ЖАӉЫ МИНИСТРЛЕР ШАЙЛАНДЫ

Бул аптада эски жылга калтырбай Жогорку Кеӊеш министрлерди шайлоо ишин жыйынтыктай алышты. Дегенибиз, Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин бош турган жетекчилик орунун Чүй облусунун мурунку губернатору Айбек Азыранкуловго ыйгарышты. Анын талапкерлигине 92 депутат «макул» деп добуш берди. 
Ал эми Эльвира Сариева Билим берүү жана илим министрлигине жетекчи болуп кеткен соӊ бош калган вице-премьерлик кызматка КСДП фракциясынан депутат Дамира Ниязалиева шайланды. Анын талапкерлигине 80 депутат «макул» деп добуш берди.
Эске салсак, Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине журналист Жанар Акаев, КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкинанын талапкерликтери да каралып жаткан болчу. Ал эми вице-премьерлик кызматка Дамира Ниязалиева жалгыз талапкер болду.

Мирлан Өмүралиев
Наргиза Бекжанова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
istina
2014-12-29 19:06:30
ыйлагым келип атат,раззаков,исановдордой жетекчилерге жарды болгонубуз учун
0
№ 634, 26-декабрь-1-январь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан