ЖАҢЫ ЖЫЛ АЛДЫНДА ҮЙДҮ ТЕРС ЭНЕРГИЯДАН ТАЗАЛАҢЫЗ

Үй – адамдын жашоосундагы эң башкы материалдык байлык. Кыргыздар үйдү же боз үйдү «дөөтү» деп атап, эзелтен ага өзгөчө кам көрүп, жаман-жуман нерселерден тазалап, аластап келишкен. Эмесе, үй тазалоонун майда, бирок маани бербей жүргөн пайдалуу жолдорун билип алыңыз.

ҮЙ ТАЗАЛОО...
Жаңы жыл, Нооруз, туулган күн майрамдарынын алдында, үйгө көп конок келип кеткен соң, үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири капыстан кырсыкка кабылса, төрөт үйүнөн жакыныңыз наристе менен чыгып келер алдында үйдү терс энергиядан тазалаган ашыкча болбойт. Бул үчүн шкаф, текче, уктоочу эмеректердин алды, эски буюмдар турган жай (кладовка), тартмаларды сөзсүз тазалоо шарт.
Колдонулбай, эскирип калган буюмдарга ичиңиз ачышпай эле ыргытып жибериңиз. Керексиз оокаттардан арылып жатып, «ушуну менен жаман нерселердин баары чыгып кетсин, буларды ыргыткандан кийин ордуна мындан жакшы буюм келсин» деген сыяктуу тилектерди айтып, ылайыгы келсе, өрттөп салган оң.
Ошондой эле терезе-эшикти чоң ачып үйдү желдетип туруш керек. Мындан соң үйдө сүйлөнгөн жаман сөз, жаман көздөрдүн терс энергиялары чыгып, тазара түшөрүнө ишениңиз. Анан, албетте, үй-бүлө мүчөлөрү менен жагымдуу нерселер тууралуу баарлашып, оң энергия түзүүгө аракет кылыңыз.

«АЛАС-АЛАС, АР БАЛЭЭДЕН КАЛАС!»
Ата-бабаларыбыз илгертен жыл жаңырган сайын жакшы тилектерди айтып, үйлөрүн аластап, ырым-жырымдарын жасап келишкен. 2015-Кой жылынын алдында да мындай иш-аракеттер ашыктык кылбайт. Үйүңүздү жууп-тазалап, жерге салчу килем-палас, шырдакты күбүп чаңдардан арылтыңыз. Мындан соң жакшы тилектер менен арча күйгүзүп аластап чыгыңыз.
Чаң соргуч болсо деле жаңы шыпыргы сатып келип, бардык бөлмөнү жакшы каалоо айтып шыпырып чыгыңыз. Бул жамандыктын баары шыпырылып таштандыга чыгып кетсин деген ырым.

ЭСКИ БУЮМДАРГА ЭКИНЧИ ӨМҮР БЕРИҢИЗ
Билебиз, ар бирибиздин үйүбүздөгү керексиз буюмдарды чогултсак, керектүүбүздөн ашып түшөт. Андыктан кыйбай, ыргытып жибере албай жүргөн буюмдарыңызга экинчи өмүр бериңиз.
Курбуңуз белекке берген футболка, апаңыз сатып берген көйнөк, модасы бүтүп калган күрмө, балаңыздын кичинекей кезиндеги кийимдери, толук же арык кезиңизде алып, батпай калган кийимдер, пахтадан токулган, бирок пол жууганга чүпүрөк кылганга даабай жаткан кийимдер, деги койчу, мунун баары ар бирибизде бар.
Кийимдердин калыңдарын анча майда эмес, төрт бурчтук формасында кесип аласыз. Мындан соң кесиндилерди түсүнө жараша айкалыштыра тизип, бирине-бирин кошуп курай баштайсыз. Сиз каалаган көлөмдөгү плед куралганга чейин тигип кете бериңиз. Эми чекесине 3-5 сантиметр кылып ошол эле чүпүрөктөрдөн кесип алып, кыюу тигиңиз. Пледдин бети даяр болду. Ичин чыт менен ичтеп, ортосуна жүн, кебез же синтепондон жукараак кылып салып, аягын бекитиңиз.
Даяр болгон пледди көктөөнүн кажети жок. Ошол эле эски кийимдердин топчуларын ыргытып жибербей кесип алып калыңыз. Эми ар бир төрт бурчтук курактын ортосуна топчуну кадап, эки иштен бир иш кылып, кездеме менен синтепонду бириктирип тигип коёсуз. Ошентип эски кийимдер сизге жана үй-бүлө мүчөлөрүнө керектүү «жаңы» буюмга айланды. Мунун сыртына шейшеп каптап, жамынып алса да жаз-күз мезгилинде абдан жылуу болот.
Ушул эле ыкма менен жаздыкчаларды жасасаңыз, кайда болбосун чыканакка коюп жөлөнгөнгө пайдасы тиет. Токулган кийимдерди өтө майда кескенде жанып кетерин билесиз. Андыктан аларды чоң-чоң төрт бурчтук кылып кесип, жаздыкча жасап койсоңуз болот.
 
Боосу үзүлүп калган сааттар ар кимибиздин эле тартмабызда жатса керек. «Алмаштырып алам» деп жүрө берип, батарейкасынын заряды түгөнүп калгандары да бар. Саатты иштетип, боосун чыгарып салыңыз дагы, аны илгичинен кооз открыткага тигип бекитип, айланасын ар түрдүү шуру, кийимдердин түшүп калган брошкаларынан чогултуп, желимдин (клей) жардамы менен жабыштырыңыз. Открыткага каалоо-тилек жазып, Жаңы жылда белек кылсаңыз болот.

Эски капчык учурунда акчага толуп турганы үчүн «кирешелүү капчык эле» деп муну да ыргытпай алып жүрө беребиз. Жип-шуу саткан дүкөндөн токулган тасма сатып алыңыз. Аны менен эски капчыктын сыртын каптап желим менен чаптаңыз. Эми үзүлүп калган кооз шуруларыңызды жандырып, тасмага гүл түшүрүп тизип жабыштырып чыгыңыз. Жаңыланган капчык колдонууга даяр.

Ушул эле ыкма менен жаздыкчаларды жасасаңыз, кайда болбосун чыканакка коюп жөлөнгөнгө пайдасы тиет. Токулган кийимдерди өтө майда кескенде жанып кетерин билесиз. Андыктан аларды чоң-чоң төрт бурчтук кылып кесип, жаздыкча жасап койсоңуз болот.

Гүлжан Асанкожоева
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
Erkin.kg
2014-12-29 12:03:05
ой э...
0
altynka95
2014-12-29 14:10:26
Жакшы кенеш экен
0
Pantherka
2014-12-29 15:10:16
Сонун го мага плед жакты, бирок мен сразу ар кимге таратып же орттоп салам да )))))
0
Aksy-13
2014-12-29 16:07:45
мм жакшы кенеш экен эми кийимдерден курак кылып куракчы болсок окшойт кичинекей тошокчолорду кылып,
0
suiuktuujar
2014-12-29 17:22:14
Буйруса озубуздун уйго барганда жасайбыз
0
Aysuluuwa
2014-12-29 18:29:39
Сонун го,пледди жасап кором срзсуз
0
Misi
2014-12-29 20:30:35
буюрса эртен мен дагы уйумду шыпырып тазалап чыгайын
0
Ayka1994
2014-12-30 12:48:07
охооо ото маныздуу создор жана пайдалууу
0
aisuluu_8
2014-12-31 13:50:29
Рахмат супер абдан пайдалуу кенештер экен.
0
mister-maku
2015-01-02 00:54:08
админ телепрограмманы кандай тапсак болот? жазып коюнузчу
0
admin_superstan
2015-01-02 13:02:24
mister-maku, саламатсызбы! Тилекке каршы, телепрограмма сайтка жарыяланбайт
0
Nara1223
2015-01-03 09:31:56
"Uydo suylongon jaman soz,ters energiya,jagimduu nerseler tuuraluu baarlaship on energiya tuzuugo araket kiliniz"-en sonun kenesh,jakti maga.
0
№ 634, 26-декабрь-1-январь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан