Элге актриса, манасчы катары тааныла баштаган Ширин Сарыгулова буга чейин "Жигитим Аяз ата" (ичкич айым), "Курманжан датка" (Курманжандын кошокчу жеӊеси), «Көк жал» (манасчы) тасмаларында роль жараткан. Манасчы айым эми депутаттын образын жаратууга бел байлады.
Бул тууралуу ал: «Асема мага байланышып, «жазында кино тартам, сиз депутат айымдын ролун аткарып бериӊизчи» деген сунушун айтты. Мен ойлонбой туруп макул болдум. Жашоодо болбосо да кинодо депутат айым болуп алайын дедим»,- дейт.