КЫРГЫЗСТАН БАЖЫ СОЮЗУНДА

23-декабрь күнү Москвада Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кириши боюнча келишимге кол коюлду. Келишимди Жогорку Кеӊеш ратификациялаган соӊ ал мыйзамдуу түрдө күчүнө кирет.

«БАЖЫ БИРИМДИГИНЕ БАШКА АЛЬТЕРНАТИВА ЖОК»
Адегенде 2011-жылдын 11-апрелинде Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү боюнча аракеттерди баштоо чечими кабыл алынган. 2014-жылдын 29-майында Бажы союзунун базасында түптөлгөн Евразиялык экономикалык биримдикке кирүү боюнча Кыргызстандын арызы кабыл алынган болчу.
Президент Алмазбек Атамбаев кийинки жылдын 9-майынан баштап Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдигине кошулуусу боюнча келишим толук кандуу иштей баштаарын белгиледи. Дал ушул датадан тартып бардык тоскоолдуктар алынып салынат. Буга чейин айтылгандай, биримдикке кирүү процессинде Кыргызстандын экономикасын турукташтыруу үчүн атайын түзүлгөн фондго Орусия 1 миллиард доллар бөлүп берүү чечимин кабыл алган. Анын 100 миллион доллары ушул жылдын 31-декабрына чейин Кыргызстанга которулат.
«Кыргызстан аталган биримдикке кирүү менен жоготконунан көбүрөөк табат, өлкөбүздүн бул кадамга карата башка альтернативасы жок»,- деди мамлекет башчы. Эске салсак, Кыргызстандагы товар жүгүртүүнүн 40 пайыздан ашууну Орусия жана Казакстанга туура келет.

КЫРГЫЗСТАНДЫН УТУШУ ЭМНЕДЕ?
Бийлик «Кыргызстан Орусия, Казакстан, Беларусь жана Армениядан турган биримдикке кирүү менен өнөр жайы жанданып, коӊшу өлкөлөр менен болгон чек аралар ачылып, элдин жашоо деӊгээли жакшырат» дейт. Экономика министри Темир Сариевдин айтымында, Евразиялык экономикалык союзда 4 эркиндик болот. Алар: капитал, товар, кызмат көрсөтүү жана эмгек ресурстары кыймылынын эркиндиги. «Биринчи кезекте кыргызстандык эмгек мигранттар утат, алар Евразиялык экономикалык союздун аймагында эркин жүрүү укугун алышат. Экинчиден, Казакстан менен Орусиянын базарларына продукциясын ташыган кыргызстандык ишкерлер жеӊиште болот»,- деди Темир Сариев.

КЫРГЫЗСТАН КАНДАЙ ЗЫЯН ТАРТАТ?
Өлкөнүн Бажы союзга кирүүсүнө каршы чыккандар да көп. Алар ар кандай нааразычылык акцияларын өткөрүп келе жатышат. Каршы тараптын башкы аргументи – Кыргызстан көбүрөөк импортко көз каранды өлкө, аталган союзга киргенден кийин бажы төлөмдөрү жогорулай тургандыгына байланыштуу импорттолуп келген товарлардын баасы көтөрүлүп, кымбатчылык башталат. Алар «Кыргызстан жакшысы Кытай менен, дегеле бардык өлкөлөр менен алака-катышты күчөтүп, баары менен иштешкени оӊ» дешет. Кымбаттоо качып кутулбай турган көрүнүш экенин Экономика министрлиги деле моюнга алды жана Казакстан, Орусия, Беларусь жана Армениядан башка өлкөлөрдөн ташылып келген товарлардын баасы көтөрүлөт деди.
Контраргументтердин сап башында – Бажы союздун экономикалык эмес, саясий долбоор деп аталуусу болду. «Кыргызстандын көз карандысыздыгы чектелип, Кремлдин көзүн карап калуу күчөйт» дешет бул топтогулар.
Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнө каршы тараптагылар «Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү керекпи-жокпу» деген маселенин өзү парламентте каралбагандыгына нааразы.

Мирлан Өмүралиев
Наргиза Бекжанова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (51)
alisa.ilias
2015-01-01 17:08:59
Ээй туугандар саюузга кошулбасак деле тентибедик беле ээми деле тентий беребиз андан коро тынчтык болсунчу сошугуш болбой кудайдын айтканын корорбуз чондордон умут кылбай кудайдан умут кылып рубль которулсо кудай деп жашай беребиз кудайдан куткуло баардык нерсени,
0
Zamirbek_77
2015-01-01 19:00:35
патентке 4000 толойбуз деген жалган окшойт, анын баарын ачык айтыа жар салган эч ким жокко, ананда качангана ФМС озу жар салса анан ишенсе болот, азырынча айтаэлек, эчтекеден кыжалат болбогула баары жакшы болуп кетер деген умутту узбойлу мекендештер.
0
optimistka
2015-01-02 01:45:58
Кара тизмени жок кылышат бекен??? Сураныч админ, так жообун айтып коесуздарбы эгер билсениздер....
0
admin_superstan
2015-01-05 13:00:41
optimistka, саламатсызбы! Сунушуңуз эсибизде болот. Рахмат!
0
Manasemetei
2015-01-02 07:25:36
orustar jakwy.orustarda iwtep ui-bulobuzdu bagyp atabyz.jakwy boldu kirgenibiz.emi ki4ine armiabyzda onolot.kolunardan e4 nerse kelbei ele orustarga kowulganga naraazy boosunar.amerika evropadan tadjik ozbekten koro orustar jakwy kelet ken peiiil.Atambaevke rahmat.bizdin baw4ybyz tuura joldo baratat.men koldoim prezidentibizdi.kyrgyz algaa
+1
Shira
2015-01-02 15:54:06
баягы эле карапайым калкка кыйын болот экен да айлык акы аз,тамак аш кийим кече кымбат
+2
umka87
2015-01-02 16:24:57
мигранттарга жакшыжактары коп деп жатышат го патент неге жасамак элек как беларустар сыяктуу регистрация менен журо беребиз да
+1
Sadyrov_n93
2015-01-02 19:13:40
Билип билбей эле жаза бербесенер эч кандай билиминер жок,сураса атын да жаза албагандар бар сындагандардын арасында,кирсек КР учун абдан пайдалуу,президент деле кыргыз го анын да акылы барда.
0
alai1987
2015-01-03 17:27:48
биздин жегичтер кыргызстанды жеп тойбой жатышат... молодцы кыргыздар только алга союзду да жеп койуш биздин атка минерлерге кеп болушу мумкун эмес.. так что россия казакстан беларусия армения даярдана бергиле биздикилер силерди да кууратат чиркин. союзга кошулбай жатып 1 миллиард доллар алдык кошулгандан кийин путин олдунгоо байкуш трилиардтарды алабыз.. хахаха бул алгыч биздин каныбызда бар.. бере турган эч нерсебиз жок атак! путин эми шорун шорподой кайнайт отвечаю..
-1
paren
2015-01-04 18:50:56
alai1987, жазсанда ойлонуп жазсан путинким екенин билесинби
0
Aizurok
2015-01-04 00:46:27
Путиндей призидент болгондо КР давно онугуп кетмек эми баары жакшы болот куда кааласа
+1
nazgulyakg
2015-01-04 01:41:36
Ой ужас какой-то,
0
buhnurga
2015-01-05 00:06:03
nazgulyakg,ппчп
0
dominic_toretto
2015-01-05 04:49:32
Өзү ушул ТСга кошулгусу келбегендерди Кыргызстандан кууп чыгып Озбекстанга же Таджикстанга кошуп салуу керек.Ошондо көрөт Россия алардын жанында төөдөй өйдө экенин.Эй туугандар,Кыргызстандын дээрлик көпчүлүгү кайсы мамлекетте иштеп жан багып жатышат? Өзбекстандабы? Таджикстандабы? Кытайдабы? Жок! Именно ушул Россияда иштеп жан багып жүробуз. Бул ТСга кошулбасак жакынкы жылдары бизде катуу согуш башталмак же

№ 634, 26-декабрь-1-январь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан