2015-ЖЫЛГА АСТРОТӨЛГӨ

(Башы өткөн санда)

Жыл айланып, мезгил алмашып жаңы жыл кирип келди. Өткөн жылга саресеп салып бүткөн соң жаңырган жылдан күтүлчү нерселерди болжоп турган учурубуз. «Мени кандай жыл күтүп турат, эмнелер болот?» деп ойлоп жатсаңыз, жылдыз белгиңизди окуп, жооп алыңыз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
ЖААЧЫ – ЧЫЧКАН
Жумушта – Аткарган ишиңизге, сүйлөгөн сөзүңүзгө маани берсеңиз, аброюңуз мындан да артышы күтүлөт.
Үйдө – Үй-бүлөдөгү бакубат жашоонун сакталышы сизди курчап турган адамдардан көз каранды.
Каржы – Каржы жаатында ар бир тыйынды эсептегениңиз жөн. Акчаны жумшаарда жети өлчөп, бир кесип, ойлонуп кадам таштаңыз.

ЖААЧЫ – УЙ
Жумушта – Сиздин активдүү болушуңуз карьералык өсүшкө жеткизет.
Үйдө – Бул жылы үй-бүлөдө бакыт кушу колуңузга конот. Түгөйүн кезиктире албай жүргөндөр жеке жашоосунан жагымдуу жаңылык күтө беришсе болот.
Каржы – Каржы жаатында да жемиштүү болот. Бизнес баштоону ойлонуп жатсаңыз, ийгилик сиз тарапта.

ЖААЧЫ – ЖОЛБОРС
Жумушта – Бир учурда эки жумушту алып кетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлсө, андан баш тартпаңыз. Бул менен сиз кошумча каржы булагын таба аласыз.
Үйдө – Абай салып кадам жасасаңыз, үй-бүлөңүздө жагымдуу жагдайлар күтүлөт.
Каржы – Ишкерликти баштасамбы деп ойлоп жүрсөңүз, токтолбостон баштай бериңиз. Капчыгыңыз кампайып, акчадан өксүк болбойсуз.

ЖААЧЫ – КОЁН
Жумушта – Кызмат ордуңуздан жогорулайм десеңиз, жаныңыздагы адамдардын көмөгүнө муктаж болосуз.
Үйдө – Турмушуңуз өйдө-төмөн болуп бушайманга салып келсе, бул жылы калыпка түшөт.
Каржы – Ишкерлик кылсаңыз карасанатай өнөктөштөр, кардарлар, атаандаштар менен мамиле түзбөңүз. Каржы жагынан сизди туңгуюкка калтырышы мүмкүн.

ЖААЧЫ – БАЛЫК
Жумушта – Жалкоолукту карматпай, ишке болгон сүйүүңүздү көрсөтүңүз. Иш билгилигиңизди, тырышчаактыгыңызды жыл бою жоготпоңуз.
Үйдө – Үй-бүлөдө жыл ортосунда көйгөйлөр жаралышы күтүлөт.
Каржы – Өзүңүздүн күчүңүзгө ишенбесеңиз, ара жолдо каласыз. Каржы жаатында көңүл жылытарлык абал күтүлбөйт.

ЖААЧЫ – ЖЫЛАН
Жумушта – Кесиптештериңиз менен мамилеңиз келишпей, атаандаштык күчөшү күтүлөт. Эмоцияңызды көзөмөлдөй билсеңиз, ийгилик кушу сиз тарапта.
Үйдө – Өзүңүздүн бетке чабар адатыңызды калтырбасаңыз, жакындарыңыздын көңүлүн суутуп аласыз. Көп жылдан бери бекемделген достукту бузбайын десеңиз, бул жылы сабырдуу
болуңуз.
Каржы – Өнөктөш менен иш жасоо ийгилик алып келбейт. Бул жылы акчанын артынан кубалабай эле койгонуңуз жакшы.

ЖААЧЫ – ЖЫЛКЫ
Жумушта – Жумушта өзүңүздү алып жүрүүңүз жетекчиликке жагып, март айында кызмат ордуңуздан көтөрүлөсүз.
Үйдө – Романтикалуу мезгил күтүлөт, жагымдуу окуялар, сапарлар орун алат. Ошол күндөрдүн аралыгында түгөйүңүз көзүңүзгө чөп салышы мүмкүн.
Каржы – Каржы жаатында жагымсыз абал жаралат. Бул жылы тобокел кылып көп акча менен иш баштабай койгонуңуз туура. Бирөөгө карызга акча берип же алгандан оолак болууну
жылдыздар сунушташат.

ЖААЧЫ – КОЙ
Жумушта – Ийкемдүү болуп, дипломатиялык талантыңызды колдонуп, ошону менен бирге эле башкалардын пикирине кулак салсаңыз, ишиңизде ийгиликтер артат.
Үйдө – Өзүңүздүн оюңузду туура көрүп, башкалардын оюн эсепке албайм десеңиз, жеке жашооңузга жакшы жаңылык баш бакпайт.
Каржы – Акча жаатында туруктуу абал күтүлөт. Сизден карыз алган кишилер акчаңызды кайтарып беришет.

ЖААЧЫ – МАЙМЫЛ
Жумушта – Бул жылы жумушуңуздан жакшы гана жаңылыктарды күтө бериңиз. Мындан сырткары жогорку кызматтагы адамдар менен мамиле түзүп, сүйлөшүүнүн жолун издеңиз.
Үйдө – Жумуштагыдай жагдай үй-бүлөдө да уланат. Жумуш деп жүрүп үй-бүлөнү экинчи планга калтырып койбоңуз. Алар сиздин көңүл бурууңузга муктаж.
Каржы – Акча бул жылы сиз үчүн ойлончу маселе болбойт. Бирок сарамжалдуу болууну унутпаңыз.

ЖААЧЫ – ТООК
Жумушта – Сиздин жетишерлик ишмердүүлүгүңүз жумуш жаатында ийгиликтерди багынтууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Үйдө – Үй-бүлөңүздө бейпилдик өкүм сүрүп, сизге болгон ишеним бекемделет.
Каржы – Каржы булактар табылып, жашоо турмушуңуз жогорулайт. Короо-жайыңызды кеңейтүүгө шарт түзүлөт.

ЖААЧЫ – ИТ
Жумушта – Өзүңүздү уга билип, ишенимиңизди арттырсаңыз, койгон максаттарыңыз аткарылат.
Үйдө – Жашоодо жарымыңызды күтүп жүрсөңүз, ушул жылы жолугуп калуудан күмөн санабай койсоңуз болот.
Каржы – Материалдык абалыңыз бир калыпта сакталат. Акчадан өксүк болбойсуз.

ЖААЧЫ – ДОҢУЗ
Жумушта – Жумушуңузда олуттуу деле өзгөчөлүк күтүлбөйт. Анткен менен ишиңизге көңүл коюп, абай салганыңыз маанилүү.
Үйдө – Даяр болуңуз, анткени сизди жаңы таанышуулар күтөт. Алардын бирөөсү тагдырлашыңыз болушу ыктымал. Чырдашуулар болуп, жаракат алып калышыңыз дагы мүмкүн.
Каржы – Акча маселеси бул жылы сизди сүйүнтпөйт. Февраль айында алданып калуу же баалуу буюмдарыңызды уурдатуу коркунучу чоң.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
ТЕКЕЧЕР – ЧЫЧКАН
Жумушта – Олуттуу жаңжалдардан алыс болуңуз. Антпесе кесиптештериңиз менен болгон мамилени бузуп аласыз.
Үйдө – Түгөйүңүздү себепсиз кызгана берүүңүз мамилеңиздердин бузулушун шарттайт. Мындай жаман адатыңызды таштабасаңыз, бул жылы үй-бүлөңүздө ажырым болушу мүмкүн.
Каржы – Каржы жаатында маселелер чыгат, эч кимдин жардамысыз оор кырдаалдан чыгып кете аласыз.

ТЕКЕЧЕР – УЙ
Жумушта – Бул жыл сиз үчүн ийгиликтүү болот. Жаңы кызмат ордуна көтөрүлөсүз. Айрымдар окуу жайларга тапшырып билимин жогорулатышат.
Үйдө – Тагдыр чечерлик таанышуулар күтүлүп, түгөйсүздөр жан шериктерине жолугушат.
Каржы – Кандайдыр бир иш баштап чоң акча жумшасаңыз, ал ошончолук пайда алып келет. Андыктан бул жылы кооптонбой иш баштай берсеңиз болот.

ТЕКЕЧЕР – ЖОЛБОРС
Жумушта – Бардык ишти баштоодо чечкиндүүлүгүңүздү көрсөтүңүз. Мындай кадамга барбасаңыз, жумушуңузга тескери таасир тийгизет.
Үйдө – Бул жылы жакын адамдарыңыз менен бирдиктүү болосуз. Көңүл сууткан мамилелер кайрадан жанданат.
Каржы – Адамдардын башын бириктирип, кызматташтыкты жүргүзүү оңтойлуу жол. Ишкерлик жаатында жакшы натыйжа берип, капчыгыңыз кампаят.

ТЕКЕЧЕР – КОЁН
Жумушта – Ички дүйнөңүздөгү ар кыл ойлорду орду-ордуна жайгарып, өзүңүздү колго алыңыз. Көрүнгөндүн пикирин көңүлгө жакын ала берсеңиз, жумушуңузда алыска бара албайсыз.
Үйдө – Үй-бүлөдө ич ара чыр байма-бай кайталанат. Жыл аягында жашоонун жаңы этабы башталат.
Каржы – Күз ченде баштаган бизнесиңиз жемишин аздап берип, жыл аягында капчыгыңызга акча түшө баштайт.

ТЕКЕЧЕР – БАЛЫК
Жумушта – Жаңы адамдар менен таанышып, профессионалдык өсүш жасай турган жыл.
Үйдө – Жакшы маанай, жагымдуу окуялар коштойт. Жай ортосунда өзүңүз көрө элек өлкөгө саякатка чыгасыз.
Каржы – Материалдык жактан аксабайсыз. Бул жыл сиз үчүн пайда табууга ыңгайлуу жыл.

ТЕКЕЧЕР – ЖЫЛАН
Жумушта – Жумушка анчалык берилбеңиз, ден соолукка кедергисин тийгизет. Андыктан жакындарыңыз менен эс алууну унутта калтырбаңыз.
Үйдө – Үй-бүлө ичинде жагымдуу жаңылыктар орун алат. Чыккан маселеге түшүнүү менен мамиле кылсаңыз, чыр-чатактан алыс болосуз.
Каржы – Жыл башында каржы жаатында тартыштыктар жаралат. Күзүндө материалдык жактан колдоо табасыз.

ТЕКЕЧЕР – ЖЫЛКЫ
Жумушта – Жумуш жаатында керектүү сунуштар түшөт. Жаңы адамдар менен таанышуу мүмкүнчүлүгү келсе колдон чыгарбаңыз. Жыл аягында перспективдүү жумушка жайгашуу
мүмкүнчүлүгү бар.
Үйдө – Үй-бүлөдө тынчтык өкүм сүрүп, жакшы кабарлар сизди кубандырат.
Каржы – Бул жылы кандай иш баштасаңыз да ийгилик кушу сиз тарапта.

ТЕКЕЧЕР – КОЙ
Жумушта – Кесиптештердин көңүлүн калтырып, ишеничтен чыгуудан сактаныңыз.
Үйдө – Кызгануу, түгөйүңүздү катуу тескеп-текшерүү, чырлардын аягы ажырашууга алып келиши ыктымал. Андыктан сабырдуу болуңуз.
Каржы – Ашыкча акча корото берсеңиз, жылдын аягында каржы каатчылыгына кабылышыңыз мүмкүн.

ТЕКЕЧЕР – МАЙМЫЛ
Жумушта – Карьералык өсүш анчалык болбойт. Бул жылы сизге бакыт кушу үй-бүлөдө жылмаят.
Үйдө – Үй-бүлөнү кадырлай билиңиз. Жаныңыздын жарымы менен мамилеңизди бекемдеп алыңыз. Бойдоктор кыялданып жүргөн сүйүктүүсүнө кезигип, турмуштан ордуларын табышат.
Каржы – Акчаны сарамжалдуу кармаңыз. Жыл ортосунда керектүү буюм сатып алуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

ТЕКЕЧЕР – ТООК
Жумушта – Максатка жетүү үчүн жакын досторуңуздун көмөгү керек. Жумушта өсүш жасайм десеңиз, бардык адамдар менен сый мамиледе болууну унутпаңыз.
Үйдө – Убакытты үнөмдүү пайдаланып, үй-бүлөңүзгө көңүл бура билиңиз. Үйлөнүүнү пландагандардын күз айларында тилеги ишке ашат.
Каржы – Ишкерликти баштасаңыз ийгиликтүү болот.

ТЕКЕЧЕР – ИТ
Жумушта – Перспективдүү долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Үйдө – Бул жылы үй-бүлөңүз үчүн бейпилдик өкүм сүрөт. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн саны артып, наристе жытын жыттайсыз.
Каржы – Финансылык абалыңыз бир калыпта сакталат. Жылдын аягында муктаж болгон жакындарыңыз акча сурап кайрылышат. Кол сунууну унутпаңыз.

ТЕКЕЧЕР – ДОҢУЗ
Жумушта – Жумуш ордуңузда жетишерлик ийгилик жаралат. Көптөн берки кызматыңыздын жемишин татасыз.
Үйдө – Жыргал турмуш болорунан кам санабаңыз. Күз айлары үй-бүлөңүз үчүн жагымдуу болот.
Каржы – Финансы жактан тобокелчиликке баруудан тартынбаңыз. Бул жыл каржы жагынан жемиштүү болот.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
СУУ КУЯР – ЧЫЧКАН
Жумушта – Бул жылы кесиптештериңиз менен пикир келишпестиктер көп кайталанышы мүмкүн. Сиз өзүңүздүн алысты көрө билген, башкалар уга албаган нерсени уга билгениңиз
менен айырмаланыңыз.
Үйдө – Жыл сиз үчүн жөнөкөй болот. Чечкинсиз жана өзүңүзгө ишенбеген сапатыңыздын аркасында пайдалуу нерселер сизден кыйгач өтөт.
Каржы – Финансылык абалыңызды жакшыртуу өзүңүздөн көз каранды. Аракет кылсаңыз акыбети кайтат.

СУУ КУЯР – УЙ
Жумушта – Ишиңизде дилгир болбосоңуз, кош көңүл мамиле жумушуңузду солгундатат. Кесиптештериңиздин арасында атаандаштык күчөйт. Жумушуңуздан айрылып калуу коркунучу туулат.
Үйдө – Жеке жашоодо да жогорудагыдай эле көрүнүш. Сизге көбүрөөк чечкиндүүлүк менен активдүү болуу зарыл.
Каржы – Ишенимдүү өнөктөштөр менен кызмат алып барыңыз. Арам ойлуу досторуңузга жакындабай эле койгонуңуз туура.

СУУ КУЯР – ЖОЛБОРС
Жумушта – Март айында башка жумушка которуласыз. Сиз кызыгуу арткан жаңы идеялар, ойлор ишке ашат.
Үйдө – Саламаттыгыңызга кам көрүңүз. Анткени ден соолугуңуз бир аз начарлап, мазаңызды кетирет.
Каржы – Жылдын алгачкы эки айы сиз үчүн оор. Акчага муктаждык күчөйт. Эмне кылам деп кол куушуруудан майнап чыкпайт. Бардыгы аракетиңизден көз каранды.

СУУ КУЯР – КОЁН
Жумушта – Бийликтегилердин ишенимине кирип, кызмат ордуңуздан көтөрүлөсүз. Жылдыздар мыйзам чегинде иш алып барып, келечегиңизди ойлошуңузду эскертишет.
Үйдө – Жаз айларында жеке жашооңузда жагымдуу кабар угуп, жашооңуз жаңы нукка түшөт.
Каржы – Материалдык чөйрөгө басым коюңуз. Топтогон тажрыйбаңызды, билимиңизди акча табууга жумшасаңыз, өз жемишин берет.

СУУ КУЯР – БАЛЫК
Жумушта – Профессионалдык жаатта ийгилик жаралат. Кызматтык тепкичке көтөрүлүп лидер болушуңуз күтүлөт.
Үйдө – 2015-жылы сизге бакыт кушу конуп, чыныгы махабатыңызды кезиктиресиз.
Каржы – Жыл башында эки жолдун бирин тандоо мүмкүнчүлүгү жаралат. Албетте, финансылык багытын тайманбастан тандай бериңиз.

СУУ КУЯР – ЖЫЛАН
Жумушта – Сүйүктүү кесиптештериңизге кайрадан кайтып келишиңиз күтүлөт. Мурдагы кызмат ордуңузга эмес, жетекчилик орунга арзып калышыңыз мүмкүн.
Үйдө – Жеке жашоодо көңүл жубаткан учурлар болуп турат. Жылдын аягына чейин жеңиш сиз тарапта болот.
Каржы – Финансылык абалыңыз туруктуу болот. Каржы маселесине байланышкан суроолор быйыл чечилиши күтүлөт.

СУУ КУЯР – ЖЫЛКЫ
Жумушта – Жогорку кызматтагылар менен мамиле күтүңүз. Бул сиздин карьералык ийгилигиңизге түрткү болот.
Үйдө – Август айында махабатыңызды табуу ыктымалы жогору. Жакындарыңыз сиздин жардамыңызга муктаж. Кол сунуудан аянбаңыз.
Каржы – Күзүндө бизнесмендер жаңы долбоорлорго акча жумшай берсе болот. Бул тобокелчиликтин артында тоодой ийгилик бар экенинен күмөн санабаңыз.

СУУ КУЯР – КОЙ
Жумушта – Жыл башынан эле өзүңүздү колго ала албагандыгыңыз жана ашкере өзүмчүлдүгүңүз сизди курчап тургандардын маанайын бузуп, ишиңиздин өнүгүшүнө тескери таасирин тийгизет.
Үйдө – Түгөйлөр мамилени бекем кармоого тийиш. Жыйынтыгы көңүл суутарлык болуп, айрымдар күздүн башталышы менен ажырашууга барышы мүмкүн.
Каржы – Жыл башында капчыгыңыз жукарды деп кейибесеңиз болот. Анын ордун күзүндө толуктайсыз.

СУУ КУЯР – МАЙМЫЛ
Жумушта – Жазында адистигиңизге байланыштуу сизди толкуткан жагымдуу кабар угасыз. Сынактан жеңип, жыйынтыгында узак мөөнөткө келишим түзөсүз.
Үйдө – Короо-жайыңызды оңдоп-түзөөгө, жаңы үй-жай салууга, чарбалык иш кылууга шарт түзүлөт.
Каржы – Жаз айынын башталышы менен финансылык жактан күчтөнөсүз. Жыл бою акча маселеси сизди түйшөлтпөйт.

СУУ КУЯР – ТООК
Жумушта – Кылган ишиңизде так болуп, жүктөлгөн тапшырманы жоопкерчилик менен аткарыңыз. Сизге кесиптештериңиздин арасында себепсиз көө жапкандар чыгат. Аларды өзүңүздүн сабырдуулугуңуз менен жолго салыңыз.
Үйдө – Үй-бүлөңүздү көзөмөлгө алып, аларга атайын убакыт бөлүп туруңуз. Чоң буюм сатып алуу күтүлбөйт.
Каржы – Насыя албай эле койгонуңуз жөн. Бул жылы материалдык байлыкты топтойм десеңиз, финансылык кадамыңызды көзөмөлдөй билиңиз.

СУУ КУЯР – ИТ
Жумушта – Иште, иште, иште! Ушундай ураандын алдында иш алып барсаңыз, жемишин берет.
Үйдө – Туруктуулук күтүлөт. Чет өлкөгө үй-бүлөлүк саякатка чыгуу мүмкүнчүлүгү артат. Күз айларында үй-бүлө мүчөлөрүнүн саны көбөйүп, жагымдуу маанай коштойт.
Каржы – Финансылык абалыңызды бекемдеп алууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн жыл. Ушуга улай эле жашоо шартыңыз мындан да жакшырат.

СУУ КУЯР – ДОҢУЗ
Жумушта – Кол куушуруудан майнап чыкпашын эске алып, кандай гана иш болбосун тырышып, майын чыгара аткарыңыз.
Үйдө – Жакындарыңыз менен бат-бат байланышып туруңуз. Келечексиз жолго түшүп, азгырыктарга ишенип кетпеши үчүн кам көрө билиңиз.
Каржы – Финансылык көз карандылыкты жоюу үчүн сизге темирдей эрк керек. Талбай иштөөнүн артынан үй-бүлөлүк кирешеңизди таба аласыз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
БАЛЫК – ЧЫЧКАН
Жумушта – Жетишерлик ийгилик жаралчу жыл. Бул жылы карьералык секирик жасайсыз.
Үйдө – Жаштарды июль айында романтикалуу окуялар күтөт. Короо-жайыңызды кеңейтүү планы ишке ашат. Айрымдар жаңы салынган үйгө көчүп келишет.
Каржы – Акчаңыз көбөйүп, ишкердүүлүгүңүз артат. Ийгиликтин туу чокусун багынткан күндө жакындарыңызды унутпаңыз.

БАЛЫК – УЙ
Жумушта – Бул жылы жумуш жаатында кесиптештериңизден көңүл калган учурлар жаралат. Бирок өнөктөштөрдөн кол үзбөңүз.
Үйдө – Жаралган көйгөйлөр депрессияга алып келет. Өзүңүздү колго алсаңыз, күз айларында бул кырдаалды жеңип чыга аласыз.
Каржы – Акчаны негизсиз эле корото бербеңиз. Аны эсепсиз колдонгондордо жаз айларында муктаждык жаралат.

БАЛЫК – ЖОЛБОРС
Жумушта – Жумушуңуздан жагымдуу кабар угуп, карьералык өсүш жасайсыз. Чыгармачыл адамдар үчүн бул жыл жемиштүү болот.
Үйдө – Пайданын артынан түшүп кетпей, үй-бүлөнү биринчи планга коюңуз. Жай айларына пландап жаткан ойлоруңуз толугу менен ишке ашып сизди кубандырат.
Каржы – Кандай гана иш баштабаңыз, ал сөзсүз пайда алып келет. Кирешеңиз көбөйөт.

БАЛЫК – КОЁН
Жумушта – Жумушуңузда жаңы жолдор ачылып, ийгиликтерге жетишесиз. Айрымдар өзүнүн чыгармачылык дареметин көрсөтүүгө жетишишет.
Үйдө – Бул жылы бакытка балкып, сүйүүңүздү кезиктиресиз. Көптөн бери көрө элек жакыныңыз менен жолугуп, санааңыз тынчыйт.
Каржы – Жаз-жай мезгилдеринде жеке бизнес ачсаңыз, ал өсүп-өнүгүп, жигердүү пайда алып келет.

БАЛЫК – БАЛЫК
Жумушта – Сиздин алдыга умтулгандыгыңызды, жоопкерчилигиңизди жетекчилик баалап, жогорку кызмат ордун аркалоону сунуштайт.
Үйдө – Сентябрь – жетишкендиктерди майрамдоочу ай. Кызматтык жетишкендиктерге эле куттуктоолорду укпастан, турмуш жолун кургандар да көңүл борборунда болушат.
Каржы – Бизнесте да ийгилик сиз тарапта. Андыктан бул жылы ойлогон пландарыңызды ишке ашырыңыз.

БАЛЫК – ЖЫЛАН
Жумушта – Өткөн жылы жетишпей калган иштериңизди бул жылы аткарасыз. Быйылкы жыл жумуш жаатында сиз үчүн жетишерлик ийгилик алып келет.
Үйдө – Жеке жашооңуз калыбына түшөт. Сүйүктүү адамыңыз менен мамилеңиз жолго коюлат.
Каржы – Жылдын экинчи жарымында кыймылсыз мүлккө ээ болосуз. Шаардан батир же шаардын сырт жагынан үй алышыңыз мүмкүн.

БАЛЫК – ЖЫЛКЫ
Жумушта – Бул жыл чыгармачыл адамдар үчүн жагымдуу болмокчу. Жаңыча ой калчап, мыкты чыгармаларды жарата аласыз. Ичи тарлар сизди пайдаланып кетүүнү көздөшөт. Бирок эмгегиңиз текке кетпейт.
Үйдө – Жалгыз адамдар түгөйлүү болушат.
Каржы – Материалдык байлыктын артынан түшпөй эле койгонуңуз оң. Үй-бүлөлүк кирешенин эсебинен жашаганыңыз туура.

БАЛЫК – КОЙ
Жумушта – Кесиптештериңиздин көңүлүн табуу үчүн болгон аракетиңизди жумшаңыз. Жаңы жумуш ордуна киргендерге сабырдуулук керек.
Үйдө – Жаз айларында жагымдуу жолугушуу күтөт. Чыныгы сезимге кабыласыз.
Каржы – Өткөн жылдары багындырган бийиктиктерге бул жылы жете албайсыз. Финансылык абалыңыз бир калыпта болот.

БАЛЫК – МАЙМЫЛ
Жумушта – Тандоо сизди эки анжы ойго салат. Жарым жылдай эки ортодо болосуз. Жайында жаңы кызматка баруу үчүн ишенимдүү чечим кабыл аласыз.
Үйдө – Жумуштагыдай тандоо үйдө да уланат. Эки жакын адамдын бирин тандай албай шайыңыз кетет.
Каржы – Финансылык абалыңыз олку-солку болушу мүмкүн. Көп өлчөмдөгү акчаны тааныштарыңызга берүүдөн оолак болуңуз. Акчанын айынан пикир келишпестиктер келип чыгышы ыктымал.

БАЛЫК – ТООК
Жумушта – Айрымдар үчүн карьералык ийгилик жаралат. Жаңы дайындоолор болот.
Үйдө – Өзгөчө ден соолугуңузга көңүл бөлүңүз. Айрыкча айымдарга тиешелүү. Жай ортосунда эне болууну кыялданып жаткандар күчтүү, саламаттыгы бекем болуусу шарт.
Каржы – Акча маселеси жыл башында сизди түйшөлтөт. Жай мезгилинде өзүңүзгө керектүү өлчөмдөгү каражатты таба аласыз.

БАЛЫК – ИТ
Жумушта – Карьералык өсүш болоруна ишениңиз. Өзүңүзгө уюштуруучулук милдетти алсаңыз, татыктуу аткарып жетекчиликтин алкоосуна арзыйсыз.
Үйдө – Үй-бүлөңүз жана жакындарыңыз сиздин жакшы ишке орношууңузга багыт берет.
Каржы – Топтоп жүргөн айлыгыңызга бизнес ачууну пландасаңыз, сизге юристтин кызматы жана финансылык кеңеш алып коюу ашыктык кылбайт.

БАЛЫК – ДОҢУЗ
Жумушта – Жоопкерчиликтүү, өз алдынча чечим чыгарууну үйрөнүңүз. Кызмат ордуңузда ушундай сапат сизге жетишпейт.
Үйдө – Үй-бүлөлүүлөрдүн катарын жаңы адамдар толуктоосу күтүлөт. Жалгыз бой адамдар түгөйлүү болушат.
Каржы – Материалдык жактан кубаттуу болосуз. Сизде бизнести кеңейтүүгө, короо-жай салып, жашоо шартты жакшыртууга бул жылы толук мүмкүнчүлүк бар.

Султан Төрөбеков
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
Ledi89
2015-01-05 12:48:19
Канчалык чын жалганын билбедимго, бир Алладан жакшы дууба кылып журсок жакшы журсок баары жакшы болотко дейм.
0
MikeTigr86
2015-01-05 12:56:49
syper.
0
Positive
2015-01-05 20:56:45
бул толгого мен тушунбодум эч мага айтып койгулачы тушунгондор
0
mersedes2013
2015-01-06 02:49:56
Positive, бул жерде биринчи озун зодиак белгиси боюнча кимсин ошону табасын анан кайсы чыгыш календарында торолгонсун ,мисалы зодиак боюнча Эгиздер,жана Ит жылында торолгон,ошондо Эгиздер-Ит болот ,тушундун го деп ойлойм
0
Positive
2015-01-13 02:46:17
mersedes2013, аа тушунгондой болдум окшойт азыр озумкуну окйунчу наркы бетте экен. Рахмат.
0
uliana
2015-01-05 21:08:43
Алдында эмне болоорун бир гана Алла билет жана биз ар дайым жаратканга гана ишенишибиз керек деп ойлойм
0
ilek-ilek88
2015-01-07 16:51:42
uliana, кошуламын сизге.
0
taalai.torkent
2015-01-11 07:02:24
жараткан кудайга гана ишенуу Жана тобо кылуу керек
0
tapkych85
2015-01-11 16:12:23
мен коп ишенбейм бирок окуйберем
0
№ 635, 2-январь-8-январь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан