ЭЛДИН ҮМҮТҮ «ӨНҮГҮҮДӨ»

Эл аралап элдин үнүн укканга эмне жетсин. Сырттан караган адамга элдин жашоосу бир калыпта бара жаткандай сезилгени менен, ичинен ачып бараткандай. Мындай абалды Балыкчы элинин үнүн угуп ынанасыӊ. Жылуу-жумшак креслодо отургандар кайдан уксун? Кудай буюруп, Жогорку Кеӊештин депутаттары Бакыт Төрөбаев менен Тынчтык Шайназаров элге келишти. Көктөн издегендери жерден табылгандай жергиликтүү жашоочулар «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын төрагасына абалдарын төкпөй-чачпай айтып беришти. Социалдык маселелер элдин жүрөгүн эзип бүтүптүр. Кайран министрлер креслосуна чиренип, элдин берген сунуштарын унутуп да койгон учурлар болгонун укканда журналист катары чачыӊ тик турат. Бакыт Төрөбаев менен жолугушууга Балыкчы шаарынын тургундары эле эмес, кошуна айылдан да эл келип, депутатка деп камдаган суроолорун берип алышты. Буга чейин саясий майданда оппоненттер «түштүктүн партиясы» деп жар сала берчү, көрсө, андай эмес, бүтүндөй кыргыздын партиясы экени алардын жасаган иштеринен байкалды. Балыкчынын барпаӊ эли өз уулуна ак бата берип, ак чепкен, ак калпак кийгизип узатты. Төрөбаев бул аймакка болгон сапарында ар бир айтылган ойго тереӊ маани берип, борбордук оорукананын эки палатасын заманбап үлгүдө жасап берерин айтты.

ДҮЙНӨНҮН ТӨРТ ЖОЛКУ ЧЕМПИОНУ КАНЫБЕК ОСМОНАЛИЕВ «ӨНҮГҮҮ-ПРОГРЕСС» ПАРТИЯСЫНЫН КАТАРЫНДА
Кемин – Чүй облусунун ири райондорунун бири. Өзүнө 13 айылдык аймакты камтыйт. Совет маалында Кеминдин шаарларынын өнүгүшүнө чоӊ көӊүл бурулганы менен, айыл-кыштактарында толгон-токой көйгөйлөр чечилбей келет. «Өнүгүү-Прогресс» партиясына үмүт артышканы да ушундан. Партиянын төрагасы менен жолугушууга келген элдин саны көп болуп, орундар жетишпей, туруп калгандар болду. Ошентсе да өз көйгөйлөрүн айтып калуунун жолун издешип, ордуларынан туруп болсо да кызыгуу менен депутаттарга үмүт артышты. Анткени Кемин шаары 2012-жылы толук кандуу шаар макамына ээ болгону менен, шаардыктардын көпчүлүгү таза сууга жетпей отурушат. Ички жолдордун абалы күндөн күнгө начар болууда. Жумушсуздуктун айынан көбү Бишкекке чейин барып-келип иштешет. Муну уккан партия өкүлдөрү иштешүүгө даяр экенин, бирок бул үчүн элдин өзүнүн дагы аракети керектигин эскертишти. Демилге эки тараптан чыкканда гана өнүгүү болот.
Жолугушуунун дагы бир өзөктүү бөлүгү – Кеминде туулуп-өскөн, бүткүл Кыргызстандын сыймыгы, дүйнөнүн төрт жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын катарына кошуларын жар салганы болду. Осмоналиев: «Өнүгүү-Прогресс» партиясын тандап алганымдын себеби – бул чыныгы иштин көзүн билгендердин партиясы. Коомдун бардык тармактарында иш алып барып жатат. Анын ичинде спортко да маани беришип, элге кызмат кылышууда. Аймактарга МТСтерди ачып, түбөлүктүү нерселерди калтырышууда. Мен бул партияны чын жүрөгүмдөн колдойм»,- деди. Ошентип партия Кеминдин эӊ көйгөйлүү таза суу маселесине токтолуп, алгач ирет Бейшеке айылынан баштамай болушту. Жыйынтыгында кеминдиктер Бакыт Төрөбаевге ак калпак менен ак чепкен жабышып, бирге өнүгүү каалоолорун билдиришти.

Бакыт Төрөбаев:
«ТАЗА СУУГА БЮДЖЕТТЕН 500 МИЛЛИОН СОМ БӨЛҮНГӨНҮ МЕНЕН, ЖЫЙЫНТЫК ЖОК»
Элдин таза суу көйгөйүн чечүү жергиликтүү бийликтин милдети, бирок өкмөт бул тапшырманы аткара албай келет. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин депутаты, «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев Чүй облусунун Жайыл районунун тургундары менен болгон жолугушууда билдирди. Депутаттын айтымында, жер-жерлерде таза суу жетишсиздиги орчундуу маселени жаратып келет.
– Жыл сайын таза суу көйгөйүн чечүүгө бюджеттен 500 миллион сом бөлүнөт. Бул ишти өкмөт аткарышы керек. Бирок иш жүзүндө жыйынтык болбой жатат. Биз жер-жерлерде элдер менен жолугушуп, кайсы айыл болбосун таза сууга жетпей келгендигин айтып арызданышат.
Муну менен кошо эл өкүлү «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын курулуш багытында аймактарда таза суу көйгөйүн чечүүгө жардам берилип жаткандыгын белгиледи.
– «Өнүгүү-Прогресс» партиясы өкмөт жасай турган ишти аткарып келет. Мына, быйыл күзүндө Чүй облусунун Ак-Башат айылында жергиликтүү эл менен биргеликте таза суу чыгарганга жетиштик. Биздин партия бир эле Чүйдө эмес, жети дубан боюнча мындай иштерди аткарып келет.
Жолугушууда Жайыл районунун тургундары социалдык маселелерди көтөрүп, бала бакча, жолдордун начардыгы жана ФАПтардын шартынын төмөндүгү тууралуу арыздарын айтышты.
Ошентип «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын аймактарга болгон сапары бул жумада жемиштүү болду көрүнөт. Анткени элдин үмүтү азыр куру сөз менен эмес, иши менен далилдеген партияларда. Элдин талабына «Өнүгүү-Прогресс» партиясы гана туура келип жаткандай. Эмне дейбиз, элдин ишеними баарынан бийик. Жаӊы жыл алдындагы жаӊы үмүттөр орундалсын!

Мирлан Өмүралиев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 634, 26-декабрь-1-январь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан