ЖАӉЫ ЖЫЛДАГЫ КУМАРЛУУ КЕЧ, КҮЙГӨН КАЗАН

Жаӊы жыл үй-бүлөлүк майрам эмеспи. Ошол күнү эл катары эле жолдошум Жылдызбек экөөбүз азык-түлүк алып келип дасторконду жайнаттык. Жаӊы жылдык кооз көйнөктөрүн кийип алган балдарымдын да кубанычында чек жок. Мен дароо ваннага кирип жуунуп-тазаланып, сатып алган кызыл кооз ич кийимимди чулкиси менен кийип, үстүмө жаӊы халатымды илип алдым. Чачымды кургатып, арыдан-бери боёндум. Балдарым болсо төркү үйдө балаты жасап жатышкан. Атасы аларга токко сайса күйүп-жанган оюнчукту орнотуп, ошону менен алек эле. Телевизордо жаӊы жылдык концерт болмок, ал башталгыча тамагымды жасап салайын деп ашканага кирип кеттим. Жолдошумдун сүйүктүү тамагы – палоо басайын деп пияз, этти кууруп жатсам, ашканага сүйүктүүм кирип келип калды.
– Жаным,- деп артыма келип кучактап, жыттагылап кирсе болобу?!
– Койчу, ай, өмүрү аял көр­бөгөнсүбөй тура турчу,- дедим казанымды аралаштырып жатып.
Ага карабай эле күйөөм халатымдын үстүнкү топчуларын чечип кирди. Халатымды чечип, кооз ич кийимимди көр­гөн жолдошумдуку зыӊ­кы­йып туруп алса болобу. Кой-айга болбой кийимдеримди чечип-чечпей туруп турган калыбында «алигисин» сойлотуп ийди, мен да кумарлана түштүм. Мен деле ысык жанмын да. Канча өттү билбейм, махабаттын туу чокусуна чыгып экөөбүз эки жерде сулк жатып калыптыр­быз. Өзүм кантип образга кирип кеткенимди байкабай калыптырмын. Бир маалда өзүмө келип көзүмдү ачсам, ашкананын ичин капкара түтүн каптап калыптыр. Тура калып ка­расак, казаныбыз капкара болуп күйүп кетиптир, көрсө, мен берилип кетип казанды өчүр­гөндү унутуп коюптурмун. Газды өчүрүп, терезени ача салып экөөбүз теӊ жуунуучу бөлмөгө чуркадык. Жуунуп-тазаланып чыксам, балдарым балатыны жасап коюп, сыналгыдан мен күткөн концертти көрүп мойтоюп отурушат. Сыр бербей казанымды жууп, кайрадан тамак жасадым. Ошентип шашып жаӊы жылдык концерт көрөм деген жаным өзүм концерт болбодумбу. Экинчи жолу жасаган тамагым саат 12ни какканда бышып, үй-бүлөбүз менен дасторкондун үстүндө Жаӊы жыл тостук. Палоону оозубузга салган сайын жолдошум экөөбүз жымыӊдап бири-бирибизди карап күлүп койгонубузчу. Азыр Жаӊы жыл келген сайын ушул окуяны эстеп күлүп калабыз.

Самара
Астра Айдарова
erotika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (63)
aziz.k
2015-05-05 03:38:31
Охххх
0
sawa
2015-05-15 01:21:55
Ким жазсада фантазиясы кучтуу экен мынчалыка кумарга кирип кетиш мумкун эмес тамак жасап атса тошокто болсо ишенет элем озун жоготуп жатып калгыдай менимче куйосу чыдабай аялын ойуна койбой зордуктап салган
+1
abdulazim.kg
2015-07-13 20:17:31
Шумдук
0
chingiz1987
2015-07-21 04:44:31
ХХХ бул окуяны окуп аялына аялына ашык болдум хе
+1
admin_superstan
2015-07-21 09:42:25
chingiz1987, коомдук адепке туура келбеген сөздөргө тыюу салынган! Эскертүү!
+2
zh.baxa
2015-08-04 01:13:44
2+3=5 болубтур
0
abdulazim.kg
2015-08-06 00:59:26
Жакшы
0
jamal1993
2015-11-15 15:49:52
Да магада аябай жакты секс адамды жашартат
0
ali1995
2015-12-22 02:15:30
Бул жакта жанылык жокгоо?жалан эскилер...
0
madazimova92
2016-01-07 15:34:59
Эн сонун
0
nazira...
2016-01-28 15:40:07
Биринчиден ашканада албетте болбойт андай иш кылган, экинчиден казан куйо баштаганы эле билинет да оздору ашканада турушса, учунчудон ошончо капкара тутун болуп кетсе берки балдарына деле жетип чуркап келишмек го. Кичине окшоштуруп жазыш керек да.
+1
Svoboda83
2016-01-28 23:56:23
Аябай жакты
0
nikowa
2016-02-11 17:17:05
Жакшы жакшы! Мындайлар болот.
0
askar_myrza
2016-02-16 21:54:10
хаха мага жакты эстегени жыл сайын сайышып
0
admin_superstan
2016-03-08 10:50:40
Zahovic, саламатсызбы? Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлерди info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жөнөтүңүз.
0
kubzero
2018-03-19 14:59:11
Коментарий окусан озунчо эле макала
0
№ 634, 26-декабрь-1-январь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан