ИЙГИЛИКТИН МЫРЗАЛАРЫ. “Уурдадың, ичтиң – түрмөгө түштүң! Мына сага, романтика!”

Тасма таржымалы

Тасмаларды бир жолку, бир айлык жана бир жылдык көрүүгө ылайыкташтырылган деп бөлүүгө болот. Бирок бул үч бөлүктөн сырткары өмүр бою көрүү үчүн жаралган тасмалар да жок эмес. Биз кеп кылганы жаткан советтик “Ийгиликтин мырзалары” дал ошондой тасмалардын катарында десек, аша чапкандык болбос.

Режиссёру – Александр Серый
Сценарийин жазгандар – Виктория Токарева, Георгий Данелия
Оператору – Георгий Куприянов
Жанры – Комедия
Башкы ролдордо – Евгений Леонов (Доцент-Евгений Трошкин), Георгий Вицин (Хмырь), Савелий Крамаров (Косой), Раднэр Муратов (Василий Алибабаевич)
Тарткан өлкө – СССР
Чыгарылган жылы – 1971-жыл
Бюджети – 400 миң рубль

МАЗМУНУ
Тасманын өзөгүн Александр Македонскийдин уурдалган туулгасын (шлемин) издөө түзөт. Ал алтын туулга Орто Азияда археологиялык казуулар жүрүп жаткан учурда жоголот. Аны үч кылмышкер уурдап кетишет. Бул кылмышты археологиялык экспедициянын жетекчиси Мальцев (Эраст Гарин) Москвага барып милицияга кабарлайт. Күндөрдүн биринде ал автобустан үч кылмышкердин башчысы Доцентке куюп койгондой окшош адамды жолуктуруп калат. Бирок ал балдар бакчасынын башчысы, мээрман адам Евгений Трошкин болуп чыгат. Милиция кызматкерлери Евгений менен Доценттин окшоштугунан пайдаланып, анын жардамы менен алтын туулганы табууну чечишет.
Ошентип, Трошкин Доцент болуп Орто Азиядагы түрмөлөрдүн бирине, Доценттин санаалаштарына барып кошулат. Туулганы табыш үчүн Хмырь, Косой жана Василий Алибабаевич төртөө түрмөдөн милиция кызматкерлеринин уюштуруусу менен качып чыгышат. Ар кандай окуяларга туш болуп отурушуп, акыры туулганын жоголгон жерине келишет. Бирок ал кезде чыныгы Доцент абактан качып чыгып, алтын туулганы издөөгө киришкен эле. Аягында баары бир жерден жолугушуп, советтик тасмаларга мүнөздүү болгондой эле кылмышкерлердин колго түшүрүлүшү менен аяктайт.

ТҮРМӨДӨН КИЙИНКИ ИЙГИЛИК
Тасманын режиссёру А.Серый мушташа кетип бир адамды майып кылып койгондугу үчүн 5 жыл түрмөгө отуруп, ал жактагы жашоону көрүп чыккан. Ал абактан чыккан соң режиссёр Г.Данелия Серыйга бул фильмди тартууга түрткү берет. Тасмада кылмышкерлер колдонуучу сөздөрдү Серый өзү айтып берген. Тасма Москва шаарында жана Өзбекстандын Самарканд шаарында тартылган.
Алгач аталган каармандардын ролун аткарууга Ю.Никулин, Л.Дуров, Р.Быков сыяктуу белгилүү актёрлор тандалган. Бирок аларды башка актёрлор менен алмаштырууга туура келет. Ага карабай, тандалып алынган актёрлор тасмада образдарын жеткиликтүү аткара алышкан.
“Ийгиликтин мырзалары” 1972-жылы прокатка чыгып, бир жыл ичинде 65 миллион көрүүчүгө көрсөтүлүп, 30 миллион рубль чогулткан.
Азыркы кезде мындай шедеврди жараткан адамдардын көпчүлүгү бул дүйнөдөн өтүп кетишкен. Бирок фильмди көргөн көрүүчүлөр аларды дагы деле тирүүдөй элестетишет. Анткени «Ийгиликтин мырзалары» ушундай тирүү, түбөлүктүү тасма экени талашсыз.
Фильмде айтылган көптөгөн фразалар адамдардын жашоосунда колдонгон учкул сөздөрүнө айланган. Алсак, “эй, гражданина, ты туда не ходи, ты сюда ходи, а то снег в башка попадёт, совсем мёртвый будешь!”, “женские туфли хочу, 3 штуки, размер 42, 43, 45”, “кушать подано, садитесь жрать, пожалуйста!” деген учкул сөздөр дал ушул тасмага таандык.

ТАСМАДАГЫ КАТАЛАР

  • Тасмада кылмышкерлер цементи бар машинага жашынышат. Ал эми жолдо баратканда ал таптакыр бөлөк машинага алмашып калат.
  • Цемент бардык кийимдерди булгаса да, ич кийимдери таза бойдон калат.
  • Доцентти түрмөнүн бөлмөсүндө Никола деген каарман тебе электе эле, анын шымынын аркасынан бут кийимдин изин байкоого болот.
  • Фильмдин акырында милиция кызматкерлери бири кара, бири кызыл түстөгү машиналарда келишип, кайра эки кочкул кызыл машинада кетишет.
  • “Джентльмендер” карда көнүгүү жасап жатышкан жерде бири-бирин карга жуунтушат. Ошол кезде татуировкалардын жуулуп баратканы байкалат.
  • Тасманын аягында милиция кызматкерлери келгенде Василий Алибабаевич баш кийимчен турган болот. Анан кийинки кадрда кайра эле туулгачан болуп калат.

КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР

  • Түрмөдөгү сөздөр колдонулган деген себеп менен тасма жарыкка чыкпай калуу коркунучуна кабылган. Бирок тасманы ал кездеги өлкө башчысы Л.Брежнев менен ИИМдин жетекчиси Н.Щелоков өздөрү көрүп чыгышып, тасмага жол ачып беришкен. Күбөлөрдүн айтуусу боюнча алар фильмдин аягына чейин боорлору эзилгенче күлүшкөн.
  • Фильмге билеттер кассадан 20 тыйындан сатылган. А ортомчулар билеттерди дүңүнөн алышып, 3 рублдан сатышкан.
  • Кинодогу Хмырдын бетине түкүрүп салган төө азыр дагы тирүү. Чыныгы аты Алмаз, жашы 38ге келиптир. Төөлөр орто эсеп менен 40 жашка чейин өмүр сүрүшөрү белгилүү.
  • Төрт мырзанын бири Раднэр Муратов 2004-жылы көз жумган.
  • Тасмада Алибабаевичтин апасы менен үйү Казакстандын Жамбыл (азыркы Тараз) шаарында экени айтылат. Ошол Жамбыл шаарынын аты аталганы үчүн эле, бул шаарда төрт мырзага эстелик тургузулган.
  • Режиссёр Александр Серый өзүн-өзү өлтүрүп, дүйнө менен кош айтышкан. Анткени артынан өзү майып кылып койгон адам өч алуу үчүн аңдып жүрө берген. Ошого көңүлү тынчыбай, ажалга кол сунган.

Залкарбек Карабалаев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
bahajora
2009-12-05 18:31:13
ана сага кино деп ушуну айт
0
№ 369, 27-ноябрь - 3-декабрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан