КЫРГЫЗСТАНДЫН КАЙРА ЖАРАЛУУ ДООРУ «ЗАМАНДАШ» МЕНЕН

«Замандаш» партиясы өзүнүн VIII съездин өткөрдү. «Бул съезд «Замандаштын» тарыхындагы чоӊ өзгөрүүлөрдүн, жакшылыктын башаты деп ойлойм» деди партиянын лидерлеринин бири Сапарбек Асанов съездди ачып жатып. Анткени дал ушул съезддин жүрүшүндө партия жаӊы программаны кабыл алып, ага ылайык устав, партиянын тутуму дагы өзгөрдү.

УЛУТТУК КАЙРА ЖАРАЛУУНУ СУНУШТАГАН ПРОГРАММА
Партиянын лидерлеринин бири Рустам Мамановдун айтымында, жаӊы программада «Замандаш» улуттук баалуулуктарга басым жасап, мамлекетти өнүктүрүүнүн стратегиясын сунуштап жатат. «Бул программа – кыргыздын кайра жаралуу доору. Учурда бир дагы идеология иштебей жатканда биз кыргыздын канына сиӊген нарк-дөөлөтүбүздү, эрежелерди, мүнөздөрдү көтөрүп, титулдук кыргыз улутунун айланасына Кыргызстандагы жашаган башка улуттарды бириктирели деп жатабыз»,- дейт Маманов.

«БИЗ БАРЧУ БИЙИКТИКТЕР АЛДЫДА»ө
Мындай өзгөрүүлөр алдыда боло турган парламенттик, жергиликтүү кеӊештин шайлоолоруна карата сапаттуу даярдык экенин ачык эле айтышат «замандашчылар». «Замандаш» бүгүн Кыргызстандын саясий талаасында чоӊ саясий күчкө айланып отурат. Биз бүгүн кандай реформаларды жүргүзүү керектигин, кандай жол менен барарыбызды аныктап отурабыз. Алдыбызга амбициялуу, чоӊ максаттарды койгонбуз. Биз бара турган чоӊ саясий бийиктиктер бар. Мына ушуга жетиш үчүн сапаттык өзгөрүүлөргө барып жатабыз»,- дейт Сапарбек Асанов.
Эске салсак, «Замандаш» 7 жылдык тарыхы бар партия. Өткөн парламенттик шайлоолордо жеӊишке жетишпегени менен, аймактык шайлоолордо алдыӊкы орундарга жетишип, айрым парламенттеги партиялардан көп орундарды алганы факт.

«БИЗДИН МЕКЕН БИРӨӨ ГАНА. АЛ – КЫРГЫЗСТАН!»
Партиянын негиздөөчүсү Муктарбек Өмүракуновдун элесин түбөлүккө сактап калуу максатында «Замандаш» канча съезд өткөрбөсүн, биринчи мандатты Муктарбек Өмүракуновдун
атына жазып жүрүү сунушун колдошту делегаттар.
«Мен ата-энемди, балдарымды кандай сүйсөм, элимди ошондой сүйөм», «Биздин мекен бирөө гана. Ал – Кыргызстан!» деген мекенчил сөздөрүн партиялаштары бүгүнкү күндө туу тутуп келет.
«Муктардын сөздөрү анын санаалаштарына өтүп, бүгүнкү күндө партиясынын турпатына сиӊип, улуу партиянын жаралышына түрткү берип отурат. Муктар Өмүракунов ак көӊүл, жумшак адам болгону менен, партиянын ишине өтө катаал эле. Мына ушул катаал болгон үчүн бүгүнкү күндө партия коррупцияга, бузуку иштерге аралашпай келатат деп ойлойм»,- дейт партиянын мүчөсү Жусуп Молдобаев.
Съезддин жүрүшүндө республикабыздын булуӊ-бурчтарынан келген делегаттар социалдык, экономикалык, чек ара көйгөйлөрүн дагы талкууга алышты. Спортту, маданиятты колдоого, социалдык көйгөйлөргө атайын каражат бөлүп, чечүүгө аракет кылып келет. Бирок бул көйгөйлөрдү түп-тамырынан жоюп салууга бир партиянын мүмкүнчүлүгү жетишпей турганы турган иш. Ошон үчүн «замандашчылар» элдин муӊун ичинен иликтеп чыгып, аларды чечүүнүн жолдорун өздөрүнүн программасы аркылуу сунуштап отурат.

Партиянын теӊ төрагалары: Сапарбек Асанов, Чынара Шейшекеева, Рустам Маманов


Мирлан Өмүралиев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 634, 26-декабрь-1-январь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан