкырсаң ого бетер тырышып калат экен. Ошондуктан азыр «ий, жаным менин» деп массаж жасай баштайм. «Алдаба, мени алдаба» деп сүйлөнүп жатып алданып калат.
Э.: – Бирок ошол көк беттигимди орой мүнөзү менен өзү чакырат. Мен экинчи аялы болгондуктан, сүйлөшүп жүргөнүбүздө атайын жаман жактарын көрсөтүп мени жакшы эле сынады. «Сен мага жакпайсың, сен жасай албайсың, экөөбүз чогуу боло албайбыз» деп уруша берчү. Бирок ичимден анчалык жаман адам эмес экенин сезчүмүн. Үйлөнгөндөн кийин Кайраттын бир топ жакшы сапаттары ачылды. Азыр кичине эле тултуңдап калсам белек көтөрүп кирип келет.
– Үйдө кимдин мыйзамы иштейт?
Э.: – Мындай да, тигиндей да алдап көрдүм, өзүнүкүн бербейт экен. Андан көрө акырын көлөкөсүндөй жанында жүрө берсең, акыры бир күнү өзү эле колго түшүп берет.
– Кандай күйөө баласың?
К.: – Эля апасынын жалгыз кызы. Ошондуктан кайненем «балам да сен, күйөө балам да сен» деп мени жакшы көрөт. Айрым кайненелердей болуп биздин жашоого кийлигише бербейт. Барганда кол кабыш кылам, албетте, колдон келишинче сыйлайм. Жаңы үйлөнгөндө кичине катуу сүйлөп койсом эле Эля таарынып кетип калчу, алып кеткени барганда да апам ашыкча сүйлөчү эмес.
– Рахмат маегиңерге, буюрса, жакында бешик тойго баралы.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg