«Интерпол аркылуу изделүүдө» деген сөздү акыркы учурда көп укчу болдук. Кыӊыр иш кылып коюп өлкөдөн качып кеткен кылмышкерлердин тигил же бул жактан кармалгандыгын да угуп калабыз. Азыркы тапта Интерпол аркылуу дүйнө боюнча 80 миӊден ашуун адам, 7 миллиондой автоунаа жана башка жоголгон баалуу буюмдар изделүүдө.
ИНТЕРПОЛДУН НЕГИЗДЕЛИШИ
Интерпол – Эл аралык кылмыштуулукка каршы полиция уюму расмий түрдө 1923-жылы негизделген. Бирок аны түзүү демилгеси 1914-жылы эле айтылып, Монако мамлекетинин князы Албер I 14 өлкөнүн (ичинде Орусия империясы да болгон) күч органдарын чакырып, эл аралык конгресс өткөргөн. Иштин андан ары уланышына Биринчи дүйнөлүк согуштун башталып кетиши тоскоолдук жараткан.
Экинчи эл аралык конгресс 1923-жылы Австрияда өткөн. Дал ошол жыйында Эл аралык кылмыштуулукка каршы полиция уюму түзүлгөн. Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда фашисттик Германия Австрияны басып, Венадагы Интерполдун штабын Берлинге көчүргөндө мүчө мамлекеттердин көбү бул уюмдан чыгып кетишкен. Уюм жоюлуп кетүү коркунучунда калган. Аталган уюмдун иши кайрадан 1946-жылы штабы Францияга көчүп келгенде жанданган. Азыркы тапта Интерполдун штаб-кеӊсеси Франциянын Лион шаарында жайгашкан.
Жалпысынан бул уюмда 700гө чукул адам иштейт, алар 100гө жакын улуттун өкүлдөрү. Интерпол өз ишмердүүлүгүндө расмий деп англис, француз, испан жана араб тилдерин кабыл алган. Учурдагы президенти Мирей Балестрази Интерполдун тарыхында уюмду башкарган биринчи айым. 1987-жылы атактуу француз сүрөтчүсү Жан-Батист Камиль Коронун уурдалган төрт картинасын тапкандан тарта анын карьерасы жогорулай баштаган.
Интерполдун маалымат базасына жыл сайын ар өлкөдөн издөөгө байланыштуу 800 миллиондой суроо-талаптар түшөт. Көбүнесе алар жоголгон же уурдалган документтерге, шектүү адамдарды текшерип берүүгө байланыштуу болот. Белгилей кетчү нерсе, бул уюм өзүнүн Конституциясына ылайык, саясий, аскердик, диний жана расага байланыштуу чыр-териштирүүлөргө кийлигишпейт. Ошондон улам экс-президент Курманбек Бакиевге, Украинанын мурунку өлкө башчысы Виктор Януковичке издөө салуудан баш тарткан.
308 КЫРГЫЗСТАНДЫК КЫЛМЫШКЕР ИЗДЕЛҮҮДӨ
2008-жылы кыргызстандык 38 кылмышкер Интерпол линиясы аркылуу изделүүдө болсо, азыркы тапта алардын саны 308 кишиге жеткен. Кармалган кыргызстандыктардын саны 143 адам. Интерпол кылмышкерлерди издөө менен гана алектенбестен, дайынсыз жоголуп кеткен жарандар, унаалар, маданий-тарыхый баалуулугу бар буюм-тайымдар боюнча да иш алып барат. Бүгүнкү күндө дайынсыз жоголгон 15 кыргызстандыкка эл аралык издөө жарыяланган. Алардын көбүн чет жакка иштейм деп кеткен жаш кыздар түзөт.
Интерполдун Кыргызстандагы улуттук бюросунун жетекчисинин орун басары Дайырбек Казыбаевдин айтымында, уюм кайсы бир кылмышкерди издөө, кармоо жаатында гана иш жүргүзөт. Андан ары кылмышкерди экстрадициялоо Башкы прокуратуранын "баш оорутмасы".
Мисал катары, мурдагы энергетика министри Сапарбек Балкыбеков 2011-жылы Ирландиядан Интерпол тарабынан кармалган болчу. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы аны экстрадициялоо боюнча Ирландия мамлекетине кайрылган. Бирок ошондон бери жооп келе электигин Башкы прокуратурадан билдиришти. Кошумчалай кетсек, Кыргызстандын күч органдары Интерпол аркылуу эл аралык издөөдө жүргөн көптөгөн кылмышкерди да колго түшүрүшкөн.
КЫРГЫЗСТАН ИНТЕРПОЛГО 165 МИӉ ЕВРО КАРЫЗ
Кыргызстандын Интерполго мүчө болгонуна быйыл 18 жыл болду. 1996-жылы Түркиянын Анталия шаарында Интерполдун башкы ассамблеясынын 65-сессиясында Кыргызстанды бул уюмга мүчө катары кабыл алуу чечими чыккан. Ал эми бир жылдан соӊ Интерполдун Кыргызстандагы улуттук-борбордук бюросу ачылган. Ал Ички иштер министрлигине караштуу орган. Кыргызстандагы улуттук-борбордук бюродо 7 адам иштейт. Айлыктары кадимки ИИМдин башка милиция кызматкерлериникиндей. Интерполдун Кыргызстандагы УББсын 2012-жылдан бери милициянын полковниги Нурбек Субанбеков жетектеп келет.
Азыркы тапта Интерполдун Кыргызстандагы УББсынын Интерполго 2002-жылдан бери
165 миӊ еврого жеткен карызы турат. Дайырбек Казыбаевдин айтымында, Интерполдун ар бир өлкөдөгү бюросу жыл сайын
10 миӊ евронун тегерегинде мүчөлүк акы төлөп турушу зарыл. "Бирок бюронун ачылган жылынан бери биздин мамлекет бир да сом берген эмес. Бул карыздын айынан Интерполдун Кыргызстандагы УББсынын сөзү конгресстерде өтпөйт",- дейт Казыбаев.
ИНТЕРПОЛ ЖАНА БЕЛГИЛҮҮЛӨР
Наргиза Бекжанова
politika@super.kg