ЖАӉЫ ЖЫЛДЫК ДАСТОРКОН

КОЙ ЖЫЛЫНДАГЫ ДАСТОРКОН
Ырым-жырымга ишенген адамдар чыгыш гороскобу боюнча кайсы жаныбардын жылы келе жатса, ошол жаныбардын этинен жасалган тамактарды дасторконго коюшпайт. 2015-жыл Кой жылы болгондуктан аны таарынтып албаш үчүн кой этинен жасалган тамактарды уй же тоок этинен, балыктан жасалган тамактарга алмаштырсак болот.
Кой сүт эмүүчү жаныбар болгондуктан дасторконго сүт азыктарынан жасалган жана койдун негизги тамагы болгон чөп-чардын түрүнөн жасалган даамдарды койсоӊуз жарашат. Анан, албетте, мөмө-жемиштерди коюу пайдалуу гана болбостон, дасторконуӊузга көрк бермекчи.

“КҮН ЖЕЛЕСИ”
Керектелүүчү азыктар:
Күрүч
– 200 грамм
Тоок эти – 300 грамм
Сабиз, баклажан, болгар калемпири – 1 даанадан
Өсүмдүк майы (эгер болсо зайтун майы) – 3 аш кашык
Жумуртка – 3 даана
Каймак – 150 грамм
Ак жумшак сыр (фета) – 100 грамм
Татымына жараша туз, кара мурч жана 1 боо петрушка

Даярдоо ыкмасы:

1. Күрүчтү жууп, сууга кайнатабыз. Өтө бышырбай, дүмбүл абалында оттон чыгарып алып, суу тунук болуп калганча муздак суу менен жууп, чыпканын жардамы менен сүзүп алыӊыз.
2. Андан соӊ тоок этин сууга кайнатып бышырыӊыз, татымына жараша туз салууну унутпаӊыз. Эт бышкан соӊ чыгарып, муздатып, майда туурайсыз.
3. Баклажан, сабиз жана жашыл же сары түстөгү болгар калемпирин узатасынан жука кесип алуу керек. Андан соӊ кесимдерди ортосунан экиге бөлүӊүз.
4. Мурда бышырып алган күрүчкө тууралган тоок этин жана 1 боо петрушканы туурап, 2 даана жумуртканы чагып, туз, мурч кошуп аралаштырабыз.
5. Электр мешинин тоголок формадагы табасын майлап, ага даяр болгон аралашманы тегиз кылып салабыз.
6. Баклажан, болгар калемпирин жана сабиздин кесимдерин аралашмага сүрөттөгүдөй кылып матырып, кезеги менен тизе баштайбыз. Жасап жаткан даамыбыздын көрүнүшү күн желесине окшош болушу керек.
7. Үстүн өсүмдүк майы менен майлайбыз. Каймакка 1 даана жумуртканы чагып кошуп, туз салып чалабыз да, тизилген жашылчалардын араларына куябыз.
8. 200 градус ысыктагы электр мешине 40 мүнөткө салып коюӊуз. “Күн желеси” бышкан соӊ алып чыгып, торт сыяктуу кесиӊиз дагы сырды чарчы туурап, ар бир кесимдин үстүнө таштап коюӊуз.

“КОЗУНУН КУБАНЫЧЫ” САЛАТЫ
Керектелүүчү азыктар:
Сабиз
– 2 даана
Консерваланган жүгөрү – 1 банка
Пияз – 2 даана
Шампиньон козу карыны – 300 грамм
Күрүч – 4 аш кашык
Өсүмдүк майы – 40 грамм
Майонез, татымына жараша туз, кара мурч, ашкөк, мейиз

Даярдоо ыкмасы:
1. Күрүчтү жууп, сууга бышырып алыӊыз. Андан соӊ муздак суу менен жууп, суусу тунук болгуча чайкайбыз.
2. Бир даана пиязды аарчып, туурайбыз. Козу карынды туурап, пияз менен кошо майга кууруп алган соӊ муздатып коюу керек.
3. Экинчи пиязды аарчып, майда туурап, 1 сабизди жоон тиштүү сүргүчтөн өткөрүп алабыз да, экөөнү өзүнчө майга куурабыз. Муну да муздатуу керек.
4. Эми күрүчтүн жарымына куурулган аралашмаларды, жүгөрү, кара мурч жана татымына жараша тузду кошуп, майонез менен аралаштырабыз.
5. Тарелкага аралашманы козунун формасына келтирип салып, үстүн күрүчтүн калганы менен жабабыз. Козунун көзүн, шыйрактарын, куйругун мейизден жасап, сабиз, ашкөк менен кооздоп коюӊуз.

ЖАШЫЛЧАЛАР ЖАНА ТООК ЭТИНЕН САЛАТ
Керектелүүчү азыктар:
Бадыраӊ
– 200 грамм
Помидор – 200 грамм
Пияз – 1 даана
Болгар калемпири (сары, кызыл) – 2 даана
Ышталган тоок эти – 300 грамм
Петрушка – 6-8 тал
Соус үчүн:
Лимон ширеси – 5-6 тамчы
Зайтун майы – 3 аш кашык
Кумшекер – 0,5 кашык
Кара мурч, татымына жараша туз

Даярдоо ыкмасы:
1. Бадыраӊ, болгар калемпирин, тоок этин узун ичке, помидорду майда чарчы кылып кесебиз.
2. Петрушка менен пиязды майдалап туурап алабыз.
3. Тууралган азыктарды идишке салып, соус кошуп аралаштырып, тарелкага салып коюӊуз.

КРАБ ТАЯКЧАЛАРЫНАН САЛАТ
Керектелүүчү азыктар:
Краб таякчалары – 120 грамм
Майонез – 100 грамм
Сыр – 100 грамм
Сарымсак – 2 тишче
Жумуртка – 1 даана
Татымына жараша туз

Даярдоо ыкмасы:
1. Жумуртканы сууга бышырып, аарчып, чарчы формада туурап алабыз.
2. Краб таякчаларынын жарымын кесип, муздаткычка салып коюӊуз. Бул салатты кооздогонго керек болот. Калган бөлүгүн дагы чарчы кылып туурайбыз. Сыр дагы ушундай эле тууралат.
3. Эми сарымсакты майдалагычтан өткөрүп, майонезге кошуп аралаштырабыз.
4. Тууралган азыктарды бир идишке салып, майонезди кошуп аралаштырабыз.
5. Тегерек формадагы идишке аралашманы салып, тарелкага көмкөрүп, сүрөттөгүдөй формага келтирип алыӊыз.
6. Эми муздаткычка салып койгон краб таякчаларын алып чыгып, майда тиштүү сүргүчтөн өткөрүп алабыз дагы салаттын үстүнө себелейбиз. Мындан кийинкисин өзүӊүздүн фантазияӊызга жараша кооздоп алсаӊыз болот.

Гүлжан Асанкожоева
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
jasi
2014-12-29 10:00:48
Салаттар учун рахмат Супер )
0
suiuktuujar
2014-12-29 11:08:53
Жаны жылга ушу салаттарды жасайын.Рахмат супер.
0
gylburak_kg
2014-12-29 12:16:48
Жакшы салатар экен рахмат супер инфо
0
miledi89
2014-12-31 00:54:57
Мен билген салаттар эле экен.
0
Jazgul85kg
2015-01-03 05:36:19
Аракет кылсан Береке болот.баардык гезит окуучу куйормандарга жаны жылдык жагымдуу маанай каалаймын
0
momuntay
2015-01-04 08:00:23
Мен жыл сайын селедка менен оливье и доллар салатын жасайм. Рецептер учун рахмат.....
0
№ 634, 26-декабрь-1-январь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан