КАЗАК ТӨКМӨ АКЫНЫ КЫРГЫЗ ЭКЕНИН 18 ЖАШЫНДА БИЛДИ

Жашоодо ар түркүн тагдырлар кездешет. Бүгүнкү каарманым учурда Казакстанда жаңыдан гана талпынып, аты таанылып келе жаткан жаш төкмө акындардын бири. Ал өзүнүн кыргыз экенин эми гана билип, атасын таап келди.

«ДОКУМЕНТИМ ЖОК ЖАЛДАНЫП ИШТЕП ЖҮРДҮМ»
– Аты-жөнүм – Жалгас Садыр уулу. Апам Токтокан Самсиеванын айтымында, 1996-жылдын 13-июнунда төрөлүптүрмүн. Казакстандын Алматы облусундагы Жамбыл районунун Самсы деген айылында чоңойдум. Туулгандыгы тууралуу күбөлүгүм жок болгондуктан мектепте окубай, жаштайымдан ар кимдин малын кайтарып, кара жумушун кылып жүрдүм. Кул болгон жокмун, өзүмдүн нанымды табуу, жанымды багуу үчүн жалданып иштедим. Өзүм теңдүү балдар менен окубай калганыма арданып, кай бирде «мен да мектепке барып, балдар менен достошуп, адам катарына кошулсам экен» деп ыйлап да алчумун. Эс тартып калганда өзүм мектепке барып, мугалимдерге шартымды түшүндүрүп, «мени окуткула, билим алгым келет» деп сурандым. Ал учурда тамга таанычу эмесмин. Алар көпкө ойлонушуп, «макул, убакыт берели. Тамга таанысаң, аракет кылсаң окуталы, бирок документиң жок болсо аттестат бере албайбыз» дешти. Ошентип өзүм теңдүүлөр менен чогуу 7-класста окуп калдым. Бир айда тамга таанып, өз алдымча окуп калганга жетиштим. Дилгирлигимден тез эле «4» деген баага окуган балдардын катарын толуктадым.
Дагы бир айта кетчү нерсе, 7-8 жашымдан тарта ырга кызыгып, ыр токуп калар элем. Ошентип жүрүп 13-14 жашымда айтыштарга түшө баштадым. Казактын белгилүү төкмө акыны Есенкул Жакыпбеков мага устат болуп жол көрсөттү. Райондук, облустук деңгээлдеги көптөгөн кароо-сынактарда айтышып, жеңишке жетиштим. Андан ары республикалык айтыштарга чыга баштаганда документимдин жоктугунан кыйнала баштадым. Кайсы шаарга айтышканы барбайын «документиң жок» деп мейманканаларга киргизбей коюшчу. Айла жок, ар кимдикинде же айтышкан жерге түнөйм. Шашылыш, керек учурларда учак менен уча албай көп кыйналдым.
Улутум казак деп ойлоп жүрчүмүн. Качан 18 жашка чыкканда гана апам атамдын кыргыз экенин айтты. Акыл киргенде айтам деп күтүп жүргөн экен. «Мекениң, киндик каның тамган жериң – Кыргызстан» деди. Чынын айтсам, бул сөздөрдү кабыл алуу мага өтө оор болду. Кыйналдым, ошондо төмөнкү ыр саптарын жараттым:

Кыргызда туулдум, казакта өстүм казак болуп,
Документим жок келемин элге мазак болуп.
Өмүрдө бар менен жогум беймаалым,
Мен өзүм киммин, кай улутка жатам, кайдамын?
Казак да болуп, кыргыз да болуп көрүнөм,
Капкара болуп алдында турсам айнанын (күзгүнүн).
Колго бир түшкөн калмактын уулу шекилдүү,
Туулгандан бери казактын малын айдадым.
Мал багып жүрүп терең бир ойго кетемин,
Терең ой менен теңселип үйгө жетемин.
Айтышам деп жакшы дем менен барганда,
Документсиз экем, амалым канча нетемин?
Казак да болбой, кыргыз да болбой ич күйүп,
Айла жок, ыйлап айылга кайтып кетемин.
Мал багып жүрүп табын көрбөй жылуу үйдүн,
Ай талаада ач карышкырдай улуймун.
Эч наар албай эрбеңдеп ээн талаада,
Мал багып жүрөт деди эл оозу кай бала?
Азабын минип, кулунун байлап жүргөн соң
«Сен жакшы» болдум кедейине да, байга да.

«АТАМ МЕНИ КӨРҮП ЫЙЛАДЫ»
– Акыры элден көмөк сурап Казакстандагы телеканалдардын биринин «Айтууга оңой» аттуу көрсөтүүсүнө чыктым. Так ошол көрсөтүү менин жашоомду башка нукка бургандай болду. Ал көрсөтүүгө апам да катышып, менин эмне себептен документим жок экенин түшүндүрдү. Ал жерде менин тагдырымды талкуулашты. Көрсө, апам да кыргыз кызы экен. Апамды жаш кезинде ата-энеси кыйнап, өзүнөн 30 жаш улуу менин атама күйөөгө беришиптир. 3 жашымда ата-энем ажырашып, апам мени жетелеп Казакстанга алып кетиптир. Кийин мени багып-чоңойткон казак атама турмушка чыгыптыр. Казак атам да менин апама чейин бир жолу үйлөнүп, ал никесинен менден 1 жаш улуу уулу бар. Алар мени урушуп, өгөйлөшкөн жок.
Көрсөтүү берилгенден көп өтпөй мектепке мени Турат деген байке издеп келип, өз атам тирүү, аты Садыр экенин, учурда Кыргызстанда жашаарын айтты. Жогоруда айтылган телекөрсөтүүдөн атамдын айылдаш иниси апамды таанып калыптыр. Анан мени таап, атама жолуктурууга жардамдашаарын айтышты. Окуумду «4», «5» деген баалар менен ийгиликтүү аяктап, райондук деңгээлдеги аткаминерлердин кийлигишүүсү менен аттестат алдым.
Өз атама жолугуп, метрикамды да алайын деп Ош облусунун Алай районундагы Күн-Элек айылына жогорудагы аты аталган агаларымдын жардамы аркылуу келдим. Атам Садыр 78 жашка келиптир. Өмүр бою КамАЗ айдап иштептир. Азыр ден соолугу начарлап, ооруп калган экен. Кулагы жакшы укпайт. Жалгыз турат, апамдан кийин үйлөнбөптүр. Бир уй, бир торпогу бар, ошого каралашып жүрөм. «Эч өзгөрбөптүрсүң» деп кучактап ыйлады. Үйүмө келгенде гана кичинекей чагымда ойноп жүргөн жерлер эсиме түштү. Айтмакчы, менин азан чакырылып коюлган атым Улан экен. Кийин апам Казакстанга барганда Жалгас деп өзгөртүп коюптур. Атамдын айтымында, биздин чоң аталарыбызда төкмөлүк шык бар экен. Метрика алсам атымды Жалгас деп эле калтырам го, себеби мен Казакстанга ошол ысымым менен таанылдым да.
Коңшулар, туугандарым менен тааныштым. Азыркы тапта документтерим бүтпөй, ошону күтүп жүрөм. Мени каттоо кызматындагылар казак деп ишенбей жатышабы, айтор, кечигип жатат. Документим бүтсө кайрадан Казакстанга барып, искусство жаатында жогорку билим алгым келет. Атама да бат-баттан каттап турам. Балким, турмушумду оңдоп алсам биротоло бул жакка келермин. Мен үчүн кыргыз менен казак эли бүркүттүн кош канатындай. Келечекте эки элдин тең сүйүктүү акыны болгум келет.

«УУЛУМДУ ТААП БАКТЫЛУУМУН»
Жалгыз уулу менен 15 жылдан соң жолугушкан САДЫР аксакал менен байланышканыбызда, ал кубанычы менен төмөнкүчө бөлүштү:
– 2000-жылдары жубайым мага таарынып, түнкү саат 11де уулум Уланды «таенесиникине алып барам» деп үйдөн чыгып кеткен. Ошол маалда өзүм да ооруканага жатып, артынан бара албай калдым. Андан кийин экөө дайынсыз жок болуп кетишти. Көп жерлерге кайрылып издедим, бирок тапкан жокмун. Уланымды таппай бул өмүрдөн өтүп кетемби деп коркчумун. Акыры айылдаш инилерим Казакстанда домбра чертип жүргөнүн телевизордон көрүп, мага айтып келишти. Кудай тилегимди орундатып, минтип мени издеп келип отурат. Уулум эч өзгөрбөптүр, өзүмө окшош экен. Учурда мага жардам берип, малдарды карап жанымда. Балама жолукканыма аябай бактылуу болуп турам.

«АПАСЫ ДА ТУУГАНДАРЫ МЕНЕН БАЙЛАНЫШКАН ЭМЕС»
Жалгасты атасы менен жолуктурууга ТУРАТБЕК АМАНБАЕВ аттуу мекендешибиз жардам берген. Байланышып, окуя тууралуу буларды уктук:
– Жалгастын апасын «Айтууга оңой» деген телекөрсөтүүдөн Догдурбек Жусуев деген атасынын айылдаш тууганы көрүп калыптыр. Ал мага телефон чалып, атасы менен байланыштырды. Атасы бизден «уулумду таап бергиле» деп аябай суранганынан анын дарегин издеп бардым. Айылдагыларынын бардыгы «айтышкер бала» деп таанышат экен, оңой эле таап алдым. Үйүндө айтыштан уткан грамота, сыйлыктары көп экен. Жалгас мектепте экен, ага жолугуп «атаң тирүү, карып калды. Жолугам десең биз жардам берели, кийин арманда калба» дедим. Ал «11-классты бүтүп, баш-аягымды жыйып алайын» деп макул болду. Атасынын аты-жөнүн, дарегин кагазга жазып бердим. Кийин жардам берип Кыргызстанга жибергенбиз, атасына барып жолугуптур.
Апасынын экинчи жолдошу, кайын журту жакшы адамдар экен. Апасына жолуктук, ошол кеткен боюнча бир да жолу туугандары менен байланышкан эмес. Азыр туугандары менен телефон аркылуу кабарлашып жатыптыр. Бул жигит Казакстанда белгилүү эле төкмө акын. Ошол көрсөтүүдө казактар «бул өзүбүздүн бала, кыргыздар документ жасап берсеңер болду, биз өзүбүз көтөрүп алабыз» деп аябай колдоо көрсөтүшкөн.

«Атам мени 15 жыл күтүптүр, кучактап ыйлады».

Асхат Субанбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (22)
kg.sity93
2014-12-30 03:45:27
Мен да кубандым аябай.ону тусу кыргыз экен гой ай Жалгастын дебейинби.аман болуп оркуну осо берсин.таланты ташкындап коп ийгиликтерди багынтсын!!!!
0
sergo
2014-12-30 04:52:17
менин атам 76сында кайтыш болду коруп озумдун атама жолукандай аябай суйундум. онорун оркундой берсин азамат атанын батасын алдын
0
erikkarakulja
2014-12-30 12:03:01
Эр жигит деп ушуну айт.
0
Sizge.kat
2014-12-30 17:37:19
Элмирбек Женишбек Аалы сыяктуу атактуу акын болушунду тилек кылабыз
0
Sizge.kat
2014-12-30 17:53:26
урматтуу супер ушу баланын айтышкан видеолору барбы болсо жуктоп койунуздарчы сураныч
0
Begimkyz
2014-12-30 18:32:20
Апасынын кабарлаштырбай койгону жаман болуптур. Мурун эле айтса "документи жок" деп пр ким какпайт эле. Өнөрү өркүндөсун- ошол бойдон Казак боордоштор "менчиктештирип" кетпесин.
0
SayKal020101
2014-12-30 18:49:19
Кудай колдосун. Мындан нары турмушун жакшы болсун. Апана да атана да жакшы кара. Апан дагы турмуштун туркун тоскоолуна чыдабагандыр. Антип бироонун жашоосун билбей туруп бир нерсе деш кыйын . Аман бол Улан.
0
miia
2014-12-31 07:42:41
онорун оркундой берсин!
0
Sizge.kat
2014-12-31 09:40:54
урматтуу супер ушу баланын айтышкан видеолору барбы болсо жуктоп койунуздарчы сураныч
0
Taalaibek.
2015-01-01 08:34:35
Атан бар бактын бар! Жакшы жигит элин табат. Азаматсын Улан.
0
rus.sayk
2015-01-01 12:59:24
Жерин сагынбас ат болбойт элин сагынбас эр болбойт . Азамат. Азамат экенсин Жалгас
0
bucho
2015-01-02 09:50:02
Жарайсын Жалгас.
0
XaXaTyH
2015-01-03 18:52:47
Эркек
0
Nurmatova
2015-01-04 12:56:08
Аман бол Улан....... Чыгармачылыгына ийгилик.....
Азамат бала экен....
0
admin_superstan
2015-01-12 11:39:38
Albina96, курамы окшош сайттарга шилтеме берүүгө 5 күн БАН!
0
№ 634, 26-декабрь-1-январь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан