2015-ЖЫЛГА АСТРОТӨЛГӨ

(Башы өткөн санда)

Өткөн саныбызда Кой, Букачар, Эгиздер, Бөйөн жылдызында төрөлгөндөрдү 2015-жылы эмнелер күтө тургандыгы боюнча астротөлгө жарыяланган. Бул ирет Арстан, Бийкеч, Тараза, Чаянга кезек келип, алардын карьерасы, жеке жашоосу кандай өнүгүп, каржы жааты кандай болору тууралуу сөз кылабыз.

АРСТАН (23.07-23.08)
АРСТАН – ЧЫЧКАН

Жумушта – Кызмат ордуӊузду сактап калуу үчүн акылгөйлүк керектелет. Кокустан жылмаюучу ийгиликке эмес, өзүӊүзгө ишениӊиз.
Үйдө – Жашооӊузда күтүлбөгөн окуяларга кабыласыз. Бирок жыйынтык кубантат. Жылдын чечүүчү окуясы январда болуп, жайында башка жакка көчүүӊүз мүмкүн.
Каржы – Акча сизди сүйүп, капчыгыӊызга түшүп турат.

АРСТАН – УЙ
Жумушта – Баары сиз каалагандай болуусу үчүн керектүү маалыматтарды колдоно билиӊиз. Таанышуулар жана жолугушуулар да сиздин пайдаӊызга иштегендей болсун.
Үйдө – Үй-бүлө очогуӊузда жылуулук жана мээрим орун алат. Бирок карасанатайлардын айынан 1-2 туугандан кол үзөсүз.
Каржы – Жаӊы таанышыӊыз керектүү багытты көрсөтүп, жомоктогудай кирешеге тушугасыз. Бирок кайсы бир ишке салбаӊыз. Өзүн актабай калат.

АРСТАН – ЖОЛБОРС
Жумушта – Ийгилик сиздин иш ордуӊузга баш багат, бирок узакка эмес. Андыктан тартипти сактап, билимди жогорулатыӊыз.
Үйдө – Күздө үйүӊүздө ымыркай үнү жаӊырат. Июлда айрымдардын жүрөктөрүн жаӊы сезимдер кытыгылап, сүйүү романы жаралат.
Каржы – Достордун бири банктан насыя алып, иштетүүгө салымын кошот.

АРСТАН – КОЁН
Жумушта – Лидерликти сактап кала аласыз. Айрымдар жаӊы багытта иштейт же ишкерликтин башка түрүнө өтүшөт.
Үйдө – Үй-бүлөлүүлөр жалпысынан камыр-жумур жашашат. Бойдоктор күздө кол сунган адамынын жашоого көз карашы башкача экендигин билип, андан кол үзүү же үзбөө чечимин
кабыл алышат.
Каржы – Жылдын экинчи жарымы акчанын көп болушуна убада берет.

АРСТАН – БАЛЫК
Жумушта – Иши курулуш тармагына байланышкандарды тоскоолдуктар күтөт. Ал эми моделдик, туристтик бизнесте иштегендердин ити чөп жейт.
Үйдө – Унутулгус жакшы жылдардан болот. Күздө үй-бүлө же достор менен чет жакта эс алып келүүӊүз мүмкүн.
Каржы – Табышкерлик сапатыӊыз өзүн актайт. Үй-бүлөлүк бизнес баштоого аракет кыласыз.

АРСТАН – ЖЫЛАН
Жумушта – Жамаат же шериктер менен чогуу иштеп, кирешени көбөйтүү жолун тапмайынча ийгилик жылмайбайт.
Үйдө – Жемелөө, акыл айтуу үй-бүлөнү сактоодо курал эместигин унутпасаӊыз эле, жашоо жайында. Бойдокторго сүйүктүү адамына көз каранды болуп калуудан абайлоо сунушталат.
Каржы – Акча бир калыпта түшүп, жыл этегинде үй же машина алууӊуз мүмкүн.

АРСТАН – ЖЫЛКЫ
Жумушта – Күчтүү эмоция жана аракетиӊиз сыйга жеткирет.
Үйдө – Үйүӊүздө ырыс-кешик уялашы үчүн жашоо шартты оӊдоп, жан биргеӊиздин көзүнө чөп салуудан оолак болуӊуз.ө
Каржы – Иштеп акча табууда кысым көрсөтүүлөр болот, ага туруштук бериӊиз. Ошондо кой үстүндө торгой жумурткалаган кез келет.

АРСТАН – КОЙ
Жумушта – Көп нерселерди өзгөртүп, жаӊычылдык киргизип, татыктуу кызмат орунуна илине аласыз.
Үйдө – Бири-бириӊиздерге эриш-аркак болуп, жашоонун арабасын кыйынчылыксыз тартасыздар.
Каржы – Жазында жана кеч күздө киреше мол болот. Акчаны иштетүүдө ишенимдүү адамга таянбасаӊыз, куру кол каласыз.

АРСТАН – МАЙМЫЛ
Жумушта – Жаӊылануулар орун алып, пайда алып келет. Тобокелдик да өзүн актайт.
Үйдө – Олуттуу өзгөрүүлөр күтүлөт. Чыдамдуу болсоӊуз, ырыскы-кутту кетирбей кармап каласыз. Жаӊы достордун кереги тиет.
Каржы – Үйдөгүлөрдүн жыргалчылыгын камсыздоочу киреше июндан баштап кире баштайт.

АРСТАН – ТООК
Жумушта – Чыгармачылык жана физикалык жактан жакшы формада болуп, ийгиликтерди багынтасыз.
Үйдө – Жылдын экинчи жарымында үйдөгүлөр же сүйүктүүӊүз менен жер кыдырасыз.Чөйрөдөгүлөр да жакшы мамиледе болуп, ырк бекем сакталат.
Каржы – Акчаны жакшы таап, жашаган үйүӊүздү кеӊейтесиз же алмаштырасыз.

АРСТАН – ИТ
Жумушта – Жоопкерчилик да, душмандар да көбөйөт. Сиздин таламды талашчулардын жардамына таянсаӊыз, карьерадан өсө аласыз.
Үйдө – Жазга чейин орун алган окуя жашоо, сүйүү жаатындагы көз карашыӊызды толук өзгөртөт.Чет өлкөдө иштеген таанышыӊыз конокко же иштөөгө чакырат.
Каржы – Акча кенен жетет. Бирок жумшактыгыӊыздан башкалар пайдаланып алдап кетүүсүнө жол бербеӊиз.

АРСТАН – ДОӉУЗ
Жумушта – Көп нерсе сизден көз каранды. Карьералык өсүштү, адамдар менен мамилени өөрчүтүүнү кааласаӊыз, күчүӊүздү жумшаӊыз.
Үйдө – Кээ бир жаш үй-бүлөлөр мамилелеринин келечеги жок экенин сезип, ажырашууга жетишет. Калгандардын жашоосунда жагымдуу күтүлбөстүктөр да, майда кагылышуулар да орун алат.
Каржы – Каалагандай сумма акырындап жүрүп, октябрда колуӊузга толук чогулат. Тилеген нерсеӊизди сатып алып, тойлойсуз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
БИЙКЕЧ – ЧЫЧКАН
Жумушта – Башка ишке күздө өтүүӊүз мүмкүн. Бирок бардыгын акыл калчап жасаганга туура келет.
Үйдө – Жыл ортосунда сүйүктүүӊүздөн алыс жашоого аргасыз болосуз. Бул командировкага же туугандардын маселесине байланыштуу келип чыгат.
Каржы – Иштегениӊизге жараша тиштейсиз.
БИЙКЕЧ – УЙ
Жумушта – Күтүлбөгөн жерден кызмат оруну сунушталат. Макул болуӊуз, колуӊуздан келет.
Үйдө – Үй-бүлө уясын жакшыртуу убаракерчилиги мамилелерди ширетет.
Каржы – Акча артыӊыздан ээрчийт. Ишкердикке аралашсаӊыз, байлык топтойсуз.

БИЙКЕЧ – ЖОЛБОРС
Жумушта – Башка ишке өтсөӊүз да, жаӊы долбоор баштасаӊыз да, сиз жасаган иштер бааланат.
Үйдө – Жаздагы таанышуулар жалгыз бойлордун тагдырын чечип, сүйүктүүсүн табат. Үй-бүлөлүүлөр сентябрга чейин иштеп да, эс алып да жетишишет.
Каржы – Тапканыӊыз жетип, көӊүл ток күн кечиресиз.

БИЙКЕЧ – КОЁН
Жумушта – Күзүндө иштен кете турган кырдаал түзүлүшү мүмкүн. Коркпоӊуз, сизди келечектүү иш өзү издеп келет.
Үйдө – Романтика, үй-бүлө кубанычтары алдыга чыгат. Сүйүү фронтунда күчтүү сезим алоолоп, таттуу түгөйлөр түзүлөт.
Каржы – Каражатты акыл-эстүүлүк менен жумшап, бизнесиӊизди кеӊейтесиз же жаӊы ишти өздөштүрөсүз.

БИЙКЕЧ – БАЛЫК
Жумушта – Айлыгы чөнтөгүӊүздү кубантарлык ишке орношууӊуз ыктымал. Бирөөлөр менен касташпай, ишенимге кириӊиз.
Үйдө – Жайында убадага турбагандыктан чыр чыгат. Кырдаал курчуп, мамилелер үзүлбөшү үчүн абалды оӊ нукка буруӊуз.
Каржы – Жыл бою сиз ишти, иш сизди багып жүрүп отурат.

БИЙКЕЧ – ЖЫЛАН
Жумушта – Маселелерди чечүүдө туура багыт тандасаӊыз, тоскоол болгон тосмолорду жарып өтөсүз.
Үйдө – Очогуӊузда бейпилдик орун алсын үчүн шеригиӊизден ишенимдүүлүктү көп талап кылып, жөнү жок чыр чыгарбаӊыз.
Каржы – Күздүн башы жана кыштын аягы чөнтөгүӊүздү жакшы жылытат.

БИЙКЕЧ – ЖЫЛКЫ
Жумушта – Пландалган иш боюнча маселелерди өз алдыӊызча чечиӊиз, ошондо ийгиликке кепилдик болот.
Үйдө – Көбүндө үй-бүлө түйшүгүн көбүрөөк аркалап жаткандай түшүнүк жаралып, жоопкерчиликтен кача башташат. Кырдаалды теӊ салмактап, сүйүүнү бапестөөнү эске алыӊыз.
Каржы – Чөйрөӊүз кеӊейип, каржылык мүмкүнчүлүгүӊүз өсөт.

БИЙКЕЧ – КОЙ
Жумушта – Мартта жумуш, ал эми августта турак маселеси кыялыӊыздагыдай чечилет.
Үйдө – Жайга жакын сиздин жашооӊузга аралашкысы келген, сезимин арнаган адам чыгат.
Каржы – Азгырган сунуштарга ойлонбой макул болсоӊуз, акчаӊыз көбөйбөй эле бир орунду таптап каласыз.

БИЙКЕЧ – МАЙМЫЛ
Жумушта – Ишиӊиз бир калыпта кылдырттай бермекчи. Башкалар жөндөй албаган долбоорду жетекчилик сизге тапшырып, ал киреше апкелет.
Үйдө – Кам көрүп, жардам көрсөткүсү келген адамга “жок” дегенге шашпаӊыз. Мүмкүн, ал жашооӊузга жаӊылануу тартуулайт.
Каржы – Чөнтөгүӊүздө шамал да ышкырбайт, акча батпай да калбайт.

БИЙКЕЧ – ТООК
Жумушта – Чыгармачылык эргүү коштоп, ийгиликтерди багынтасыз.
Үйдө – Карьера да, акча да жакындарыӊыздан ашык турбасын сездирген окуя чыгат. Сүйүүсүн убагында билдире албагандар сүйүктүүсүн башкага тарттырып жиберерин эске алуулары зарыл.
Каржы – Жаздын аягында баштаган ишиӊиз өзүн актайт.

БИЙКЕЧ – ИТ
Жумушта – Жумушуӊузду таштайм дегениӊиз менен, жаӊы иштен чекеӊиз жылыбайт.
Үйдө – Жакындарыӊызга болгон таарыныч алардан бир топко алыстатат. Бирок жакшы жаӊылык кайрадан табыштырат.
Каржы – Каражат табуу куулукту, абалды байкай билип, чечим кабыл алууну талап кылат. Буларды аткарсаӊыз, ханга салам бербей жашайсыз.

БИЙКЕЧ – ДОӉУЗ
Жумушта – Иште август, сентябрда чоӊ өзгөрүүлөр күтүлөт. Каршылыктарга туруштук берсеӊиз, жеӊиш, жакшы маяна сиздики.
Үйдө – Баары сиз ойлогондой боло бербей, кээде жашоонун аӊ-дөӊүнө кабыласыз. Бирок жыл жалпысынан сүйүү чөйчөгүӊүздү бөксө кылбайт.
Каржы – Кошумча акчага ээ болгуӊуз келип, бай адамдардын ийгилик сырлары менен таанышып, долбоорлорду түзөсүз. Жыйынтык чуркаганга жараша болот.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
ТАРАЗА – ЧЫЧКАН
Жумушта – Эгер кесиптештериӊиз менен пикир келишпестиктерге аз барсаӊыз, жумуш жаатында оор жагдайлар туулбайт.
Үйдө – Жакындарыӊыздан кубанычтуу жаӊылыктар көп болот. Тагдырыӊызды чоӊ бурулушка алып келген жаӊы таанышууларга даяр болуӊуз.
Каржы – Каржы маселесинде материалдык анча чоӊ эмес көйгөйлөр күтүп турат. Бул жаатта жакын досторуӊуздун жардамына муктаж болосуз.
ТАРАЗА – УЙ
Жумушта – Карьера түзүүгө же анын өсүшүнө көптөгөн ийгиликтүү жолдор ачылат. Жеке ишкердик менен алектенүүнү пландап жүргөндөргө убакыт келип жетти десек болот.
Үйдө – Жеке жашооӊуз ушул жылы сиз ойлогондон да жакшырат. Агрессивдүүлүктү ичке катсаӊыз, башкалар менен тил табышып, бойдоктор түбөлүк түгөйүн кезиктириши мүмкүн.
Каржы – Ишенчээктигиӊиздин айынан шылуундардын тузагына түшүп калышыӊыз мүмкүн. Андыктан ишеничтүү гана адамдар менен иш алып барыӊыз.

ТАРАЗА – ЖОЛБОРС
Жумушта – Алдыга коркпой эле чоӊ максаттарды коё бериӊиз. Атак-даӊкка жетишем деп жатып, кесиптештериӊизди иренжитип албаӊыз.
Үйдө – Адамды тарткан жагымдуулугуӊуз, сүйкүмдүүлүгүӊүз жеке жашоодо чоӊ бакытка балкытат жана майлуу киреше алып келет. Башкысы, харизманы ылайыктуу жерлерде гана
колдонуу керек.
Каржы – Акчаӊызды пайдалуу нерселерге жумшаӊыз. Жылдын экинчи жарымында жакындарыӊыздын бирине акча керек болот, аябаӊыз.

ТАРАЗА – КОЁН
Жумушта – Кыйчалыш, кыжалат кылган маселелерге туш болгондо өз күчүӊүзгө гана таяныӊыз.
Үйдө – Жакындарыӊыздын арасынан кимдир бирөө сиздин жардамыӊызга катуу муктаж болот. Анын ишеничин акташ үчүн физикалык жактан күчтүүлүк талап кылынат.
Каржы – Жөндөмүӊүздүн арты менен жетиштүү каражат жыйнап алууга жетишесиз.

ТАРАЗА – БАЛЫК
Жумушта – Март айынын башында карьералык өсүүгө алып келчү мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып жибербеӊиз.
Үйдө – Эгер түгөй издеп жаткан болсоӊуз, жакындарыӊыз сунуштаган адамдардан баш тартпай карап көрүӊүз. Жыйынтыгы сиз күткөндөй болуп чыгышы ыктымал.
Каржы – Пайдасыз нерселерге алаксуу чоӊ акча алып келүүчү долбоорлорду өткөрүп жиберүүгө түрткү болуп калышы мүмкүн.

ТАРАЗА – ЖЫЛАН
Жумушта – Профессионалдык өсүшкө алып келген, материалдык байлыгыӊызды арттырган жыл болот.
Үйдө – Жакындарыӊыздын же түгөйүӊүздүн пикири менен төп келишпеген маселелериӊизди апрель айына чейин калтырбай чечип алганыӊыз оӊ.
Каржы – Жылдын аягы менен иш ордуӊуздан көтөрүлүү же айлык акынын жогорулашы күтүлүүдө.

ТАРАЗА – ЖЫЛКЫ
Жумушта – Жетекчилик менен талаш-тартышка аз барып, компромисске көбүрөөк келгениӊиз пайдалуу болот.
Үйдө – Душмандын санын азайтуу үчүн адамдардын талаш-тартыш жараткан тобунан оолак жүрүӊүз. Бойдоктор ушул жылы жалгыздыкка чекит коюуга ылайыктуу жыл.
Каржы – Киреше өткөн жылга салыштырмалуу азыраак болот.

ТАРАЗА – КОЙ
Жумушта – Кандай гана иш баштабаӊыз, айланадагылардан жана жетекчиликтен мактоолор көп болуп, жыйынтыгы материалдык жактан өсүшкө алып келет.
Үйдө – Сүйүшкөндөрдүн жана жубайлардын пикир келишпестиги күчөп кетпеш үчүн бири-бирине болгон ишеничин бекемдөөгө туура келет.
Каржы – Майда-чүйдө буюмдарды сатып алууда акчаны үнөмдөӊүз. Антпесе максат кылып жүргөн чоӊ нерсеӊизди алууга каражат жетпей калат.

ТАРАЗА – МАЙМЫЛ
Жумушта – Жыл толугу менен чыгармачылыктын кучагында өтөт. Ишиӊиздин жыйынтыгы мактоого арзымакчы.
Үйдө – Август айындагы маанилүү жолугушууну унутуп калып өткөрүп жибербеӊиз. Жылдыздар сиздин жеке жашооӊузга тиешеси бар адам ушул айда жиберилерин айтат.
Каржы – Чыгармачылык дареметиӊизди эч уялбастан ишиӊизде колдоно бериӊиз. Бул сизди финансы жагынан ийгиликке жеткизери талашсыз.

ТАРАЗА – ТООК
Жумушта – Карьера жаатында чоӊ өзгөрүү деле болбойт. Кесиптештериӊиз менен гана мамилени бузуп албоого аракет жасаӊыз.
Үйдө – Колуӊузда эмне жана кимдер болсо, аларды колдон чыгарбай сактаӊыз. Бирөөнүн мүлкүнө көз артсаӊыз же түгөйүӊүздү алмаштырууну ойлосоӊуз, бул ойдон тезинен кайтыӊыз.
Каржы – Досторуӊуз менен карым-катышта болуп, акча сураган учурда аябаӊыз. Мунун сөзсүз кайтарымы болоруна жылдыздар ишендиришет.

ТАРАЗА – ИТ
Жумушта – Мурда коштошкон, ал тургай унутуп да койгон нерсеӊиз жашооӊузга кайтып келет. Ал нерсе жаӊы иш баштооӊузга түрткү болуп, жемиши сентябрь айында билине
баштайт.
Үйдө – Түгөйүӊүздөн өзүӊүздү төмөн сезүү жана таарынчаактык мүнөзүӊүздү жоюӊуз.
Каржы – Ири акчага ээ болом деп оор жумуштарды аткарбаӊыз. Ден соолугуӊузду жоготуп, аны калыбына келтирүү үчүн тескерисинче капчыгыӊыз солгундай түшүшү мүмкүн.

ТАРАЗА – ДОӉУЗ
Жумушта – Жумушсуз калуу коркунучу сизди кооптондурбайт. Өз ишиӊизде алмаштыргыс кадр болууга аракет кылыӊыз.
Үйдө – Сүйүктүүӊүз менен ажырашууга түрткү болгон кырдаал жаралышы мүмкүн. Бирок буга жол бербөө өзүӊүздүн колуӊузда.
Каржы – Жаӊы жумуш издейм десеӊиз, ойлонбой жөндөмүӊүздү бардык жерде көрсөтө бериӊиз. Айлык акысы жогору жумуш орду күтүп турганын жылдыздар эскертишет.

ЧАЯН (24.10-22.11)
ЧАЯН – ЧЫЧКАН
Жумушта – Жыл башынан тарта күчүӊүзгө күч кошулат. Муну тер чачып иштөөгө жумшасаӊыз, жыйынтыгы кубантат.
Үйдө – Эӊ кымбат адамыӊыз менен мамилеӊиз бузулуу коркунучунда. Оӊ колуӊуздун ачуусун сол колуӊуз менен басыӊыз.
Каржы – Каржы жаатында сарамжалдуулук талап кылынат.

ЧАЯН – УЙ
Жумушта – Иш боюнча түшкөн сунуштардан кесибиӊизге төп келбесе да пайдалуусу кезигип калышы мүмкүн.
Үйдө – Сүйүү сезимдерине деле маани берип коюу шарт. Мунун арты менен жашооӊуз жашыл аралчага айланат.
Каржы – Убактыӊыз менен акчаӊызды сары майдай сактасаӊыз нерв коробой, ден соолугуӊуз сак болот.

ЧАЯН – ЖОЛБОРС
Жумушта – Бул жылы көптөгөн иш сапарларга, анын ичинен чет өлкөлөргө да чыгышыӊыз мүмкүн.
Үйдө – Тандоолордун түрүнө туш болосуз: жаӊы жумуш орду, түгөй тандоо жана башка.
Каржы – Каржы жактан тартыштык жаралбасын десеӊиз, жыл башынан эле жан үрөп иш кылыӊыз.

ЧАЯН – КОЁН
Жумушта – Ички туюмдарыӊыз түз жол көрсөтүп берет. Өнөктөштөрдү гана туура тандоо керек.
Үйдө – Сүйүү жаатындагы бурулуш жаздын башында болмокчу. Жеке жашоодогу өзгөрүүлөр башында жагымсыз болгону менен, кубанычтуу уланат.
Каржы – Күз айларында өзүӊүз үчүн алчу буюмдарга акча тартыш болуп калышы мүмкүн, алдын алыӊыз.

ЧАЯН – БАЛЫК
Жумушта – Ийгиликтүү жыл болот. Бирок ийгиликтүү деп жата берип жалкоо болуп калбаӊыз.
Үйдө – Түгөйүӊүздү чектен ашып кызгануу, башкаруучулук байрагыӊызды дайынсыз булгалай бергениӊиз аны кыжырдантып жиберет. Оор басырыктуу болуӊуз.
Каржы – Сиз күтпөгөн эле бирөөлөр аркылуу капчыгыӊыз кампайышы мүмкүн.

ЧАЯН – ЖЫЛАН
Жумушта – Сентябрь айында карьералык өсүүгө туш болоруӊуз күтүлүүдө.
Үйдө – Июль айында үй-бүлөгө толуктоо кирип, айрымдар махабатка балкышат. Мындан соӊ үлпөт той кубанычы ээрчип келүүсү мүмкүн.
Каржы – Акча топтоп жүргөн болсоӊуз, бекер коротпой батир алып коюӊуз.

ЧАЯН – ЖЫЛКЫ
Жумушта – Бирөөнүн жардамысыз иш кылсаӊыз, ийгиликке жетишесиз.
Үйдө – Туруксуздук колдо турган бакыттан куру-жалак калтырып коюшу мүмкүн.
Каржы – Апрель айы кошумча каражат алып келүүчү иштерди баштоого ылайыктуу ай.

ЧАЯН – КОЙ
Жумушта – Иш билгилигиӊиздин пайдасы тиет. Мүмкүнчүлүктү жалкоолук менен айдап жибербеӊиз.
Үйдө – Түгөйүӊүздүн ишеничин актаӊыз. Жашыруун нерселериӊиз болсо ортого салып чечип алууга ушул жыл ылайыктуу.
Каржы – Эс алууга көп каражат коротуп койсоӊуз, капа болбоӊуз. Ден соолугуӊуздун жакшырышы эс алганыӊыздын жыйынтыгы болмокчу.

ЧАЯН – МАЙМЫЛ
Жумушта – Олуттуу деле көйгөй жаралбайт, андыктан майда-чүйдөгө тынчсыздануунун кажети жок.
Үйдө – Жакындардын нааразычылыгын, “күӊк-мыӊк” мамилесин эске албаганда, үй-бүлөлүк конфликт аз орун алган жыл.
Каржы – Кыймылсыз мүлк же автоунаага ушул жылы ээ болушуӊуз күтүлүүдө.

ЧАЯН – ТООК
Жумушта – Көз карандысыздык менен иш баштоо жакшы натыйжа бермекчи.
Үйдө – Түгөйүӊүздүн ишеничинен чыгып калбаӊыз. Араздашуулардын артында эки айрылыш жолго түшүп калуу коркунучу бар.
Каржы – Билим алуу, бизнес баштоого көптөгөн каражат сарптайсыз.

ЧАЯН – ИТ
Жумушта – Жаӊы идеялар жетекчилик тарабынан колдоого ээ болбой калышы мүмкүн. Бирок моюн сунбай, ишти аягына чыгарыӊыз.
Үйдө – Тынчтыгыӊыз үчүн түгөйүӊүздүн кетирген кемчиликтерине көӊүл бурбай койгонуӊуз бара-бара анын өзгөрүп кетишине алып келет.
Каржы – Сараӊдыктын кереги жок. Антпесе “Иттин доолдай тиктирем дегени” тамсилиндегидей сызга отуруп каласыз.

ЧАЯН – ДОӉУЗ
Жумушта – Кой жылы сиздин бардык тармактагы иш баштооӊузду колдоорун билдирет.
Үйдө – Жетиштүү деӊгээлдеги сюрприздер өтө көп. Анын катарына сиз үчүн кымбат жана жакын адам менен таанышуу да кирет.
Каржы – Айлык акысы көп жумуш ойдо жок жерден табылып калуусу күтүлүүдө.

(Жаачы, Текечер, Суу куяр, Балык жылдыздарына астротөлгө кийинки санда)

Канымжан Усупбекова,
Гүлжан Асанкожоева
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (20)
jamalka-2
2014-12-29 09:33:58
дагы меники жоккооооооооооо ((((( Жаачыга келгенде токтотуп коюпсунар
0
admin_superstan
2014-12-29 10:06:28
jamalka-2, саламатсызбы! Жаачы кийинки санга чыгат.
0
killer-star
2014-12-30 02:06:08
jamalka-2,
Мен да жаачыны аябай кутуп атам,жаачы келгенде мени ойготуп кайчу унутпай
0
akimov_97.osh
2014-12-29 11:49:06
а меникичи ТЕКЕЧЕР
0
Senuchunzhashaim
2014-12-29 14:05:19
Меники да жокго... Баарын толук чыгарсанар боло...
0
altynka95
2014-12-29 14:05:29
Баарын бир чыгарсаныздар жакшы болмок
0
maksat2016
2014-12-30 11:06:53
2015 букачар жылдызы кандай болот жазып койсонуздар super.kg сиздерден суранам
0
admin_superstan
2014-12-30 11:28:09
maksat2016, саламатсызбы! Кийинки санда жазылат.
0
Ayka1994
2014-12-30 12:32:34
Текечээрди кутом жана баарыныздарды жаны жылыныздар менен куттуктайм озгочо супер инфо жамаатыны
0
angelo4ka_96
2014-12-31 14:23:28
Иииич эле ишенбейм ушундайларга болбогон куру сөз!
0
akimov_97.osh
2014-12-31 21:40:15
angelo4ka_96, ии сулуум меники 99% туурв чыкты мындагы сайтта http://www.super.kg/article/?article=30431
0
gulzat.gulzat.79
2015-01-01 19:51:24
Текечечер жылдызын качан айтасыздар?
0
admin_superstan
2015-01-05 13:12:17
gulzat.gulzat.79, саламатсызбы! Текечер жылдызы: http://www.super.kg/article/?article=30509
0
adinai13
2015-01-01 22:11:35
Тушуно албажым бул толгого бапрынле жазыпсынар
0
admin_superstan
2015-01-05 13:13:08
adinai13, саламатсызбы! "Жылдыз төлгө" рубрикасынан толугу менен окуй аласыз: http://www.super.kg/article/?theme=241
0
kg.adrenalin
2015-01-02 22:33:53
Suu kuiar jyldyzy oto elekpi jaza elek bolsonor kachan jazasynar aityp koisonor.
0
admin_superstan
2015-01-05 12:53:03
kg.adrenalin, саламатсызбы! Жаңы санда: http://www.super.kg/article/?article=30509
0
eliza_eliza
2015-01-04 13:02:40
Арстан жылдызы менен Арстан жокго? Менин жылдызымда жолдошумун жылдызыда арстан. Же арстан мн жолборс болуп калабы ошондо?
0
admin_superstan
2015-01-05 12:51:34
eliza_eliza, саламатсызбы! Арстан жылы жок. Жолборс жылы бар. Андыктан, АРСТАН – ЖОЛБОРС абзацын окууну сунуштайбыз.
0
kamo
2015-01-04 15:06:07
Толгого эмес АЛЛАХА ишенгиле. Бул ХАРАМ.
0
№ 634, 26-декабрь-1-январь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан