КЕЛИНИН ӨЛТҮРҮҮГӨ КАЙНЕНЕ БУЙРУТМА БЕРГЕНБИ?

Ош шаарында 54 жаштагы аял уулу, кызы жана күйөө баласы болуп келинин өлтүрүүгө шектелип кармалышты. Алар мындай кадамга келиндин жаман жолго түшүп, ал гана эмес, кайнатасы менен жүрүп алганынан улам барышканын айтышкан.

СУУГА АККАН СӨӨК ӨЗБЕКСТАНДАН ТАБЫЛГАН
Мындан эки жыл мурун болгон кылмыштын бети эми гана ачылып отурат. Ушул жылдын 18-декабрь күнү Ош ШИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 4 адам киши өлтүрүүгө шектелип кармалышты. Алар: 1960-жылы туулган Толгонай Х., 1981-жылы туулган Мухаммадали Х., 1987-жылы туулган Мадина Х. жана 1979-жылы туулган Закир Усманов. Кылмышка шектелип кармалгандардын бири маркумдун кайненеси, экинчиси жолдошу, дагы бири кайын сиӊдиси болсо, төртүнчүсү күйөө баласы. Алар мындан 2 жыл мурун, тактап айтканда, 2012-жылы 2-сентябрда үйдүн келини, 1981-жылы туулган Наргиза Хамидованы өлтүрүшүп, Араван районундагы каналга ыргытып жиберишкен. Сууга аккан сөөк эки күндөн кийин Өзбекстандын Фергана облусунун аймагынан табылган.

Кылмышка шектүү, маркумдун кайын сиӊдиси Мадина:
“ЖЕӉЕМ ЖОЛДОШУМ МЕНЕН ДА, АТАМ МЕНЕН ДА ЖҮРҮП КЕТКЕН”
– Жолдошум Закир экөөбүз 2012-жылы таанышып, июль айында үйлөнгөнбүз. Бир тууган агамдын аялы, жеӊем Наргиза Хамидова Ош шаардык ооруканасында массаж жасап иштечү. Акыркы күндөрү агамды тоготпой, ар ким менен жүрүп кеткен. Аны жолдошумдан угуп калдым. Закирдин телефонунан жеӊемдин ыплас сүрөттөрүн да көрдүм. Кийин апам мага “жеӊеӊ атаӊ менен да жатып жүрөт” деп айтып калды. Аябай ачуум келди. Жолдошума “же мени менен жаша, же жеӊем менен жаша. Мени менен жашайм десеӊ аны жок кыл” дедим. Ал мага “анда мени менен Өзбекстанга кетесиӊ” деди. Мен “барбайм, ушул жерде ата-энем менен калам, сен жеӊемди алып кете бер” десем, “макул” деди. Мени апамдардыкына жөнөтүп коюп, жеӊем экөө биздин батирде жолугушуп жүрүшкөн экен.
Бир күнү үйдө отургам, жолдошум мени бир бөлмөгө камап коюп, жеӊем экөө башка бөлмөгө кирип кетишти. Эшикти эптеп ачып кирип барсам сүйлөшүп отурушуптур. Жеӊем мага кыйкырып, ыплас сөздөрдү айтып кирди. Жолдошум “кыйкырба аялыма” деп колун кайрыганда жеӊем жерге жатып калды. Коркуп, калтырап апамдыкына кетип калгам. Кийин билсем, жеӊемди Закир өлтүрүп коюптур.

Кылмышка шектүү Закир Усманов:
“АЯЛЫМДЫН СӨЗҮ ҮЧҮН ӨЛТҮРДҮМ”
– Жеӊебизди аялымдын сөзү үчүн өлтүрдүм. Аялым мага “Жеӊем атам менен жатып жүрөт экен, апам айтты. Ишенбесеӊиз сураӊыз, телефонун берем” деди. Мен анын сөзүнө ишенген жокмун. Наргиза жеӊебиз ооруканада иштечү экен. Телефон чалып сүйлөшүп, “жолугалы” десем, макул болду. Үйгө чакырсам келди. Ал биз жашаган батирди билчү эмес, даректи бердим. Бир бөлмөдө аялым Мадина отурган. Аны экинчи бөлмөгө алып кирип сүйлөшүп жатсам Мадина кирип барып, “ыплас десе, сен атам менен да жатып жүрөсүӊ, ар ким менен жатып жүрөсүӊ” деп кыйкырып кирди. Ал сулуулугу менен өзүнө ишенип жүргөн келин эле. Мадинаны кемсинтип, “сенин колуӊдан эч нерсе келбейт” деди эле, ачуум келип Наргизаны муунттум. Ал тыбырчылап, жерге жыгылып калды. Муунтуп тура бердим эле, анан сулк жатып калды. Кылган ишиме эми өкүнүп жатам.

Кылмышка шектелип, маркумдун жолдошу менен кайненеси да кармалды. Алардын кылмышы туурасында Ош ШИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жетекчиси Таалай Нурбаев:
“ӨЗДӨРҮ ӨЛТҮРҮШҮП, ЖОГОЛДУ ДЕП АРЫЗ ЖАЗЫШКАН”
– 2012-жылдын 3-сентябрында Ош шаарынын тургуну Мухаммадали “келинчегим дайынсыз жоголуп кетти” деген арыз менен кайрылды. Издөө жарыялаганбыз, 9-сентябрь күнү Өзбекстандын Фергана облусундагы кесиптештерибизден Өзбекстанга агып кирчү Араван каналынан адамдын өлүгү табылганын, анын өздүгүн тактоого жардам беришибизди суранган билдирүү келди. Мухаммадалинин келинчеги болуусу мүмкүн деген ой менен аны, келиндин туугандарын алып бардык. Чын эле ал жансыз дене Наргиза Хамидованыкы болуп чыкты. Колу артына байланып, оозу скотч менен чапталган экен.
Ошол убакта бул кылмыш боюнча Ош ШИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары маркумдун жолдошу, Мухаммадалинин бир тууган карындашынын күйөөсү Закир Усманов изделе баштаган. Ал жашыруун жолдор аркылуу Өзбекстанга качып кеткен экен. Өзбекстанга Закир Усмановду кармоо боюнча сунуш жибергенбиз. Ал эки жыл жашырынып жүрүп, быйыл декабрь айында кармалды. Аны Кыргызстанга алып келгенибизде Наргиза Хамидованы өлтүрүүгө анын жолдошу Мухаммадалинин, кайненеси Толгонайдын жана кайын сиӊдиси Мадинанын да түздөн-түз катыштыгы бар экенин айтып, көрсөтмө берди.
Тергөөнүн жүрүшүндө маалым болгондой, келиндин өлүмүнөн кайненеси менен жолдошу да кабардар болгон экен. Кайненеси аны өлтүрүү үчүн башка бирөөнү жалдагыла деп балдарына 30 000 сом берген. Ал акчаны Мадина жолдошу, агасы болуп бөлүп алышып, Закир өлтүрөт. “Өлдү” деген сөздү уккан кайнене “сөөктү өрттөп салгыла” деген буйрук берген. Бирок күйөө баласы менен уулу келиндин сөөгүн өрттөбөй, Ош-Араван каналына таштап салышкан.
Күйөө баласы, кудагыйы мындай ишке барганын күтпөгөн маркум Наргизанын ата-энеси катуу жаӊжал салууда. Эне-балдар өздөрү өлтүрүп, бирок “жоголуп кетти” деп арыз жазганы үчүн да кылмыш иши козголот. Учурда кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди, тергөө иштери жүрүп жатат.

Уулбү Каныбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (28)
Pantherka
2014-12-29 15:05:06
Корбогондон кийин айтыш кыйын, кудай жазасын берет, бирок айткандары чын болсо келини ужас го...
0
admin_superstan
2014-12-29 15:28:26
buhnurga, кимдир бирөөнүн улутун кемсинтүүгө, мазактоого тыюу салынган! 3 күн БАН!
0
aigulai
2014-12-29 17:07:57
Кайран заман ай, олуп келинди олтуруп салышканы ас келгенсип эми килейген республикалык газета аркылуу актанганга мумкундук алышканын карачы.
0
kg.sity93
2014-12-29 17:25:32
Куноолуулор мыйзам чегинде жаза алышсын..
0
ALIK-BRO
2014-12-29 19:39:36
Аии Мусулманчылыкта туура еле жаман жолдо жургон адамга зыяны тийбей жоголсун. Бизге кылмыш. Карагылачы жаман аял озу еле жаман жолго барбай. Бир уй булону бузду и Камака тыгып кетат. Эх кудай еле сактасынчы.
+1
faha
2014-12-29 21:47:26
Bul tuugandardan baaryn kutso bolot. Tyshy jaltyrak, ichi kaltyrak degen soz ushularga jakynyraak...
0
tynara1983
2014-12-30 09:29:51
Бул сойкуну олтуруп бекер кылышыптыр элге салып маскарасын чыгарып ортого салып орттош керек еле. Ошондо уй булоо бузган ойношторго сабак болмок.
-1
Ledi89
2014-12-30 11:59:05
Тобокылдым Аллатала озу баарына кубо!
0
umarchik
2014-12-30 14:07:13
Азыркы заманда эмнелер кана болбойтат.Элдерде ыйман кеткени да,диндин жоктугу.аллахым озун ыйман бер тообо кылдым.
0
LaraKroff
2015-01-01 03:03:32
Ушундай окуяларды окуган сайын, канчалык арам дуйнодо жашап жатканымды дагы бир ирет сезип кетем. Ынсап болсо экен ар бир адамдын журогундо.
0
Saribulak
2015-01-01 10:19:31
Сойку болобу башка болобу бардыгы мыйзам чегидне болуш керек. Самасуд кылган бул туура эмес.
0
Sagidko88
2015-01-03 15:39:09
Кайынатасы менен журуп кеткендери коп дешет го "булардын".
0
murgab2014
2015-01-04 11:50:34
кудай сакта андан коро ажырашып эле кетпейби.
0
Nurmatova
2015-01-04 13:06:12
мыкаачылар.....
0
vip.nur91
2015-01-20 22:36:19
вообще то тарыхы жок Озубектерди Каримов эн туура кылат молодец Каримовго, Кыргызстандан ХХХ ХХХ ХХХ ХХХ
0
admin_superstan
2015-01-21 11:05:10
vip.nur91, башкалардын улутун кемсинтүүгө тыюу салынган! 5 күн БАН!
0
№ 634, 26-декабрь-1-январь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан