Эсиӊиздерде болсо, куудул Кабыл Бөрүбаевдин Мажит, Сайкал деген балдары сахнада ырдап жүрүшчү. Кийин Мажит анда-санда сахнадан көрүнүп турганы менен, карындашы Сайкал такыр чыкпай калган эле. Ошол кездеги так секирип ырдаган кичинекей Сайкал азыр сулуу кыз болгон.
– Кандайсыӊ, Сайкал? Учурда эмне менен алексиӊ?
– Саламатчылык. №82-орто мектепте 8-класста окуйм. Учурда жаӊы жылдык кечелерге даярданып жүрөм. Бул жылы мен Аяз кыздын ролундамын. Анан, албетте, окуу менен убарамын.
– Кичинекейиӊде ырдап чыктыӊ эле, кийин эмнеге көрүнбөй калдыӊ?
– Ооба, ырдап жүргөм, бирок ырчылык кесип мени такыр кызыктырбайт. Менин тилегим, кыялым башкада. Мурун журналист же юрист болом дечүмүн. Анан Эрнест (ред. Бөрүбаев) байкем «сөзүӊө туруп, юрист бол» деп айтты. Ошондуктан ырчылыкка аралашпай эле коёюн дедим.
– Бирок Мажиттин концертинде атактууларды туурап ырдап чыкпадыӊбы?..
– Ооба, ал Мажит байкемдин идеясы болчу. Мен байкемди колдоп эле ырдап койгом.