«МАССОFFEE» ЖАНА «МАCTEА» БЕЛЕКТЕРДИ ТАРТУУЛАЙТ

Жакында эле Бишкек шаарында «Food Empire» компаниясынын «MacCoffee» жана «MacTea» соода маркасынын 2 ай бою жүргүзүлгөн акциясы жыйынтыкталды. Ушул жылдын 1-октябрынан 30-ноябрына чейин чай жана кофенин сүйүүчүлөрүн мыкты суусундуктан тышкары белектер күтүп алмак. Буга «Акция» белги сөзү бар «MacCoffee 3 in 1» же «MacTea 3 in 1» сатып алып, баштыкчанын ичиндеги промо-кодду 1516 кыска номуруна аты-жөнү, жашаган жерин белгилеп SMS аркылуу жөнөтүү керек эле. Ошондой эле промо-кодду www.maccoffee.kg сайтына каттап, акцияга катыша алмаксыз.

Кодду каттаган катышуучулардын ичинен ар күн сайын 5тен адам жеӊүүчү деп табылып, 2000 сомдон утуп жатышты. «МасCоffee» жана «МаcTeа» сизди калыбыӊызга келтиргенден тышкары жагымдуу белек тартуулай алды. Ал эми күн сайын активдүү катышкан 10 адамга кызыктыруучу белек иретинде уюлдук телефондоруна бирдик салынып турду. Баш байге –
20 000 сом ар айдын аягында ойнотулду. Октябрь айынын жыйынтыгында баш байге Каракол шаарынын тургуну Алымкан Усубалиевага буюрду.
«Менин жумуш күнүм «MacCoffee 3 in 1» кофесин ичүү менен башталат. Утушту дал ошолордун бири алып келди. Мен бул компаниянын көптөн берки кардарымын жана уюштурган ар бир акцияларына катышып турам. 2 жыл мурунку ойнотулган акцияда да белек утуп алдым эле, бул жолу да байгелүү болдум. Утам деп таптакыр ойлогон эмесмин. Компаниянын өкүлдөрү чалып, жеӊүүчү болгонумду билдиришкенде өтө кубандым. Эми бул утушту эсте каларлык кылып коротом. Үйгө тиричилик буюмунан сатып алам да, аны колдонгон сайын бул акцияны эстеп турам. «MacCoffee» кофелеринин сергиткен даамын татып, белектерди уткула!»,- деген Алымкан айым сүйүнүчүн жашыра алган жок.
Ал эми ноябрь айынын жеӊүүчүсү болуп бишкектик Бактыгүл Качиева табылды. Жагымдуу белек жагымдуу жагдайга туура келип, 20 миӊ сомду ал туулган күнүн утурлай утуп алды.
«Мен өзүм жеӊишке ишенген адаммын. Бул акцияда башынан эле жеӊүүчү аталгым келген. Бардык тууган, досторумдан «MacTea», «MacCoffee» алуусун сурангам. Бардык коддорду чогултканда 807 болду. Бирок акча колума тийгенче баары бир ишене албай жаттым. Абдан жагымдуу белек болду!»- дейт кубанычы менен бөлүшкөн жеӊүүчү.
«Бул акция бүткөнү менен, акыркысы эмес. Келечекте дагы да болсо сонун акциялар уюштурулат»,- деп билдирет «MacCoffee» компаниясынын аймактык менеджери Кундуз Асаналиева.
«MacCoffee» жана «MacTea» продуктулары Кыргызстандын рыногунда 20 жылдан бери чыгып келет. Азыркы күндө өзүӊүзгө жаккан чай же кофеӊизди Бишкектин ар бир дүкөнүнөн таба аласыз. Шаардыктардын айтуусу боюнча, «МасCоffee» өзгөчө даамы менен айырмаланат. Андагы 60ка жакын кофе түрүнүн кайталангыс даамы чыныгы кофе сүйүүчүлөр үчүн!

Адилет Керимбеков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 634, 26-декабрь-1-январь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан