Учурда рубль валютасынын курсу туруксуз болуп, бирде сомго теӊелип, атүгүл сомдун баасынан да ылдыйлап кетип жатат. Кыргызстандагы ар бир үй-бүлөнүн жок дегенде бир мүчөсү Орусияда эмгектенип жүргөнүн эске алсак, рублдун азыркы абалы карапайым калктын капчыгына оор кедерги тийгизип жатканы айдан ачык. Рублдун мындан аркы тагдыры кандай болушу ыктымал жана маянасын рубль менен алган мекендештерибизге кандай кеп-кеӊеш берсек болот? Элдин баары экономист болбогон соӊ мурдагы экономикалык тескөө министри Эмил Үмөталиевге суроолорубуз менен кайрылдык.
– Рублдун курсунун туруксуздугунан улам Орусияда эмгектенген мигранттарыбызды «тапкан акчабызды кайсы валютада сактасак болот?» деген суроо ойлонтуп жатат. Сиз аларга эмне деп кеӊеш бере аласыз?
-Биринчиден, универсалдуу жана кепилдик бере турган кеӊешти эч ким бере албайт. Адистер жана ишкерлер тарабынан айтылып жаткан кеп-кеӊештерди эске алып, ар бир адам билимине жана тажрыйбасына жараша өзү чечиши керек. Экинчиден, көп жылдардан бери рублдун курсу туруксуз болуп эсептелинип келет. «Рубль валютасын күнүмдүк гана оокатка пайдаланып, ашыкча акчанын баарын доллар жана евро менен сактаган оӊ» деп айтышат. Мен ага ишенчүмүн. Доллар менен евродон тышкары Улуу Британиянын фунту, Швейцариянын франкы, Япониянын иени, Австралиянын акчасы туруктуу деп саналат. Бул катарда сатып алуу жана сатуу мүмкүнчүлүгү болсо, алтын да бар. Бирок биздин өлкөдө алтын алуу, сатууга кенен жана эркин мүмкүнчүлүк чектелген.
Акчаны сактаганга караганда, эгер адамдын көзү жетип турса, анда топтоп жүргөн каражатын пайдалуу ишке иштеткени орундуу. Мисалы, айыл жергесинин тургундары мал ишин жакшы түшүнгөндүктөн, ушул иш аркылуу каражатын сактап, көбөйтүүгө аракет кылышат. Ошондой эле акчаны ишеничтүү чакан финансылык уюмдар менен да иштетсе болот.
– Кыргызстанда доллар, рубль, сомдун наркы бир көтөрүлүп, бир түшүп жаткан маалдан пайдаланып кантип киреше табууга болот?
-Көп адамдар акчасын кыймылсыз мүлк сатып алуу менен сактап калууга аракет кылышат. Ал деле ишеничтүү куралдардын бири. Ага да жоопкерчилик менен чечим кабыл алуу керек, анткени кыймылсыз мүлктүн баасы да бир күнү арзандап кетиши мүмкүн. Дегеле ушундай учурларда кээ бир ишкерлер абалдан утуп чыгышат. Алар өздөрүнө керектеле турган ресурстарды, курстун өзгөрүп кетүү ыктымалдыгын алдын ала билип калып, арзан баада сатып алууга жетишип калышат. Кийинчерээк ошол ресурстарды кымбатыраак сатышат. Ортодогу айырмачылыктан түшкөн киреше ал аз сандагы ишкерлерге байып кетүүгө капитал болуп берет.
– Орусияда иштеген мигранттар топтоп жүргөн акчасын азыртадан башка бир валютага алмаштырышы керекпи? Кандай кылса алар утат?
-Бүгүнкү тапта валюталардын өйдө-ылдый болуп жатканынан пайдаланып, аны сатып же сатып алып «ойногон» адамдар болот. Бирок мындай «оюнду» бардык эле мекендештерибизге сунуштабайт элем. Тобокелге салуу өтө кооптуу, ар бир эле адамдын колунан келе бербейт. Ошондуктан ишеничтүү каражаттарды жана ишеничтүү ыкмаларды гана колдонууну айтар элем.
Эӊ негизгиси, рубль валютасынын келечеги абдан оор боло турганы айдан ачык болууда, ага көзү ачыктык кылуунун кажети жок. «Рубль – дүйнө жүзүндөгү эӊ алсыз валюта» деген серепчилердин маалыматына да сөзсүз көӊүл буруу зарыл. Мындан ары да көптөгөн факторлорду эске алуу менен рубль алсыздай бериши мүмкүн.
МИГРАНТТАР МАССАЛЫК ТҮРДӨ МЕКЕНИНЕ КАЙТЫП КЕЛЕБИ?
Орусиядагы мигранттар федерациясынын башчысы Мухаммед Аминдин айтымында, 2015-жылы Жаӊы жылдан кийин Орусиядагы эмгек мигранттарынын 25 пайызы же ар бир төртүнчүсү өз мекендерине кайтышат.
Буга байланыштуу Эмгек, жаштар, миграция министрлигинин басма сөз катчысы Аида Кадыровага кайрылдык:
-Рублдун курсу ылдыйлаганына бир айдай болду. Бул суроого 2-3 айдан кийин кайрылсак туура болот. Ошол эле учурда рублдун курсу кайра акырындык менен көтөрүлүп баратат. Бул убактылуу көрүнүш да болушу мүмкүн. Орусия федерациясынын мамлекеттик статистика кызматынын билдирүүсү боюнча, 2014-жылдын 10 айынын ичинде 11 миӊ адам Орусиядан кайтып келди. Бул көрсөткүчтө Орусия жарандыгын алгандар, Орусияда жашоого уруксаты барлар гана каралган. Легалдуу эмес жана сезонго жараша иштеп жүргөн мигранттар бул статистикага кирген эмес.
Наргиза Бекжанова
politika@super.kg