Кыргыз шоу-бизнесин Жетигеновалар каптайт окшобойбу. Анткени Алина Жетигеновадан кийин сиӊдиси Назира куудул катары таанылды. Анан эле Алина айымдын уулу Азиз ырчы болуп, кызы Азел бийлеп чыга келди.
Эми кезек кийинки муунга келди көрүнөт. Жакында гана Назира Жетигенованын кичүү кызы Азиза ырдап чыкканын билдик. Азизага азырынча апасы өзү продюсерлик кылып, концерттерге катыштырып жүргөнүн айтат. «Кызыма 3 жаӊы ыр жаздырдык. Ал эми клипти болсо Жаӊы жылдан кийин тарттырганы жатабыз»,- дейт куудул айым.