ПРЕЗИДЕНТ МУСУЛМАНДАРДЫ КУРМАН АЙТ МАЙРАМЫ МЕНЕН КУТТУКТАЙТ

Президент Курманбек Бакиев жалпы кыргызстандык мусулмандарды: “Бул ыйык күндө ак дилимден баарыңыздарга Курман айтты жакшы тосууну, үй-бүлөңүздөргө тынччылык, аманчылыкты, дасторконуңуздарга береке каалаймын. Айтыңыздар маарек болсун!”- деп куттуктады.

Ар бирибизге кадырлуу бул маараке мусулман баласы үчүн ыйык руханий дөөлөттөрдүн туу чокусу болуп саналат. Диний жана улуттар аралык ынтымак, бардык конфессиялар менен улуттардын маданиятын, салттарын урматтоо мамилеси Кыргызстандын гүлдөшүн жана жыргалчылыгын камсыз кылат. Учурдан пайдаланып, Меккеде зыяратта жүргөн мекендештерибиз парзын өтөп, мекенине аман-эсен кайтып келишин тилеймин”,- деди өлкө башчысы куттуктоосунда.


Э.САТЫБАЛДИЕВ БАШКЫ ПРОКУРОРЛУК КЫЗМАТТАН КЕТТИ
23-ноябрда президенттин жардыгы менен Башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев кызматынан бошотулуп, мамлекеттин жалпы күч органдарына көзөмөлчү деңгээлине көтөрүлдү.

Башкы прокурорлуктан бошогон күнү эле Элмурза
Сатыбалдиев
өлкө башчысынын башка бир жарлыгы менен Президенттин Коргоо коопсуздук жана укуктук тартип маселелери боюнча мамлекеттик кеңешчиси болуп дайындалды. Ал эми Башкы прокурорлук кызматка президенттин жардыгы менен буга чейин Акыйкат министринин кызматын аркалап келген Нурлан Турсункулов дайындалды.


ӨКМӨТ КСДПнын ТАЛАБЫН КАНААТТАНДЫРАБЫ?
ЖКнын “Социал-демократтар” фракциясы билдирүү менен чыгып, анда электр энергиясына жана жылуулукка болгон бааларды көтөрүү боюнча өкмөттүн токтомун жокко чыгаруу талабын койду.

Кыргызстандын укуктук-нормативдик актылары тууралуу мыйзамга ылайык, өкмөттүн токтому кабыл алынардан бир ай мурун коомчулукка талкууга коюлууга тийиш. Тарифтер боюнча токтом ал талапты бузуу менен кабыл алынды”,- деп белгиленген билдирүүдө. Ошондой эле “Социал-демократтар” “өкмөт бааларды көтөрүү менен бюджеттин 12 миллиард сом таңсыктыгын элдин эсебинен жабууну жана энергетикалык ишканаларды сатууну көздөп жатат”,- деп билдиришкен.


“АТА МЕКЕН” БИЙЛИКТЕН ЖООП КҮТҮҮДӨ
“Ата Мекен” партиясы: “Электрге жана жылуулукка тарифтерди көтөрүү чечими кайра кайтарылып алынсын”,- деп президентке жана өкмөткө кайрылуу жолдоду.

“Электр энергиясынын жана жылуулук берүүнүн жаңы тарифтик баасын төлөө элге оор келет. Жакырчылык кайрадан күчөйт. Эл буга даяр эмес. Тилекке каршы, бийлик тарап биздин электр энергиясына жана жылуулукка тарифтерди көтөрүү чечими кайра кайтарылып алынсын деген кайрылуубузга көңүл буруп, жооп берише элек”,-деп билдирди аталган партиянын төрагасынын орун басары Дүйшөн Чотонов. “Кайрылууда коомдук уюмдарга, саясий партияларга, жалпы элге өкмөттүн отун-сууга карата учурдагы саясатына каршы турууга чакырык ташталган”,- дейт Дүйшөн мырза.


ЖАШТАР ОШ ШААРЫНЫН МЭРИНЕ КАЙРЫЛУУ ЖОЛДОШТУ
Жаштар кайрылууда Ош шаарынын Дене тарбия, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин жетекчиси З.Аскаровду кызматтан бошотууну өтүнүшкөн.

Кайрылууда айтылгандай, ­6 жыл­дан бери аталган кызматты аркалап келе жаткан З.Аскаров кызматына кайдыгер мамиле жасоодо. “Ал Ош шаарындагы жаштар жана уюмдар менен тыгыз иш алып бара албай жатат. Ошондуктан мындай кызматка жаштардын тартылуусу зарыл”,- деп айтылат кайрылууда. Аталган кайрылууга 56 адам кол койгон.


МАРКУМ ЖУРНАЛИСТТЕРДИ ЭСКЕРИП КУРАН ОКУЛДУ
Кесибинен улам киши колдуу каза тапкан журналисттердин элесине арнап, Токоев Марат жетекчилик кылган “Журналисттер коомдук уюму” куран окутуп, эскерүү кече өткөрдү.

Мындай иш-чара Марат Токоевдин демилгеси менен 26-ноябрда Бишкек шаарында өткөрүлдү. Эскерүү акыркы жылдарда көзү өткөн Эсен Калдаров, Калил Жамгырчиев, Жыргалбек Шабданов, Алишер Саипов, Алмаз Ташиев, Эркин Кожогелдиев жана башка жоон топ журналисттерге арналды.
Калемдештерин эскерүүгө аттуу-баштуу журналисттерден тарта катардагы жаш журналисттерге чейин катышышты.
Бул эскерүүнүн өтүшүнө “Internews”, “ММКларды колдоо борбору” фонду жана Медиа өкүлчүлүк институту колдоо көрсөттү.


МАС АБАЛЫНДА МАШИНА АЙДАГАНДАРГА ЖАЗА КҮЧӨТҮЛӨТ
ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча башкы башкармалыгы жакынкы күндөрдө мас абалында автоунаа айдагандар үчүн жазанын күчөтүлөрүн билдирет.

Алсак, администрациялык айыптардын суммасы гана көбөйбөстөн, автоунааны башкаруу укугунан ажыратуу мөөнөттөрү узарат. “Мас абалда автоунаа айдап жүрүп, бир канча ирет кармалган айдоочуларды айдоочулук укуктан биротоло ажыратуу эрежесин киргизүү да пландаштырылып жатат”,- деп билдиришет жол кыймылынын сакчылары.


БИШКЕК-ОШ КАН ЖОЛУНДА “ТЕЗ ЖАРДАМ” ПУНКТУ АЧЫЛДЫ
25-ноябрда “Бишкек-Ош” кан жолунун 144-чакырымындагы Суусамыр айылында жалпы медициналык “Тез жардам” борбору ачылды.

“Аталган борборго бюджеттен 9 миллион сом бөлүнгөн. Мындай пунктту куруу жол кырсыгынан жаракат алган жүргүнчүлөргө медициналык шашылыш жардам көрсөтүү максатында ишке ашырылган”,- деп билдирди Саламаттыкты сактоо министри М.Мамбетов.


КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЧЕК АРАЧЫЛАРЫ ЖОЛУГУШТУ
Кыргызстан менен Өзбекстандын Чек ара кызматы айрым аймактарды биргелешип кайтаруу боюнча атайын ыкманы иштеп чыгууну көздөшөт.

Пландалып жаткан иш-чара тууралуу КРнын Чек ара кызматынын төрага орун басары Чолпонбек Турсунбеков маалымат берди. Анын айтымында, бул маселелер боюнча эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын жетекчилери 20-ноябрда Ош шаарында жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Эки өлкөнүн чек арачыларынын ушул жылдын соңунан тарта кээ бир чек ара участокторунда биргелешип күзөткө чыгышы күтүлүүдө. Алар жыйында маалымат алмашуу, чек ара коопсуздугун камсыздоо боюнча да сүйлөшүштү.


ДОСБОЛ АКЕ – РЕКТОР
2005-жылдан бери үлкөн кызматтарды аркалап келе жаткан, жакында эле мамкатчылык кызматы жоюлуп кетип жумушсуз калган Досбол Нур уулу кайрадан “креслого” ээ болду.

Кыргызстандын мурдагы мамлекеттик катчысы Нур уулу Досбол 26-ноябрь күнү президент Курманбек Бакиевдин жарлыгы менен Кыргыз улуттук университетинин ректору болуп дайындалды.
Ошол эле күнү жаңы ректорду КУУнун эмгек жамаатына өкмөт башчы Данияр Үсөнов тааныштырды.


ЭЛЕКТР ЖАНА ЖЫЛУУЛУК ЭМИ КАНЧА ТУРАТ?

Айбек Кочкоров
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 369, 27-ноябрь - 3-декабрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан