БИР БҮРКҮМ

  • 2014-жылдын 11 айында Орусияда ар кандай себептерден улам көз жумган 277 ЖАРАНДЫН СӨӨГҮ Кыргызстанга алынып келинген. Муну 19-декабрда Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги маалымдады.
  • Өлкө боюнча 453 айыл өкмөт башчысы болсо, алардын болгону 23ү аялдар. Өкмөттүн облустагы өкүлдөрүнүн ичинен АЙЫМ ГУБЕРНАТОРЛОРДУН саны экөө. Алар – Талас жана Жалал-Абад облустары. Мэр жана шаардык кеӊештер арасында аял жетекчилер жок.
  • Бишкек шаардык соту 23-декабрда Бишкектин мурунку мэри НАРИМАН ТҮЛЕЕВ жана мэриянын мурунку бир катар кызматкерлери боюнча Ленин райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Эскерте кетсек, Түлеевди былтыр 29-июлда Бишкектин Ленин райондук соту мүлкүн конфискациялоо менен 11 жылга эркинен ажыраткан.
  • Бишкек шаарында 290 АКУШЕР-ГИНЕКОЛОГ иштесе, Нарын облусунда 23 гана акушер-гинеколог эмгектенет. Мындай маалымат 19-декабрда Саламаттыкты сактоо министрлигинин коллегиясында айтылды.
  • Кайсы бир ДИНГЕ ӨТҮҮГӨ үгүттөө максатында үйлөрдү жана башка коомдук жайларды кыдырууга эми тыюу салынышы мүмкүн. Бул тууралуу «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» мыйзамга толуктоо киргизүү боюнча долбоор коомдук талкууга коюлду.
  • Жыл сайын өлкөдөгү 12 КРИЗИСТИК БОРБОРЛОРГО 15 миӊге жакын аялдар кайрылышат. Алар көбүнесе күйөөсүнөн же кайненесинен жапа чеккендер.
  • Жыл башынан бери өлкөнүн көлдөрүнө жана каналдарына 81 адам ЧӨГҮП КЕТКЕН. Алардын 26сын жаш балдар түзөт. Муну 23-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
  • Президенттин басма сөз катчысы КАДЫР ТОКТОГУЛОВ Кыргызстандын АКШдагы элчиси кызматына сунушталууда. Бул маселе 29-декабрь күнү парламенттин тиешелүү комитетинде каралат.
  • Өкмөттүн токтомуна ылайык, КЫШКЫ КАНИКУЛ 1-январдан 8-январга чейин деп жарыяланды. Ортодогу иш күндөрү беш күндүк жумуш графиги менен эмгектенген кыргызстандыктар үчүн 10-январь, 21-февраль жана 23-мартка жылдырылды. Ишемби күнү иштегендер болсо жумуш графиги боюнча ишин улантышат.

Мирлан Өмүралиев
Наргиза Бекжанова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 634, 26-декабрь-1-январь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан